Достук - Ынтымак: бири эр да, бири шер! Талаш талаада калсын...

Сүрөттүн булагы, Коллаж
"Достук" - "Ынтымак": бири эр да, бири шер. Анысы утту, мунусу утту деп талашуу такыр туура эмес. Алар бири-бирине ошончолук мыкты атаандаш болгондуктан эки тарабы тең өсүп жатат. Дал ушундай мыкты улакчылардын, туйлаган тулпарлардын бир учурда дооран сүрүп, бири-бирине кызыктуу оюн курганынын аркасында улуттук ат оюнубуз болуп көрбөгөндөй өсүүдө.
Биз талаштан мурун ошого кубанышыбыз зарыл. Оюн кызуу кандуу күйөрманга муктаж эмес, бул спорт. Бирде жеңет, бирде жеңилет. Эртең эле эл аралык укмуш оюн болот деп бир курама кураш керек болсо дал ушул эки командадан бир канчасы суурулуп, бир курамага, бир ураанга, бир командага топтолору турган иш. Алар ошентип биригип, кыргыздын намысын талашыбыз деп жатса биз күйөрмандар "сен ал командадансың", "баланча тигил командадан" деп бөлөбүзбү? Андай болбошу керек. Сырттан көргөн киши жоругуң жолдо калгыр дейт. Ошондуктан улуттун укмуш оюнуна айланган бул оюнду команда-команда, жер-жер кылып бөлгөндү тык токтотпосо болбойт. Башка жол жок баатырлар. Уруштун кебин сүйлөбөй андан көрө укмуш оюнду талдайлы, суктаналы, улакчыларыбызга дем берели. Эмесе сөз башынан болсун...

Сүрөттүн булагы, president.kg
"Достук" менен "Ынтымак" соңку жылдары кыргыз көк-бөрүсүндө топ жарып, мыктынын мыктысы болуп, ошол эле учурда ат майданда гана кырчылдашкан атаандаштардан болуп келе жатат. Оюндан соң далайы коюн-колтук алышкан достор. Ири турнирлердин финалында эки клуб бири-бири менен оюн үчүн тирешип, кызуу оюн көрсөткөнү салтка айланып калган. Бул жолкусунда дагы Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн Президенттин кубогунда "Ынтымак" менен "Достук" кайрадан кез келип, кызуу оюн тартуулашты. Алдыдагы макалада эки команда бул турнирге кандай даярдыкта келгенин талдап көрөлү.

Сүрөттүн булагы, president.kg
"Достук" командасы 2023-жылы курамын болуп көрбөгөндөй күчөткөн эле. Алгачкы Нооруз турнириндеги курамды эле карайлычы. "Достуктун" он оюнчусу Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары болгон. Дал ошончо оюнчу акыркы Түркияда өткөн 4-Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан катышып келишкен. Клубдун тарыхында мынчалык күчтүү балдарды топтобогон "Достук", быйыл болгон турнирди жеңил эле жеңсе керек деп ойлоп турганбыз, бирок сезондун жыйынтыгын карасак "Достук" быйыл болгону бир кубок гана утту. Ал кубок 9-майда Жалал-Абад шаарында Жеңиш күнүнө арналган турнир эле. Арадан үч ай өткөндөн кийин Жалал-Абаддагы "Достук" менен азыркы "Достуктун" айырмасы асман менен жердей болуп калды.

