Көк-бөрү: Ысык-Көлгө 12 өлкөнүн мыкчыгерлери келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ат дегенде азыгын чуркай таштагандар үчүн чоң майрам башталганы турат. Аптаптуу август айынын 13үнөн 20сына чейин Чолпон-Ата шаарында ат майдан тим эле кайнамай болду. Көк-бөрү боюнча Эл аралык мелдеш ана-мына башталганы жатат.
Бул турнирдин өзгөчөлүгү сырткы өлкөлөрдөн курама команда эмес, клубдары келүүдө. Эл аралык клубдук мелдеш бир башкача шаң менен өтөөрүнө үмүт чоң болгону менен мелдешке даярдыктарда айрым көңүл бурчу жагдайлар дагы бар. Ошонун күңгөй тескейин бир талдап берейин.
Эки башка лига, эки башка деңгээл
Кыргызстанда көк-бөрү башка улуттук оюндардан ат чабым алдыда өнүгүп келе жаткандыктан, турнирлер үч лигага бөлүнүп өтөт. Алар; Жогорку лига, Биринчи лига жана экинчи лига деп бөлүнөт. Маалымат үчүн айта кетсек, жогорку лигада аты аталып тургандай эле эң күчтүү, мингендери алкынган, өздөрү андан талпынган алты команда бар. Биринчи лигада орто деңгээлде саналган 12 команда болсо, экинчи лигада дагы деңгээли анда сөөм-сөөм төмөнүрөөк делген 12 команда бар.
Эми алдыда боло турчу Эл аралык турнирде экинчи лиганын командалары ойнобойт, мындайча айтканда жогорку жана Биринчи лигада гана ойнойт. Бирок бул жерде дагы бир нече жаңылыктар бар.
Мындай курама курч болобу же морт болобу?
Көк-бөрүнү канчалык дүйнөлүк деңгээлге даңазалабайлы, азырынча аны майын чыгарып, майрамга айлантып ойной турган эки гана өлкө бар. Алар так эле сиз божоп жаткан Кыргызстан менен Казакстан. АКШ, Венгрия, Түркия, Орусия, Өзбекстан өңдүү бир топ өлкөлөргө азырынча бул оюн ат үстүндө бугун чыгарып алчу эрмектин деңгээлининен бийиктеп кете элек. Биз бул оюнда улагы менен тайказанга кошо кирип кеткен, учуп-күйүп бараткан кайран карагердин үстүнөн эңген, эми болбой калды деген жерден камырдан кыл суургандай топту жарып чыккан бир укмуштарды көрө берип, башка бир топ өлкөнүн оюнчуларына тамшанып жибербей жатканыбыз да турган иш. Акырындап аларда дагы деңгээл өссө атпай кыргыз, казакка жакшы болгону турат.
Бул турнирге деле Казакстандан башка өлкөлөр аттары менен келбеси бышык, атүгүл команда 12 оюнчуну деле толук алып келе албачудай. Жагдайды эске алып, Кыргызстан турнирди өтө ийкемдүү уюштурууда. Мунусуна баракелде! Бара-бара көч түзөлөт деген илгери ой менен туралы. Бул саам бир топ өлкөдөн алтыдан оюнчу келип, Кыргызстандын Биринчи лигасындагы бир командага кошулуп, келген өлкөнүн клубунун атынан мелдешке чыкмакчы. Ага эч терикпей эле ушинтип болсо дагы көкжалдардын оюнун жайылта берели деп бир ооздон айтсак жарашат. Бул жерден Кыргызстандан бир клубунан алты оюнчу чыгып, жөө келген келген конокко атын берип, кошуп ойношмокчу. Ушундай негиз менен алдыдагы турнирде Биринчи лигадагы 12 команда конок өлкөлөрдүн алты улакчысын тосуп алып, учурда Чолпон-Атада көк-бөрү ойногонду үйрөтүп жаткан чагы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кызыктын баары Жогорку лигада
Ал эми Жогорку лигада эң мыкты алты команда бар болсо, алардан алдыңкы төрт клуб гана өз атынан чыгышат. Алар “Достук”, “Сары-Өзөн”, “Ынтымак”, “Мурас” клубу. Буларга атаандаш ким болот десеңиз, Казакстандан төрт клуб атаандаш катары келе жатышат. Алар; Караганда, Жети-Суу, Чымкент жана Түркстан командалары болмокчу.
