Ирандын Израилге чабуулунан ким утту да, ким утулду?

Израил менен Ирандын кастыгы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Махмуд Элнаггар, Би-Би-Си Араб кызматы

"Ирандын пайдасына тең чыгуу». Кээ бир аналитиктер Ирандын Израилдин аймагына жасаган биринчи ракеталык түз чабуулдун жыйынтыгын так ушундай мүнөздөшүүдө.

Израилдин коргоо күчтөрү Тегеран ишемби күнү кечинде Израилди 300дөн ашуун учкучсуз учактар жана ракеталар менен аткылаганын билдирди.

Иран муну 1-апрелдеги "Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна жасаган чабуулуна жооп" деп атап, абадан чабуул өз "максатына жеткенин" түшүндүрдү.

Иран консулдукка кол салуу жоопсуз калбасын дароо жарыялап, кошумча түрдө бул катаал болорун эскерткен. Ошол кол салууда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жети мүчөсү жана Сириянын алты жараны набыт болгон эле.

Ырас, Израил кол салууга тиешеси бардыгын расмий ырастаган эмес, бирок дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдар бул анын иши экенине бөркүндөй ишенет.

Иран Израилге 300дөн ашуун учкучсуз учактар менен ракеталарды учурду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран Израилге 300дөн ашуун учкучсуз учактар менен ракеталар менен сокку урду

Жеңиштер жана жоготуулар

Иран Израилге кол салуу ийгиликтүү болгонун жарыялады.

Бирок бул сөзгө баары эле кошула бербейт. Маселен, Лондондогу араб-иран изилдөөлөр борборунун директору Али Нури Заде Иран бул чабуул менен бир дагы упай ала алган жок деп эсептейт.

Анын айтымында, Тегерандын чабуулу ирандык режимдин алсыздыгын көрсөттү, анткени Израилдин аймагындагы бир дагы стратегиялык бутага сокку урулган эмес.

Мындай ишенимсиз жыйынтык Ирандын өзүндө да айрым жарандардын шылдыңына кабылды. Нури Заденин ишениминде, эгер Тегеран көп жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан “психологиялык согушун” улантканда, мындан көбүрөөк жыйынтыкка жетишмек.

Иран ушул жылдын 1-апрелинде Дамасктын консулдугуна жасаган (кыйраган үй оң жакта) аба соккусу үчүн Израилди айыптады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран ушул жылдын 1-апрелинде Дамасктын консулдугуна жасалган (кыйраган үй оң жакта) аба чабуулу үчүн Израилди айыптады
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок буга карама-каршы көз караш да бар. Тель-Авив университетинин Моше Даян борборунун Жакынкы Чыгыш боюнча адиси, доктор Эрик Рундскийдин айтымында, бул каршылашууда Израил жеңилди, анткени ал согуштук жогорку даярдык кырдаалын жарыялоого аргасыз болгон. Анын айтымында, бул көптөгөн израилдиктерди абдан чочуткан, алар келечекте да ушундай чабуулдар кайталанат деп чочулашкан.

Али Нури Заденин айтымында, Ирандын кол салуусунун мизин кайтарган чабуул Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун күчүн бекемдеди, Газада уланып жаткан согуштан улам АКШ жана көптөгөн батыш өлкөлөрүнүн алдында кыйла начарлаган позициясын калыбына келтирүүгө жардам берди.

Анткен менен Эрик Рундский Израил ишембидеги окуялардан кандайдыр бир утушка ээ болгону менен, албетте, кайсыл бир маселеде утулуп калды деп эсептейт.

Анын ишениминде, Ирандын чабуулу Израилдин Жакынкы Чыгыштагы абалды жана күчтөрдүн тең салмактуулугун туура баалай албаганын жана Тегерандын өз аймагына кол салуусуна бөгөт кое албаганын көрсөттү.

Батыштын «кучагына» кайтуу

Батыштын «кучагына» кайтуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Рундскийдин айтымында, Израил Ирандын өз аймагына кол салуусунан кандай пайда таба алат? Анын ишениминде, бул акыркы айларда биринчи жолу Израилдин бийликтерин расмий колдоорун ачык билдирген Батыш өлкөлөрү менен мамиледе өзгөчө бурулуш болушу мүмкүн.

Анын айтымында, Израил Газадагы согуштан улам мамилелеси солгундап кеткен Батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө АКШнын "кучагына" кайтып келиши мүмкүн.

Ошол эле учурда, Али Нури Заденин айтымында, Тегеран өлкөнүн ичинде да, сыртында да саясий жеңилүүгө учурады.