Аттардын сууту канбай калды...
Май айында Жалал-Абаддагы кубокту жеңип алгандан кийин, "Достук" жайды жайлай аттарга жакшы көңүл бурбай койду. Команданын аттары жакшы эттенип, семиргени менен жайкы турнирге өз мөөнөтүнөн кеч даярдалып калды көрүнөт. Атты түшүнбөгөн киши семиз ат мыкты да деши мүмкүн. Иш жүзүндө андай эмес, казысы саландабай камчы эти жабык, кара тери алынып, каруусу чыңалып, ооздугун карса-карс чайнап, сууту канып турушу керек. Тапталган тайган менен көк сүткө тойгон короочу итте асман жердей айырма бар эмеспи. Бул да ошондой эле. Ат менен улакчы бириккенде гана жыйынтык болот. Эсиңиздерде болсо мындан он күн мурун эле Чолпон-Ата шаарында көк-бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Мына ошол турнирге "Достуктун" аттары семизирээк келип, ал жакта да Ынтымакка 2:0 эсебинде утулуп калган. Бир жума мурун Достуктун аттары ордунан жай кыймылдап, ылдамдык жагынан Ынтымактын аттарына алдырып койгон эле.
Аттар кыл табына чейин суутулбай оюнга чыккан соң Ысык-Көлдөгү Дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин "Достуктун" аттарында алгачкы кыйынчылыктар башталган эле. Анын аркасында Дүйнө Чемпионатынан кийин "Достуктун" бирден бир алдыңкы чабуулчу тулпары “Брабус” өлдү. Ал эми өлбөй аман калган аттары ошол көлдө эле Ошко келгиче кыйналып калаары айтпасак да түшүнүктүү. Жол азабы көр азабы деген жөн эле айтылган сөз эмес да...

Ысык-Көлдөн Ошко сапар оор болду
Президенттик кубокко көпчүлүк командалар катышуудан баш тартышты. Себеби Ысык-Көлдөгү турнирден кийин, бардык эле команданын аттары кыйналып калган. Бирок, башкалары баш тартса дагы "Достук" ал турнирге катышууга милдеттүү болчу. Команда Ош облусунун атынан чыгып жүргөндөн кийин, өз облусундагы күйөрмандардын алдында турнирден баш тартууга болбойт эле. Бир чети аргасыздыктын иши болду. Натыйжада "Достук" ымалага келтирип жатып "Ынтымакты" дагы Ошко келүүгө макул кылды. Чындыгында Ынтымактын аттары Ысык-Көлдөгү турнирден кийин "Достуктун" аттарындай чарчаңкы эмес болчу. Анын үстүнө "Ынтымак" жол киренин баасына карабай команданын аттарын атайын ат ташуучу унаа менен жүктөп кеткен. Атайын унаада аттар кыйналбайт эмеспи, ошондой эле жолдон баратып токтобостон жем-чөбүн жеп кете берет. Жыйынтыгында "Ынтымак" Ошко кыйналбай келип алды.
Ал эми "Достук" аттарын кадимки эле жүк ташуучу унаа менен жүктөп келди жана ушул жерден өтө чоң ката кетирди. Жүк ташуучу унаа аты айтылып тургандай эле жүккө ылайыктуу болгону менен атка туура келбейт. Чайпай, ысык урат, муздак урат дешгендей. Анын үстүнө эки чоң ашууну эске алганда, аттар кыйналганды мындай кой, кээ бири кыйла эле жаракат алган экен. Жолдо келе жатып жаракат алган аттардын арасында Манас Ниязовдун Кулунду аргымагы да бар экен. Кайран аттын буту чыгып кеткендиги тууралуу күбүр-күбүр кеп болду. Андай болбой курулай сөз болуп калса экен деп турабыз. Кулунду кулпуруп бул оюнга чыкпаганы ойго салбай койбойт. Ошондой эле "Достуктун" дагы бир бетке карманган Көк-мончок деген ойнок аты да жолдо келатып кыйналып калган экен. Ошентип Брабусту эске алганда "Достукта" үч негизги ат Оштогу турнирди ойнобосу белгилүү болду.
Манас Ниязов Кулундуну кулпуртуп минип чыга алган жок...

