АКШ элчилиги: Виза үчүн ортомчуларга эмес, элчиликке кайрылуу маанилүү

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Соната Коултер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соната Коултер

2020-жылы АКШ коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдөгү 140 өлкөдөн Тынчтык корпусунун ыктыярчыларын эвакуациялап, уюмдун ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учураган. Дээрлик 2,5 жылдан кийин Тынчтык корпусунун он ыктыярчысы Кыргызстанга келип, ант беришти.

Иш-чарага Кыргызстандагы АКШ элчисинин милдетин аткарган убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев да катышты.

Би-Би-Си АКШ элчилигинин ишенимдүү өкүлү Соната Коултер менен маек курду. Биз Коултер менен Кыргызстан жана АКШнын мамилелери, жумушчу орундар жана виза маселесине токтолдук.

Би-Би-Си: Дүйнөдөгү кырдаалды эске алып, АКШ тышкы саясат программаларында Кыргызстанга канчалык маани берет?

Соната Коултер: Кыргызстан АКШнын абдан маанилүү өнөктөшү. Ал эми бүгүнкү Тынчтык корпусундагы ыктыярчылардын ант берүү аземи АКШнын Кыргыз Республикасындагы ошол маанилүү орду бар экенин көргөзгөн эң сонун мисалы деп ойлойм. Кыргыз Республикасы Тынчтык корпусунун ыктыярчыларын кайрадан кабыл алган дүйнөдөгү эң биринчи мамлекеттердин бири экенин сыймыктануу менен айта алам. Биздин тарыхыбызда АКШ Кыргыз Республикасына 1200дөн ашык ыктыярчыларды жиберген. Жалпылап айтсак, алар Кыргызстандын элине 2000 жылга тете убакыт кызмат кылышты. Менимче, бул - АКШ буга маани берип жаткандыгынын ачык белгиси.

Тынчтык корпусу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 4-августта Тынчтык корпусунун 10 ыктыярчысы ант берди

Би-Би-Си: Кыргызстан-АКШ алакасында кайсы тармактарга көңүл бурулат?

Соната Коултер: Кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр чындап эле чексиз. Мен бир нечесин белгилей кетейин: Кыргызстандын экономикасына чыгармачыл колдоо көрсөтүүнү кеңейтүү, климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу багытында биргелешип иштөө жана англис тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Тынчтык корпусунун бул жерде жүргөнүн дагы бир жолу белгилей кетсем. Алар бүтүндөй өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын элине англис тилин окутууну кеңейтүү ишин алып барышат. Бул Кыргызстан үчүн приоритетке ээ жана АКШ өнөктөш экенине сыймыктанат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Соңку маалыматтарга таянсак, Кыргызстан менен АКШнын соода алакасы 150 млн. долларга чамалайт. Басымдуусун АКШдан импорт түзөт. Салыштырып көрсөк, Кыргызстан менен Орусиянын товар жүгүртүүсү 1,5 млрд долларга жакын. Эмне үчүн АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы соода-сатык абдан аз?

Соната Коултер: Ооба, бирок мен сиздин сурооңузга толук макул эмесмин. Дүң товар соодасы төмөн экендиги чын. Бирок белгилей кетчү нерсе, келечек мында эмес!

Кыргыз Республикасынын келечеги санарип экономикада, ал эми АКШ чынында Кыргызстандын IT тармагы үчүн эң ири экспорт рыногу. АКШ Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын экспортунун 40 пайызын алып турат - бул абдан кубандырат. АКШ Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө ар кандай колдоо көрсөтөт, анын ичинде англис тилин окутууну кеңейтүү да бар. Анткени англис тилин билүү Кыргызстандын элине жумушка орношууга кошумча мүмкүнчүлүк түзүп жатканы жашыруун эмес. Бул жогорураак маяна алууга шарт түзөт жана ошондой эле өлкө экономикасынын ар түрдүү тармактарын колдоого жардам берет. Ал салттуу соода өнөктөштөрүнөн тышкары да багыттарды ачат. Демек, биздин финансы жана экономика байланыштарыбыз үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Би-Би-Си: Демек АКШ дүң соодага караганда көбүрөөк адам ресурстарына көңүл бурабы?

Соната Коултер: Кыргыз өкмөтү айткандай, Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн өкмөт жергиликтүү экономиканы креативдүү өнүктүрүүгө артыкчылык берүү багытын аныктады. Бул жаатта АКШ ар дайым өнөктөш болуп, Кыргызстандын IT-кызматтары экспорттолгон ири базар болуп саналат. Дагы бир жолу белгилейм, географиялык жактан Кыргыз Республикасы менен АКШ бири-биринен алыс жайгашканы эч кимге жашыруун эмес. Бирок санарип экономикасында биз жакын кошунабыз.

Жогорку технологиялар паркы

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсеси 2019-жылы ачылган

Би-Би-Си: Кыргызстан менен Улуу Британиянын өкмөттөрү макулдашууга кол коюп, анын жардамы менен миңдеген кыргызстандык Британияга сезондук жумушка барды. Ушундай эле кызматташууну АКШ менен түзүүгө болобу, болсо кандай шартта?

Соната Коултер: Биринчиден, АКШ кыргызстандыктар Кыргыз Республикасында эле кала берүүсү үчүн жетиштүү жумуш орундарын түзүү боюнча бардык аракеттерди колдойт. АКШ англис тилин үйрөнүүгө, IT-квалификациясын алууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип жатат. АКШ Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн көптөн бери колдоп келген. Эң негизгиси, биз бул жерде жетиштүү жумуш орундары түзүлүшүн каалайбыз. Элчиликтин экономикалык жана коммерциялык өнөктөштөр менен иштешкен эбактан берки салты бар. Биз америкалык компанияларга маалымат берип турууну уланта беребиз. Ошондо алар бул жерде кандай кесиптеги жумушчу, кандай кесипкөй өнөктөш тапса болоорун билип турушат.

Би-Би-Си: Учурда көптөгөн ортомчу компаниялар АКШга виза алып берүү кызматтарын сунуштап жатышат, аларга ишенсе болот?

Соната Коултер: Бул сурооңуз үчүн чоң рахмат, суроо аябай жакты! Анткени АКШга барууга кызыккандардын баарына айта турган негизги билдирүүм – Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин сайтын караңыз. Көптөгөн компания онлайн форманы толтуруу үчүн акы алат, аны ар бир адам компанияларга тейлөө акысын төлөбөстөн өздөрү толтура алат. Андыктан сураныч, биринчи АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин сайтына кириңиз. Ал эми суроо болсо, элчиликтин консультация бөлүмүнө байланышып, ошол жакка кайрылсаңыз болот.

Маалымат үчүн: 1961-жылдын 1-мартында америкалык президент Жон Кеннеди өзүнүн жарлыгы менен Тынчтык корпусун түзгөн. Ошол убакыттан бери 220 миңден ашуун америкалык 140 кабыл алуучу өлкөдөгү мектептерде англис тилин үйрөтүү боюнча иштеди. Тынчтык корпусунда кызмат өтөө 27 айга созулат. Бул иштин миссиясы бүткүл дүйнө боюнча тынчтыкты, достукту жана америкалыктар менен башка өлкөлөрдүн жашоочуларынын ортосундагы түшүнүүнү жакшыртуу болуп саналат деп белгиленген.

Соната Коултер менен маектин видеосун биздин социалдык баракчаларыбыздан көрүңүз: