Көк-бөрү: Утулгандар эмнесинен алдырып жиберди?

Чолпон-Атада өтүп жаткан көк-бөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын алгачкы күнүндө эле бир канча беттеш өтүп кетти. Аба жарып кыйкырып, ал аздык кылса "баланча улакчыга же ким таштаса менден мамынча сом байге" деген сүрөн токтобой турду чиркин. Анысын кайра-кайра кайталап жар салып берем деп жатып Асыкеңдин (Асылбек Өзүбеков) тамагы эле эмес, кызыл өңгөчүнө чейин күч келди окшойт. Кайран киши басыгынан жазбай "атаңдын көрү ай ээ, чап-эле -ча-а-ап" деп күйөрмандарды кулкүгө бөлөп жатты. Күйөрмандык да ошого жараша катуу болду.
Кимиси канча менен утканын мен жазбасам деле түз эфирде эле көрүп койсоңуз керек. Ошондуктан анын барын жөн эле кайталай бербей, так ошол жерде улакчылардын бака-шакасын, аттардын бышкырыгын угуп, көрүп жүргөн күйөрман катары эмне болуп жеңилип калды дегенин талдап жазайын.
Күчтүүлөрдүн катарына кирген Ынтымак менен Сары-Өзөн командалары беттешти. Бул оюн күндүн беттеши болуп, күйөрмандар экиге бөлүнүп, коомчулуктун кызыгуусун арттырып жаткан болчу. Мындан тышкары Биринчи лиганын алкагында Жаштык жана Алтын-Альянс командасынын оюну дагы акыркы секундга чейин кыл чайнаш болду. Эмесе кененирээк күндөлүгүбүздө кеп кылалы.

Ынтымактын аттары шамалды деле ашып кетти окшойт
Жогорку лиганын алкагындагы Сары-Өзөн менен Ынтымак командасынын оюнун алдын ала эле финалдык беттеш деп турушкан. Эки команда тең буга чейин бир нече жолу финалдарда беттешип жүрүшкөн. Ал эми бул турнирдин деңгээли эл аралык болуп жаткандан кийин эки команда тең бөтөнчө даярдыгын көрүп келишкен.
Оюн башталаарга бир күн калганда Ынтымак команданын курамын расмий жарыялаганда, дээрлик 12 оюнчусу тең күлүк аттарга басым жасаганы билинди. Мунусу эр болсоң эле кууп жетип ал дегени болчу. Бул бир деп туруңуз.
Ошол мүнөттөн тарта Ынтымактын оюнчуларына улак тийсе кубалатып жеткирбей атаандаштын айласын кетирет турбайбы дегендер көбөйүп калды. Себеби “Пегас”, “Желтаман”, “83”, “Байрак”, “Каркыра”, “Герб” өңдүү күлүк аргымактардан тышкары, эч кимге орто чийинди бербес “Аватар” дагы Ынтымактын катарында эле. Ушундан улам жекеме-жекени дагы, аянттын ичинде да Сары-Өзөн атаандашынан бир баш ылдый туруп калганы билинип турду.
Сары-Өзөндүн көзүрү бар экен
Оюн башталганда эле Сары-Өзөн дароо чабуулду биринчи уюштуруп кирди. Ким билиптир мындайды, жекеме-жекеге келгенде Сары-Өзөндүн “Краз” деген картаң аты, жашына карабай “Аватарды” түртүп, атаандашты чочутуп кирсе болбобу. Ии мейли капилеттен түртүп салгандыр деп ойлонгуча, кайрадан жекеме-жекеде “Краз” мыктылыгын көрсөтүп, биринчи таймда “Аватардын” аны менен чогу Ынтымактын оюнчуларынын шайын алды. Айтор Сары-Өзөн бул беттешке “Кразды” көзүр катары карманып чыккан экен жана ошол көзүрүн катып отурбастан оюндун башында эле алып чыкты. 5-1 кылбай андан аз айырма менен жеңилсе боло турган жөну бар эле. Бирок, Сары-Өзөндүн туусун желбиретет деп жургөн Рустам Тыналиев эмнегедир бул оюнда үйрөнчүктөй эле көптүн бири болуп калды. Даңазалуу улакчыга эмне болгону бир өзүнө, бир атына, анан бир кудайга эле маалым болуп калды. Сакасы айкур конбой калганын ал өзү деле танбаса керек.
Ал эми Ынтымак коргонуунун күчү менен атаандашын тайказанга жолотпой турду. Оюндун бир аз деми басылгандан кийин Ынтымак өзүнүн тактикасына өтүп, “Аватардын” күчү менен анын алмашкыс чабандеси Нооруз Раатбек уулу эсепти ачты. Нооруз атына заты жарашып ат майданды майрам кылып жиберди го чиркин!

