Өкмөт Орусиянын энергетика министрлиги менен жолугушууга Алексей Ширшов катышканын ырастады

Жыйын

Сүрөттүн булагы, Social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алексей Ширшов (солдон биринчи)
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын Министрлер кабинети "Жогорку Нарын ГЭС каскады" боюнча Орусия менен болгон сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшов катышканын ырастады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевге шилтеме берип "Азаттык" жазды.

Амангелдиев муну, Ширшов долбоордун майда-чүйдөсүнө чейин биле турганы менен түшүндүргөн.

Анын айтымында, Ширшов буга чейин "ЭлКат" ишканасын мамлекетке кайтарууга жардам берген. Ошондой эле Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекеттин менчигине өткөрүү иштерине да көмөк көрсөтүп жатканы айтылган.

Мындан тышкары, Алексей Ширшов Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров менен да иштешкенин билдирген.

"Жогорку Нарын ГЭС каскады" боюнча келишимди Кыргызстан бир тараптуу бузган. Орусия тарап эл аралык сотко берип, Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 млн доллар болчу. Туумдары менен 54 млн долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов проектти майда-чүйдөсүнө чейин билет",- деген ал.

Данияр Амангелдиев Ширшов маселени чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын, бирок өкмөттө иштебей турганын кошумчалаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган делегация Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, "Жогорку Нарын ГЭС каскады" боюнча долбоордун келечегин талкуулаган.

Жолугушууда Данияр Амангелдиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана башка делегация мүчөлөрү менен катар отурган Алексей Ширшовдун сүрөтү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Сүрөттөр жана маалымат алгач Орусиянын Энергетика министрлигинин расмий сайтына жарыяланган. Кийинчерээк бул сүрөттөр сайттан өчүрүлүп салынган.

Алексей Ширшов ким?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алексей Ширшовдун ысымы Кыргызстандын сасий жана энергетикалык чөйрөсү менен тыгыз байланышкан.

Ал мурдагы президенттер Аскар Акаевдин уулу Айлар Акаев жана Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен үзөңгүлөшү болгону айтылып жүрөт.

2010-жылга чейин өлкөнүн энергетика тармагында "көмүскө кардинал" катары белгилүү болуп, негизги чечимдерге таасир эткен делинип келет.

Ширшов 2007-жылдын декабрь айына чейин "Электр станциялары" ишканасынын каржы маселелери боюнча директору, 2010-жылга чейин "Дастандын" башчысы болгон.

2010-жылы апрель окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жана ага издөө жарыяланган.

2022-жылы УКМК Ширшовду Ысык-Көлдөгү "Аврора Плюс" эс алуучу жайындагы мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кармаган.

Тергөө маалыматтарына ылайык, 56 батир жана 27 коттежи мыйзамсыз менчиктештирилген, ал схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары каралган.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Президент Садыр Жапаров Facebook баракчасында Ширшовду үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берип, аны менен байланышуу пайдалуу экенин айткан.

Ширшов жардамчылары аркылуу ага байланышып, Максим Бакиевге тиешелүү 200 миллион долларлык банкты таап, аларды Кыргызстанга кайтарууга жардам берүү ниетин билдирген.

Ошондой эле 2010-жылы Ширшовго карата кылмыш иши козголбогону жана ал издөөдө эместиги тиешелүү органдар тарабынан тастыкталганы белгиленген.

Деген менен оппозициялык саясатчылар Бакиевдин маалында өлкөнүн энергетика тармагында "Ширшовдун коррупциялык схемалары" пайда болгонун айтып жүрүшөт.

Мындан сырткары, Алексей Ширшов электр энергиясын "өлүү жандарга" жаздыруу жана тендерлерди "өз кишилерине" утуп берүү схемаларынын автору экени айтылган.