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын бирден бир жылдызы жанган улакчысы Манас Ниязовдун ысымы алыска таанылганы менен бул жылдызга оңой менен ат туура келе бербейт. Атактуу Бойка деген аргымагы жаракат алгандан кийин, Манас Шторм деген атты көндүрүп жүрдү. Бирок Шторм менен Манас эки жыл ойногондон кийин, акыркы жылдары Манас ат ооштурам деп, ойдогудай ат таппай далай убара тартты. Быйыл жазында Кулунду экөө жарашып калгандан кийин, эми мынтип ал аты дагы жолдо келатып жаракат алып калбадыбы. Натыйжада убакыттын тардыгынан Манас Ниязовго ат табуунун аракетин көрүп отуруп Чоң-Алай деген атты таап беришти, бирок улакты ичинен билип жүргөндөр Манаска бул ат деле туура келбесин билип коюшкан.
Президенттик кубоктун алгачкы оюнунда "Достук" командасы Жалал-Абаддын Жаштык деген командасы менен туш келет. Атаандашты "Достук" жеңил эле ири эсепте утканы менен Манас менен Чон-Алайдын тандеми төп келбесин далилдеп койду.
Ал эми "Ынтымак" биринчи оюнда Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен кез келип, Таластын аттары мыкты даярдыкта экендигине көпчүлүк күбө болуп калды.
Эмесе финалдык күн келди. "Достуктун" сан жеткис күйөрмандары сүрөп, дем берери турган иш. Финалга өтө көп адам келди. Кыскасы Төлөйкан ат майданы салынгандан бери мынча сандагы адамды батырып көрбөсө керек. "Ынтымакка" оюндагы атаандашынын өшончо күйөрманынны алдына чыкканын эле элестетип көрүңүз.
Көп өтпөй "Достук" болгон позицияда "Ынтымакка" уттураары байкалып калды. Ынтымакта ортодо Аватар жана Байтору деген аттары бар жана ал эки атты ордунан жылдырчу аттар "Достукта" жок эле. Ал эми чабуулда "Ынтымактын" Герб, Тарлан, Араб коргонууда болсо Желтаман, Падыша, Лимит жана башка аттарынын бардыгы таза кандуу аттар болуп калды.
Оюн учурда деле улактын көпчүлүк бөлүгүнө "Ынтымак" ээлик кылып жатканынын бирден бир себеби команданын аттары мыкты болуп турган. Ал эми экинчи тайм учурунда "Достуктун" суурулуп чыгар бир дагы аты калбай калганына күбө болдук. Улак алса качып кутула албайт же атаандашын кубалап жетпейт. Ошентип "Достук" 2:1 эсебинде утулду. Мындай аттар менен "Достук" принципалдуу атаандашына мындан да ири эсепте утулуп калышы да толук ыктымал эле. Ал эми күйөрмандардын да ич күптүсү оюн бүткөндөн кийин ушундан чыгып жатпайбы. Кечеги күнкү "Достуктун" айрым күйөрмандарынын бейбаштыгы бул ыза толгон букту чыгаруунун аракети катары түшүнсөк болот. Себеби тарыхында мындай күчтүү курамды түзүп көрбөгөн "Достук" быйыл төрт кубоктун ичинен бир кубокко гана ээ болуп, анын үстүнө эң акыркысын Ошто уттуруп жибергени айрым көрүүчүлөргө оор тийди көрүнөт. Бирок маселенин тамыры кайда жатканын учкай чечмелеп бердик. Калыска далай сын айтылды. так ошол жерде калыс менен кошо тизгиндеш жүрбөгөн соң ал бул дебей турайын. Аны ийне-жибине чейин талдап, кара кылды как жарып жыйынтыгын айтышаар.
Баарыбызга сабак болгону боёкчу боёкчу десе сакалын кошо боёптур болбойлу. Күйөрмандыгыбыз кызуу кандуулукка, чырга чыланбай, сүрөнгө, жакшылыкка, ынтымак ырашкерликке багытталсын достор. Эки команда тең мыкты! Экөө тең чындап эле тирүлөй бөрүнү тарта турган эрендер. Андыктан чырдын кебин ырбатпай улуттук оюнубузду сүрөйлү. Жазмак менден, бөлүшмөк сизден болсун!
Cамат Жумакадыров, спорттук кабарчы
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