Ынтымак күлүктөрүн экинчи таймда сынады
Биринчи таймдан кийин Сары-Өзөн аттарын эс алдырып келип, кыр көрсөткөнүн улантат деп күтүп жаттык. Бирок, Ынтымак эс алуудан кийин күлүктөрүн бирден сынай баштады. Тилекке каршы Сары-Өзөндүн кубалап жетер аты деле жок болуп чыкты. Бирде “Каркыра”, бирде “Пегас” улак менен топтон суурулуп чыкканда анын аягы упай менен аяктап, эсеп акырындык менен көбөйүп кете берди.
Ал эми үчүнчү таймга келгенде Сары-Өзөндүн аттары чаалыкканы даана байкалып турду. Ошентсе да команданын капитаны Сейитбек Анарбек уулу карт бөрүлүгүн карматып, бир гол салганга жетишти. Бирок бул упай Сары-Өзөнчүлөр үчүн эч нерсени чечпей калбадыбы. Аттиңдери аттарынын кулагына даана угулуп турду окшойт. Анткени убакыт да бүтүп, эсеп болсо 5-1 болуп кетти.
Ошентип Ынтымак турнирде алдыны карай жүрүшүн улантып, жарым финалда Казакстандын бир командасын күтүп жатат. Ал эми Сары-Өзөн мындан кийинки оюндарын уткан кундө деле ашып барса бешинчи орунду алышы мүмкүн.
20 секунд калгандагы жеңиш
Дагы бир кыл чайнашкан оюн Биринчи лиганын алкагында Жаштык менен Алтын-Альянс командасынын арасында болду. Бул мелдеш дагы өз ара финалдык оюндарга тете болчу. Анткени эки клуб тең Жогорку Лигада оюн көрсөтүп келаткан командалар жана жеңүүчүсү бүтүндөй Биринчи лиганы багынтып кеткенге мүмкүнчүлүгү чоң болуп турат.
Бул оюнда Жаштыктын оюнчусу өзүнүн тайказанына улак салып алып, командасына абалды оорлотуп койду. Ошентсе дагы тырмышып жүрүп эсепти теңеп алгандан кийин, оюн оомал-төкмөл жүрүп, бир Жаштыктын, бирде Алтын-Альянстын дарбазасында чабуулдар токтогон жок.
Үчүнчү таймдын бүтөөрүнө эки мүнөт калганда кызыктын баары башталса болобу. Жаштыктын оюнчусу Эшмурат Эшмуратов бир улак салып, команданы алдыга сүрөп чыкты. Калган эки мүнөттө команда коргоону кармап, жеңишке жетип барат экен деп турган чакта, Алтын-Альянс дароо чабуул уюутуруп, эсепти теңеп салса болобу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мына сага көк-бөрү, ой муну даана көк жалдар ойнойт турбайбы. Оюн бүтөргө бир мүнөт калганда Алтын-Альянстан Эржан Төлөбеков улакты жерден эңген бойдон, эч кимге жеткирбей барып, эсеп 2:2 болуп калбадыбы деп таң калып турган чакта дагы бир кызык болбодубу.
Саат дегениң кимди күтмөк эле? Акыркы мүнөт чыкылдай баштады. Эми командалардын алы деле калбай калды го деп турган чакта, Жаштык көбүрөөк амбиция менен талаага чыкканбы айтор, оюн бүтөрүнө 40 секунда калганда, баягы эле Эшмурат жерден улакты эңип чыкты. Карма эле карма, тос эле тос, - деп кыйкырган Алтын-Альянс Эшмуратты оң солунан кептеп киришти. Аңгыча эле комментатор “20 секунда калды” деп микрофондон жарыялады. Ой-бууй, азыр Алтын-Альянста бирөө жарым улакка жармашып алса эле убакыт бүтөт дегенче, жоон билек балбан Эшмурат улакты кийиз күбүгөндөй эле казандын ичинде таштап салды. Мына кызык, мына көк-бөрү, Жаштыктын оюнчулары сүйүнгөнүнөн, Алтын-Альянс ызаланганынан ыйлаган бойдон калышты. Эшмуратың даана эр экен го, эл чарчаса да Эшмурат чарчабайт тура деген күжү-күжү кеп ат майданды бир аралап өттү.
Алтайлык кыргыздардын алгачкы жеңиши
Оюндун ачылыш күнү Алтай менен Екатеринбург командалары да беттешип, бул оюнда Алтайлык кыргыздар атаандаштарын теңине албай койду. Жалпы жону 5:0 менен жеңишке жетип, алгачкы жеңишти куржунуна салып алган чагы. Алтайлыктарда да көк-бөрү акыркы жылдары жакшы өнүгүп келе жатканы маалым. Алар Кыргызстандын көк-бөрүсүн калтырбай көрүшүп, тактика, стратегиясы биздикине окшош. Ошентсе да Алтайлыктарга чыныгы каршылаштар алдыда, аны өздөрү да туюп эле турат. Андыктан туугандарды көп мактабай, биринчи жеңиши менен куттуктап койолу.
Аттокур Камбаров, ат оюндары дегенде аттап-буттап жеткен жылкы сүйүүчүнүн биримин.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт, жазуу стили сакталды.