Ирандын аракеттерин эч ким жактырбаганын эске алганда, Тегеран коңшуларынын эле эмес, бир да өлкөдөн колдоо тапкан жок. Заде ошондой эле Батышта да, Чыгышта да Иранды АКШ менен түздөн-түз согуштук конфронтацияга түрткөн белгилүү чөйрөлөр бар экендигин белгиледи.

Кызыгы, менин эки маектешим тең эки өлкөдө тең бийликтин иш-аракеттерине элдин кандайдыр бир нааразычылыгы бар экенин моюнга алып жатышат.

Рундскийдин айтымында, израил коому көптөн бери уланып жаткан согушка да, Газа тилкесинде дагы деле барымтадагыларды бошотууда жылыш болбогонуна да өз тынчсыздануусун жана нааразылыгын билдирип келет.

Заденин ишениминде, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге нааразы болгон карапайым эл гана эмес, анын режиминдеги көрүнүктүү инсандар да катуу кысымга кабылууда.

«Израиль «Аль-Кудс» бригадасынын (Палестиналык исламдык жихад исламчыл уюмунун аскердик канаты) жети лидерин өлтүргөндөн кийин, ага өч алуу үчүн [Иран Революциялык Гвардиясынын (Иран куралдуу күчтөрү) чоң кысым көрсөтүүдө», - деди ал.

 1-апрелде Дамасктын консулдугуна абадан сокку урулгандан кийин Тегерандагы нааразылык акциялары

Сүрөттүн булагы, ABEDIN TAHERKENAREH / EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1-апрелде Дамасктагы консулдукка абадан сокку урулгандан кийин Тегеранда болгон нааразылык акциялары

Курсту өзгөртүү жана ишенимди калыбына келтирүү

Лондон экономика мектебинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Фаваз Гергез Иран жасаган чабуул Тегеранга караганда Израил үчүн алда канча пайдалуу болгонун ырастайт.

Ал түшүндүргөндөй, Ирандын соккулары олуттуу материалдык зыян келтирген эмес жана курмандыктар менен коштолбогон. Натыйжада бардык Батыш өлкөлөрү азыр кайрадан Израилди колдоп жатышат.

Ошол эле учурда Вашингтон жөөт мамлекетине ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн союздаштарын мобилизациялоо боюнча аракеттерди көрүп жатат, колдоо курал-жарак менен камсыз кылуу, чалгындоо жана финансылык жардам чөйрөсүндө тыгыз кызматташуу түрүндө болушу ыктымал.

Ал ошондой эле Батыш өлкөлөрү Израилди Газа тилкесиндеги «мыкаачылыктары» үчүн кескин сындаган салкын мамиледен кийин Батыш менен, өзгөчө президент Жо Байден менен мамилени оңдоодон Нетаньяху, албетте, пайда табаарын белгиледи.

Израилдин абадан коргонуусу, ошондой эле АКШ, Британия жана Иорданиянын жардамы, Иран ракеталарын Израилдеги бутага жеткирген жок

Сүрөттүн булагы, AMIR COHEN / REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин абадан коргонуусу, ошондой эле АКШ, Британия жана Иорданиянын жардамы, Иран ракеталарын Израилдеги бутага жеткирген жок

«Израилдин стратегиялык жеңилиши»

Бирок профессор Гергез ишембидеги чабуулдун Израил үчүн терс кесепеттерин да көрөт. Ал муну жөөт мамлекети үчүн стратегиялык жеңилүү деп эсептеп, анын алсыздыгын баса белгиледи.

Анын пикиринде, Иран өз элине, союздаштарына жана оппоненттерине Израилге каршы турууга даяр экенин көрсөтүү менен саясий жактан жеңишке жетти.

Профессор Ирандын көптөгөн ракеталары АКШ, Британия, Франция жана Иордания тарабынан атып түшүрүлгөндүктөн, Батыштагы союздаштарынын жардамысыз Израил жалгыз өзүн коргой албасын Иран далилдеди деп ырастады.

Ал ошондой эле Израилдин Ирандын буталарына кайра-кайра сокку уруусунун негизги максаты Иран алсыз экенин жана тирешүүгө батынбай турганын көрсөтүү болчу дейт. Бирок, өткөн ишембиде бул көз караш толугу менен жокко чыкты.

Бирок, Гергездин айтымында, учурда кырдаалдын оңолушуна ишеним азыраак, анткени «бүт аймак азыр саясий, аскердик жана экономикалык кризиске алып келиши мүмкүн болгон бороондун борборунда турат". (МА)