ЖАМК: Кумарбек Абдыров 21-тергөө абагында асынып каза болду

Сүрөттүн булагы, social media)
Шектүү Кумарбек Абдыров абактагы бөлмөнүн ички тор эшинине шымына асынган абалда табылды. Окуя 2026-жылдын 7-февралында саат 12:30 чамасында болгон. Ал Бишкек шаарындагы №21 мекемеде (СИЗО-1) камалып турган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди. Маалыматта мекеменин дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөткөнүнө карабастан, ал ошол жерде каза болгону айтылат.
"Окуя болгон жерге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө-ыкчам тобу жана прокуратура өкүлдөрү барып, тиешелүү иш кагаздары чогултулуп, окуя маалымат эсеп журналына катталды. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Кумарбек Абдыров 2025-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайнынан 1-СИЗОго которулган.
Биринчи Май райондук соту 2026-жылдын 26-январында анын бөгөт чарасын 29-мартка чейин узарткан.
Былтыр 30-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан тапканын кабарлаган.
Милиция шектүү катары тоноо, адам өлтүрүүгө аракет жасоо, киши өлтүрүү, адам уурдоо, каракчылык айыбы боюнча мурда соттолгон 41 жаштагы Кумарбек Абдыров аттуу жаранды кармаган. Алдын ала сурак учурунда ал кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн мойнуна алган.
Кийинчерээк Айсулуунун өлтүрдү делген жаран жалпысынан жети кылмыш иши боюнча шектелип жатканы кабарланган.
Маалыматка караганда, төрт кыз зордукталып өлтүрүлгөн, эки кыз аман калган, дагы бир кыздын жагдайы белгисиз болгон.
Кеп болгон курмандыктардын арасында 2014-жылы 10-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, алты күндөн кийин Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылында сөөгү табылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева да бар экени айтылган.
































