Айылда туруп АКШдан акча тапса болот: Алтынбектен болочок программисттерге кеңеш

Алтынбек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алтынбек Усенбеков

Менин атым Алтынбек, Кыргызстандын тоолуу Нарын шаарынан болом. Убагында Түркияда программист катары тажрыйба топтоп, он жыл мурун өзүмдүн мекениме келдим. Учурда сырттан жана өзүбүздүн Кыргызстандан долбоорлорду алып иштеп жатам.

Программисттик кесипти өздөштүрөм деген окуучулар, студенттер үчүн кереги тийип калабы деген ойдо бул кесиптин артыкчылык жана кемчиликтери жөнүндө чечмелеп бергим келди. Сиз кунт коюп окуган бул баянды Нарында туруп чет өлкөгө долбоор жазып, кофе ууртаганча жаздым. Балким, сизге дагы көмөгү тийип калаар.

Баса, алдын ала белгилей кетчү нерсе - ар бир киши үчүн жагдай ар башка болгондуктан айтайын деген сунуштарымдын төп келбей калган жактары дагы болушу мүмкүн.

компьютер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Он же элүү жашта болобу, кызбы же эркекпи, математикага "тиши өтөбү же өтпөйбү" айырмасы жок, каалаган киши үйрөнө алат

Сөздү бул кесиптин артыкчылыктарынан баштасак:

  • Дүйнө жүзүндөгү тенденция бизде да бар. Программисттер Кыргызстанда дагы жакшы киреше тапкандардын катарына кирет. Мисалы, бизде жаңы иштей баштагандар 300-400$ айлык алышса ал эми тажрыйбалуу программисттер 1000-2500$ табышат. Сыртка иштеп андан да көп тапкандар бар.
  • Географиялык чектөө деген жок. Кыргызстанда жашап, бирок, сыртка иштеп ошол жактын айлыгына жакын каражатты тапса болот. Мисалы, айылда жашап бирок Нью-Йорк же Берлиндегидей маяна алуу мүмкүн. Бул татаал, бирок, толук мүмкүн.
  • Эгер фрилансер болуп иштей турган болсоңуз көбүнчө саатына төлөшөт. Ошондуктан күнүнө канча сааттан иштей турганыңызды өзүңүз чечсеңиз болот. Мисалы саатына 25$ деп сүйлөшкөн болсоңуз, күнүнө 5 эле саат иштеп, айына 2500$ тегерегинде тапсам жетет деп ийкемдүү график түзүп алууга мүмкүн.
  • Эгер жогорку окуу жайына окууга же курстарга барууга мүмкүнчүлүк жоктугуна карабай интернет булактарын колдонуп үйрөнүүгө толук мүмкүн. Ал үчүн бекем эркиңиз, өзүңүзгө катуу талап жана сабыр керек.
  • Он же элүү жашта болобу, кызбы же эркекпи, математикага "тиши өтөбү же өтпөйбү" айырмасы жок, каалаган киши үйрөнө алат. Үйрөнүүгө канчалык убакыт бөлгөнүңүзгө жараша. Мисалы, бирөө төрт айда үйрөнсө экинчиси сегиз айда үйрөнүшү мүмкүн.
  • Жумуш оорундары көп. Жыл сайын программисттер көбөйгөнү менен бул тармакта иш орундары андан дагы ылдам көбөйүүдө. Ушуга чейин иш издеген күндөрүмдү топтоп келсем көп болсо эки жума болот. Ал эми убактым болбогондуктан кээ бир кызыктуу долборлорду четке какканга туура келген учурлар дагы болгон. Бул сунуштардын арбын экенинен кабар берет.
  • Акча табуунун көптөгөн жолдору бар. Мисал катары айта кетсек: туруктуу айлык маянага иштөө, ийкемдүү график менен фрилансер болуп иштөө, мобилдик тиркемелерди жазап сатуу, өзүңдүн стартапыңды иштетүү жана башка ушул сыяктуу акча табуу булактары бар.

Программисттер жетишпегендиктенби билбейм, айтор компаниялар өзүлөрү: "Сиздин профиль биздин ушундай ваканцияга туура келип жатат, кызыкпайт белеңиз?",- деген сыяктуу каттарды да жолдоп турушат.

окуучулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Минималдык англисче керек болгону менен азыркы учурда үйрөнүш үчүн англис тилин казып окуунун кажети жок. Орус тилиндеги булактар жетишээрлик. Бирок англисче билсеңиз андан дагы көп каалгалар ачылып, андан да мыкты сунуштар күтүп алат.

Эгер Кыргызстанда программист болсоңуз, чет өлкөгө барып иштөө үчүн жаңыдан билим алыштын кереги жок. Программист - баардык жакта ошондой эле программист.

Диплом кээ бир жерде абдан керек болгону менен, бул кесипте жумушка алып жаткан компания дипломуңдун бар же жогуна маани бербейт. Алар үчүн сиздин тажрыйбаңыз, жөндөмүңүз маанилүү. Жеке менин мисалымда, ушунча жылдын ичинде бирөө дагы менден диплом сураган эмес, бирок, алар эмнелерди даярдаганыма абдан көңүл бурушкан.

Жакшы программисттер негизи эле жетишпейт. Чоң компаниялар андай программисттерди өзүнө алыш үчүн көп аракет кылышат. Жумушчуларына эң сонун шарттарды түзүп беришет.

Аралыктан туруп иштөөгө жүз пайыз мүмкүнчүлүк бар. Ковид учурунда жумуш жагынан эң аз жабыркагандардын катарында программисттер турат.

компьютерде олтурган бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сырттан иш алуу толук мүмкүн, бирок, башында оор болот. Өжөрлүк жана сабырдуулук керек

Эми кемчиликтерине токтоло кетели:

Кыргызстанда туруп чет өлкөдөгү бир компанияга иштеш үчүн ошол жактын сааты менен иштегенге туура келиши мүмкүн. Мисалы, бир мезгилде түштөн кийинки саат экиден баштап кечки онго чейин иштеген учурум болгон. Бирок бир четинен түшкө чейин башка жумуштарымды бүтүрүп алганга жакшы мүмкүнчүлүк болот эле. Ошондой эле мисалы АКШнын сааты менен иштей турган болсо түнү менен иштегенге туура келиши мүмкүн. Ортодо бир нече саат айырмачылыктар чыгат.

Сырттан иш алуу толук мүмкүн, бирок, башында оор болот. Өжөрлүк жана сабырдуулук керек.

  • Монитордун маңдайында көп сааттар бою отуруп иштегенге туура келгeндиктен көз кызаруусу жана бел оорусу сыяктуу нерселерге дуушар болушу мүмкүн. Андай болбошу үчүн көбүрөөк кыймылдап, көздү улам-улам эсалдырып туруу зарыл.
  • Программист болуп иштеп кетүү башында оор болушу мүмкүн. Жакшы акча таба башташ үчүн көп нерсе үйрөнүп, көптөгөн тажрыйба топтош керек. Далай кулап, далай туруп ана гана чуркап кеткен ийгиликтүүлөрдү унутпаңыз.
  • Азыркы учурда орус тилиндеги булактарды эле колдонуп үйрөнсө болгону менен минималдуу англисче билүү зарыл. Ошондой эле бул багытта өзүмдү өнүктүрөм жана жакшыраак акча табам десеңиз англисчени жакшы билүү шарт. Демек, түйшүктүү. Бирок, анын бардыгы өзүңүзгө пайда.
  • Жакшы жана кызыктуу долбоорлордо иштеш үчүн ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүүгө ачык болушуңуз керек.
компьютер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Биздин Кыргызстандыктар ушул кесипти өздөштүрүүгө көбү кызыга башташын каалайт элем. Бул кесип жакшы айлык маяна сунуштагандан тышкары, бизде канчалык программист көп болсо, Кыргызстанда туруп дүйнөгө бизнес кылгандар дагы ошончолук көп болот деп ишенем. Бир онлайн бизнес же стартап кылыш үчүн география өтө деле маанилүү эмес, ал эми бир дүйнөлүк стартап бир канча миллиондон тартып бир канча миллиард алып келе алат. Биздин кичинекей Кыргызстанда мындай стартаптар өлкөбүздүн өнүгүүсүнө абдан түрткү болмок деп ишенем. Канчалык көп болсок, ошончолук сапат, ошончолук мыкты атаандаштык жана чөйрө түзүлөт.

Алтынбек Усенбеков, Нарын шаары

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.