Гепатит жуктургандар көбөйдү, эмдөө өнөктүгү үзгүлтүккө учурады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда калкты гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө кампаниясы токтоп калды. Өлкөгө вакцина алып келүү боюнча келишим түзүү кечеңдеп жатат. Эмдөө жараяны былтыр да, мурдагы жылы да ийгиликтүү аяктаган эмес. Расмий статистикага караганда, жарандардын дээрлик тең жарымы үч дозаны толук алган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева элде илдетке каршы иммунитет пайда болбогонун, мамлекеттин миллиондогон акчасын текке кетирген жетекчилер жазага тартылышы керектигин айтууда.
Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз Абыкеева былтыр гепатиттин В түрүнө каршы эмдөөдөн өткөн. Ал вакцинанын биринчи дозасын алган. Бирок препарат түгөнүп калгандыктан эмдөө аягына чейин чыккан эмес.
"Стоматологияга, сулуулук салондоруна барып жүрөбүз да. Ошол жактан сарык жугат деп көп эле угуп калабыз го. Ошондуктан вакцина алып коеюн деп ойлогом. Анын үстүнө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бекер эмдөөдөн өтсө болорун угуп калдым. Жолдошум экөөбүз чогуу барып, биринчи дозасын сайдырганбыз. Кийинки дозасын алайын деп барсам, убакыт өтүп кетиптир. Туура бир айдан кийин келишиң керек эле, эми сая албайбыз. Анын үстүнө азыр вакцина түгөндү деп коюшту. Негизи мен экинчисин сөзсүз туура бир айдан кийин алыш керектигин билген эмесмин. Мага эскертишкен эмес", - дейт Жылдыз.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин маалыматына караганда, былтыр өлкө боюнча Жылдызга окшогон кеминде 36 миңден ашуун киши гепатитке каршы эмдөөнүн экинчи дозасын албай калды.
Үчүнчү дозага 82 миңдей киши жеткен эмес. Болбосо биринчи дозаны 250 миңдей киши алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Дарыгерлер эле эмес, элдин да күнөөсү бар"
Инфекционисттер жана гепатологдор ассоциациясынын башчысы Сапарбү Тобокалова дарыгерлерди эле айыптай берүүгө болбой турганын, жарандарда да жоопкерчилик аз болуп жатканын белгилейт:
"Оору көбөйдү, бизди акысыз вакцина менен камсыздагыла деп жатышып, биринчисин алгандан кийин экинчисине келбей коюшту. Биздин дарыгерлер аларга телефон чалып жатышты. Эми аларды жетелеп да келе албайсың. Анча-мынчаларына маалымат да жетпей калгандыр".
Гепатологдун айтымында, эмдөөнү аягына чейин албагандар бул жараянды кайра башынан башташы керек болот:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин экинчисин бир айдан соң, үчүнчүсүн алты айдан кийин алыш керек. Протоколго ылайык, эгер вакцинанын үч дозасын өз убагында алса, анда адамда 15 жылга чейин жете турган иммунитет пайда болот. Алар гепатит В менен оорубай калат. Эгер гепатит В менен оорубаса, гепатит D дагы жукпайт. Себеби гепатит D гепатит В вирусу болбосо өнүкпөйт".
Акысыз эмдөө жараяны 2023-жылы башталган. Жыйынтык анда да жакшы болгон эмес. Өлкө боюнча 188 миңден ашуун киши вакцинанын биринчи дозасын алып, бирок үчүнчү дозасына чейин болгону 84 миң киши гана жеткен. Мамлекеттен болсо эмдөө кампаниясы үчүн 276 миллион сом бөлүнгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева Саламаттык сактоо министрлиги гепатитке каршы эмдөө кампаниясын үзгүлтүккө учуратканын сынга алды. Ал өкмөттүн миллиондогон каражаты текке кеткенин, бул үчүн жетекчилер жоопко тартылышы керектигин айтууда.
"Эмдөө деген бул чоң өнөктүк. Муну алдын ала пландоо керек. Канча киши эмдөөдөн өтө турганын тактап алып, анан ошого жараша вакцинага буюртма бериш керек эле. Булар жакшы маалымат кампаниясын жүргүзбөй, элге жакшы түшүндүрбөй, анысы аз келгенсип жетиштүү вакцина сатып албай, өкмөттүн акчасын талаага чачышты. Вакцинанын биринчи дозасын алгандарда эч кандай иммунитет пайда болгон жок. Бул жараянга катышкан жетекчилердин баары жазага тартылышы керек, – деди Жылдыз Садырбаева.

"Кыргызфармация" вакцинаны убагында жеткирип берген жок"
Вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморованын айтымында, вакцина сатып алуу милдети "Кыргызфармация" ишканасына жүктөлгөн. Бирок алар дары-дармекти убагында жеткирип бере алышкан эмес. Ушул себептен калкты эмдөө жараяны үзгүлтүккө учураган:
"2024-жылы "Кыргызфармация" бизге 100 миң доза вакцина сатып бермек. Бирок май айында 7 миң, сентябрда 50 миң доза гана вакцина алдык. Калганын алып келишкен жок. Ошондуктан биринчи дозаны алгандар экинчи дозаны, экинчисин алгандар үчүнчүсүн албай калды".
"Кыргызфармация" ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Токтасинова Би-Би-Сиге вакцина жеткирүү былтыр тышкы факторлордон улам үзгүлтүккө учураганын жүйөө келтирди:
"Былтыр дүйнө жүзүндө вакцинанын активдүү компоненттери тартыш болду. Керектүү субстанция эки гана заводдо бар эле, алар болсо башка компаниялар менен алдын ала келишим түзүп алышкан экен. Ошондуктан "Кыргызфармацияга" аз эле көлөмдө берип коюшту".

Гепатитке каршы эмдөө алты айдан кийин жанданышы мүмкүн
Быйыл болсо 250 миң кишини эмдөө пландалган. Бул үчүн бюджеттен 372 миллион сом бөлүнгөн. Бирок калкты гепатитке каршы акысыз эмдөө жараяны азырынча толугу менен токтоп турат. Себеби Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргызфармация" сатып ала турган дары-дармектердин тизмесин февраль айында гана бекитип берди. Демек, вакцина Кыргызстанга алты айдан кийин гана келиши мүмкүн.
"Келишим түзгөнгө көп убакыт кетет. СПИД борбору вакцина чыгарган заводдун переквалификациясы болсун деген талап коет. Бул талапка азыр индиялык эки компания гана жооп берип жатат. Алар келишим түзгөнгө даяр, бирок вакцинаны 120 күндүн аралыгында жеткирип беребиз деп жатышат. Бул алты ай деген сөз. Кытайлык компания бир ай аралыгында жеткирип берүүгө макул болду. Бирок алардын переквалификациясы жок экен. Биз болсо сапатка көңүл бурушубуз керек. Бул маселени комиссия карап жатат", – деди Наргиза Токтасинова.
Азыр вируска каршы вакцина алууну калаагандар жеке лабораторияларга кайрылса болот. Бирок бир дозанын наркы кеминде 750 сомду түзөт.
Эки жылда 43 500 адамдан гепатит аныкталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адистердин айтымында, вирус жуктуруп алуу ыктымалдуулугу 2001-жылга чейин төрөлгөндөрдө жогору. Ошондуктан мындан эки жыл мурун акысыз эмдөө башталганда вакцина 23төн жогорку жаштагыларга сайылган.
"Анткени 2001-жылдан тарта төрөлгөн балдарга төрөт үйүнөн эле вакцина сайыла баштаган. Бала төрөлгөндө гепатит В менен кургак учукка каршы эмдөө алат. Кийинкиси эки жарым айында, акыркысы төрт айында сайылат. Ошондуктан 23 жашка чейинкилерде азыр гепатит В дээрлик жок. Бир же эки пайыз болушу мүмкүн. Бул диний көз караштан улам убагында вакцина сайдырбай койгондордун арасында кездешет", - дейт Үмүткан Чокморова.
Соңку эки жыл аралыгында 1 млн 635 миң киши гепатитке каршы текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 43 500 миң адамдан вирус аныкталган.
"Гепатит C дарысын үзгүлтүксүз ичсе, үч же алты айдын ичинде айыгып кетет экен. Бирок алар маал-маалы менен анализ тапшырып турушу керек. Гепатит B оор, ошентсе да аны көзөмөлгө алып турса болот. Жаңы жукканда аныкталса, биз байкоо гана жүргүзүп турабыз. Вирустун көрсөткүчү төмөн болсо, организм өзү күрөшүп, айыгып кетиши мүмкүн. Вирус көбөйүп кетсе гана дарылоону баштайбыз. Бирок ага вирустун D түрү кошулуп кетсе, кесепети аянычтуу болуп калып калат. Мына, азыр жаштар деле өпкө рагы, боордун циррозу менен кайрылып жатышат. Мунун белгилери көпкө чейин билинбейт экен да", - деди Чокморова.
Борбордун анализине караганда, гепатит вирусу көбүнчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда катталууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, гепатит В жана С жер шарында күнүгө 3 500 адамдын өмүрүн алууда. Дарыгерлер жарандарды тестирлөөдөн өтүп турууга, эмдөө алууга чакырышат.
Гепатит боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору болуп эсептелет. Вирустун А, В, С, Е жана D түрлөрү бар.
А түрү булганыч суудан, тамак-аштан жугат. Муну сарык деп да коюшат. Жакшы дарыланган учурда адам толугу менен айыгат.
Калган формалары кан аркылуу жугат. Илдетти алдын алуунун эң ишенимдүү ыкмасы эмдөөдөн өтүү.
Айдай Аманкулова - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер кабарчысы
































