Көк-бөрү: чүчү кулак кимдин алаканына чок, кимдикине от таштады?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Ынтымак” менен “Сары-Өзөн” туш келди
Чолпон-Атада баштала турчу көк-бөрү боюнча Эл аралык турнирдин чүчү кулагы тартылып, “чү” дегенде эле күчтүү командалар бири-бирине туш келип калды. “Нооруз-2023” турнирин утуп алган Ынтымак командасы эки жолку финалист Сары-Өзөнгө туш келип, бул кызыктуу беттеш турнирди ачмакчы. Жалпы чүчү кулактын жуптарын күндөлүгүбүздөн кененирээк айтып берели.
Азырынча кыргыздар өзүнчө, казактар өзүнчө ойной турган болдубу?
Буга чейинки күндөлүгүбүздө маалымдагандай, Эл аралык турнир эки лигада ойнолуп жатат. Күчтүүлөрү Жогорку лига болсо, калганы Биринчи лигада ойномокчу. Жогорку лиганын жуп тандоосунда уюштуруучулар төрт кыргыз команданы өзүнчө, төрт казак команданы өзүнчө ойнотууну чечишти. Буга бирден бир себеп, конок катары келген Казакстандын командаларын колдон келишинче жарым финалга чейин алып баруунун айласы болду окшойт. Анткени Казакстандан мыкты делген Олуя-Ата, Кулагер өңдүү командалары келбей койду. Ушундан уламбы, көшөгө артында казак клубдары жарым финалга жетпей эле утулуп калат деген кептер жүрүүдө.

Чу дегенде эле финал көргөндөй эле болобузбу дегендер бар
Чүчү кулак дегениң таза болсо эч нерсеге карабайт эмеспи. Быссымылда дегенде эле “Нооруз” турнириндеги эки финалист бири-бирине туш келип калды. Жазында эки команданын беттешинде “Ынтымак” ат чабым алдыга озуп кетип, Сары-Өзөндү тоготпой, кубокту утуп кеткен. Бирок, азыркы Сары-Өзөн бир канча оюнчуларды алмаштырып, аттарын күчтөп алды. Анын үстүнө Сары-Өзөн “9-май кубогунда” да финалга чыгып, айтор катарындагы жаш балдар бир топ тажрыйба топтоп, билектери быша түштү. Ушундан улам Ынтымак менен Сары-Өзөндүн оюну финалга тете оюн болооруна шек жок деген сөздөр чыкты.
Ал эми дагы бир күчтүүнүн бири Достук командасы Мураска туш келип, бул оюнда Достук жеңил жеңишке жетип, андан ары жарым финалга ооп барат деп жаткандар көбөйдү. Айтор бул чүчү кулак Достуктун пайдасына ооду окшойт, Манас Ниязовдун клубу жарым финалды мындай кой, финалга чейин татыктуу каршылаш көрбөй, буйдалбай өтчүдөй болуп турат.

Сүрөттүн булагы, social media
Биринчи лига чет өлкөлүктөргө жык толду
Эл аралык турнирде Биринчи лиганын көркү чет өлкөлүк клубдар менен кызыктуу болуп турат. Екатеринбург, Алтай, Караганда, Москва, Красноярск, Новосибирск, Өзбекстан, Ооганстан, АКШ жана башка 12 команда төрт тайпага чачырады. Бул лигада деле Кыргызстандын атынан чыга турчу Жаштык, Алтын-Альянс жана Ийгилик командалары бир тайпага бириктирилди. Келген конок командалардан жергиликтүү клубдар бир баш күчтүүрөөк болорун эске алган уюштуруучулар, үч мыктыны “В” тайпага киргизип коюшту.
“В” тайпанын жеңүүчүсү кубокту жеңеби?
Кызыгуучулардын божомолунда Жаштык, Алтын-Альянс жана Ийгилик командаларынан куралган “В” группасынын жеңүүчүсү Биринчи лиганы жеңип кетет деген ойлор күчөдү. Бул үч команда деңгээли боюнча Достук, Ынтымактан кичине ылдыйраак болбосо, калган атаандаштарына моюн сунбай келаткандар. Бирок ким билсин? Спорт деген ар кандай болот эмеспи жана бир ошонусу үчүн спортко кызыгып жүрбөйбүзбү. Теңине албаганы менен азыр Орусия же Өзбекстандан келген оюнчулар мыктылыгын далилдеп салышы да толук ыктымал. Айтор 13-августта башталып аткан оюндарды күндөлүгүбүздө төкпөй-чачпай айтып берип турабыз, сиз дагы калтырбай окуп, макаланы бөлүшүп, ой-пикир калтырып турганды унута көрбөңүз.
Аттокур Камбаров, ат оюндары дегенде аттап-буттап жеткен жылкы сүйүүчүнүн биримин.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт, жазуу стили сакталды.












