Америка мектептерде телефонго текши тыюу салууда
Ана Фэги, Лора Блейзи и Риган Моррис
BBC News, Вашингтон жана Лос-Анджелес

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орто мектептин мугалими Нэнси Стрэйт балдардын алдында смартфон менен атаандашуу кыйын экенин түшүнүп турат.
Бирок эне катары ал мындай гаджеттер өзгөчө кырдаалда керек экенин билет.
«Негизинен ата-энелер чалат»,-дейт ал. Анын айтымында класста телефонду пайдаланууга уруксат бербесе дагы көп окуучулар бул эрежеге карабайт.
Стрэйт сабак берген Лос-Анжелестеги мектеп округу - көлөмү боюнча өлкөдөгү экинчи - ушул аптада смартфонду колдонууга тыюу салган акыркы субъект болуп калды.
Бул күчөп жаткан тенденциянын көрүнүшү. АКШда барган сайын балдардын смартфондорго көз карандылыгын кантип токтотуу жөнүндө баш катырган штаттар менен мектептер көбөйүүдө.
АКШдагы эл эң жыш жайшаган Нью-Йорк менен Калифорния штаттары бул маселе боюнча жаңы жалпы мамлекеттик саясатты карап баштады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ушул аптада Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом класстарда смартфонду пайдаланууга тыюу салууга чакырып, мыйзамчылар менен бул саясаттын үстүндө иштей турганын билдирди. Нью-Йоркто губернатор Кэти Хоукул дагы ушундай мыйзам керек деп жатат.
Ушул жазда Индиананын губернатору класстарда сабак убагында мобилдүү телефонду колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койгон.
Бул азыр эле болуп жаткан иш эмес, мектептерде смартфондорду колдонуу тартибин күчөтүү тууралуу талаш-талкуулар көптөн бери болуп келатат. Коом ичинде пандемиядан кийин балдардын психикалык саламаттыгы боюнча кабатыр маанай күчөдү.
АКШнын көпчүлүк мектептеринде телефон байланышы боюнча туруктуу саясат бар. АКШнын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча мектептердин 76% 2021-2022-окуу жылында смартфондорду окуудан башка максатка колдонууга тыюу салышкан.
Эми соңку аракеттер бул процесстин андан ары өнүгүп жатканын көрсөтөт.
Лос-Анжелес мектебинин алтынчы классынын мугалими Рафаэла Ходжес, балдар телефон менен сүйлөшкөн учурдагы драмалык маанайды байкаган.
«Алар өзүн начар сезгенде телефонду колго алышат», — дейт ал Би-Би-Сиге.
Бул ошондой эле өлкөдөгү эки ири партияны бирдей бушайман кылган проблема: штаттардагы республикачылдар жана демократтар көзөмөлдөгөн мыйзамчылар дагы бул маселеде бир багытта иштеп жаткан чагы.
Өткөн жылы Флорида мектеп округдарынан класстарда телефонду колдонууга тыюу салууну талап кылып, мыйзам кабыл алган жана мектептеги Wi-Fi аркылуу социалдык тармактарга кирүүгө бөгөт койгон.
Мыйзам боюнча мектептер социалдык тармактардын социалдык, эмоционалдык жана физикалык таасирин эске алып окутууга тийиш.
Штаттардагы өзүнчө округдар, анын ичинде Мэн менен Виржиния телефондорду колдонууга катаң чараларды киргизүүдө. Канаданын Онтарио же Альберта сыяктуу провинцияларында да ушундай эреже бар.
Бүтпөгөн талаш-талкуулар
Мектептерде телефондорду колдонуудан чыккан кооптуу маанай көптөн бери болуп келататат. Бирок талаш-талкуу көп болгон менен, мунасасы аз болду.
1980-жылдардын башынан тартып эле АКШда телефондорду класстарда колдонууга тыюу салуу аракеттери болгон.
Эң алгачкы сынчылар телефондор окуучуларды сабактан алаксытат жана баңгизат саткандар менен байланыштырат деп каршы болушкан.
1989-жылы Колорадодо «Колумбайн» мектебинде атышуу болуп, 13 адам өлгөн окуя кээ бир ата-энелерди телефонду өзгөчө кырдаалда балдар менен маанилүү байланыштын маанилүү каражаты катары кароого аргасыз кылды. Калифорния сыяктуу штаттар эрежелерди жумшартып, 2002-жылы телефонду колдонууга тыюуну алып салышты.
Кийин мектепте балдар телефонго алаксыганы күчөп, кибер коркутууларга кабылып, тапшырмаларды көчүрүүгө көп колдоно баштаганда талаш-талкуулар кайра жанданды.
Социалдык тармактар жана окуучулардын писхикалык саламаттыгы
Эксперттер окуучулардын социалдык тармактарды колдонгондо психикасы бузулат деп кооптоно баштаганда талкуунун жаңы толкуну көтөрүлдү.
Дүйшөмбүдө Американын саламаттык сактоо тармагынын эң жогорку кызмат адамдарынын бири социалдык тармактарда тамеки жазылгандай эскертүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Башкы хирург Вивек Мурти социалдык тармактар балдарда стресс менен депрессиянын симптомдорунун пайда болушун күчөтөт деп жатат, бирок бул темага арналган изилдөөлөр ар кандай.
«Балдар окууга гана көңүл бурбай, бир эле учурда телефондорунан баш көтөрбөй, досторуна кат жазып же социалдык тармактардагы билдирүүлөргө жооп берип, жаңылыктардын лентасын барактаган кырдаал түзүлдү»,-дейт Мурти.
«Ушунун айынан окууда эле кыйынчылыктар болбостон, мектепте мамиле күтүү да кыйын болуп баратат».
Социалдык тармактарда күнүгө үч сааттан ашык отурган өспүрүмдөр психикалык саламаттык көйгөйлөрүнө көп кабылаарын 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Оор проблема"
Мектептер тарыхта башынан бери эле коопсуздук менен чектөөлөрдүн ортосунда баланс издеп келишти.
Мектептердин Улуттук коопсуздук кызматынын президенти Кен Трамп коомчулук бекем мунаса тапмайынча бул саясат иштебейт дейт.
«Бул ортостатистикалык ата-эне же алыстан караган башка адам ойлогондон да оор проблема»,-деди Трамп.
Шейшембиде Лос-Анжелесте башкармалыктын мүчөлөрү смартфондорго келерки жылга чейин тыюу киргизүү үчүн добуш беришти. Бирок бул саясат кандай иштейт, али белгисиз.
Лос-Анжелестеги 18 жаштагы окуучу Алисса мектептеги окуусун смартфонсуз элестете албасын айтты.
«Биздин кампустар аябай чоң – анын баарына ким жетишип көз салмак эле», – дейт ал. «Эч кимге көрүнбөй бара турган жай толтура». (МА)