Ошентип Жогорку лига кыргыз-казак клубдарынын эрөөлүнө айланганы калды, мына ушунусу менен Эл аралык турнирдин Жогорку лигасы бөтөнчө кызыкка батмакчы. Кайран эрендерин ат жакшысын тандап минип, бир шумдук кызыкка кирип, чиймей болду сызыкты, көрсөтмөй болду кызыкты деп туралы.
Көк-бөрү, көкпар деп жүрүп кыргыз-казак оюнчуларынын мамилеси салкындабайбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстан менен Казакстандын көк-бөрү жаатында алакасы 2018-жылдагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин муздап калган. Эсиңиздерде болсо, ошондо казак улакчылары жарым финалда Өзбекстанга утулуп, үчүнчү орунду албады беле. Бирок, кыргыз күйөрмандары Казакстан көкбөрүчүлөрүн "Өзбекстанга атайын утулуп, финалда Кыргызстанга чыкпай коюунун амалын кылышты"- деп айыпташкан. Ошондон бери Кыргызстан менен Казакстан бири-бири менен көк-бөрү талаасында күч сынаша элек. Мындан сырткары дагы 3-4 жагдай болгон эле. Акыркы жолу былтыр Түркиядагы IV Көчмөндөр оюндарында эки тарап бири-бири менен ойногону менен эки жаат тең бул беттешти эсепке алгысы келбейт. Себеби анда Түркиядан эзели улак ойнобогон аттарды таап алып, Көчмөндөр оюндарынын көркүн кетирбейли деп “ырымдап” оюн курушкан.
Оюнду жеринде туруп көрдүм эле. Көшөгө артында далай кызык болгон. Ошентсе да эки тараптын тең мыктылары кызыл чектен өтпөй, анда деле мыктылыгын айгинелеп келишкен. Бир чоң кемчилиги - көк-бөрү деген укмуш оюн бар экен, интернеттен көрдүм, эми өз көзүм менен көрөйүн деп океандын ары жагынан бери келдим деген бир топ ат ышкыбозу шаабайы сууган. Дагы бир тобу маселени толук түшүнбөй "мен күткөндөй эмес экен го" деген таризде тарап кеткен. Мунун эң жаманы ошондо. Себеби, мурда убада кылгандай эки тарап тең өз аттары менен барып, Түркиянын Изнигинде из калтырып, көрүүчүнүн баарын тамшандырып кеткенде керемет болот эле го. Бир айтамбы, эки айтамбы андай болбой калды...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мына эми 2018-жылдан бери биринчи жолу Казакстан тарап клубдарын аттары менен чогуу Кыргызстанга алып келебиз деп сөз беришүүдө. Бирок, бул жакта дагы айрым көйгөйлөр коштолбой койгон жок. Келе турчу төрт клубдун арасында Казакстандын тим эле топ жарат, алдына атандаш салбай т деген “Олуя-Ата”, “Кулагер” өңдүү лидер командаларынын карааны көрүнбөй, кабары угулбай турган чак. Мындайга эмне себеп болуп жатканын азырынча казак тарап так кесе чечмелеп жибере элек, бирок кандай болгон шартта дагы коңшу өлкөнүн Эл аралык турнирге катышууга ниетин билдирип жатканы эски жараны айыктырып, алаканын оңолушуна жаңы өбөлгө ачаарына үмүт жаралды.
Бүгүндөн тарта оюн аяктаганга чейин көк-бөрү боюнча Эл аралык турнирдин жүрүшүн төкпөй-чачпай баянда десеңиздер анда ошого камынайын. Жерине барып кулак укканды азыраак, көз көргөнду көбүрөк жазайын. Сунушум жакса окуп эле тим болбой, пикир калтырып, жакшылап бөлүшүңүз окурман. Калемди кайрайын, карагерди таптайын дагы кайран чалкып жактан көлдү көздөй чабайын...
Аттокур Камбаров, ат оюндары дегенде аттап-буттап жеткен жылкы сүйүүчүнүн биримин.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт, жазуу стили сакталды.












