Энергетикадагы өзгөчө кырдаал: шамал, күн энергиясына өбөлгө түзөбү?

Элеонора Сагындык кызы, Би-БИ-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз бийлиги 2026-жылдын декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизип жатат. Эгер мындай чара көрүлбөсө, энергетикалык таңкыстык оорлошот деген кооптонуу бар.

Күн панелдери

Сүрөттүн булагы, Юнисон

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күн панелдери

Бул демилге Кыргызстандагы электр энергиясынын негизги булагы саналган Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү жылдагыдан кыйла төмөн болгон учурга туш келди. Мындан сырткары тармак оор кризисти башынан кечирип, миллиарддаган сом карызы бар. Өзгөчө кырдаал үчүн түзүлгөн стратегияда кыргыз өкмөтү энергиянын кайра жаралуу булактарына басым жасаганы жатат.

Күн энергиясы үнөмдүү

Бакыт Аскарбеков Бишкектин Көк-Жар конушунда жашайт. Эки жыл мурун үйүнө күн нурунан энергия алуучу жабдыкты орнотуптур. Чатырда өндүрүлгөн беш киловат электр тогу анын үй чарбасын ток жана жылуулук менен толук камсыздайт.

“Энергияны ошол булактан алып жатабыз. Биз айылдабыз, жарык бат-бат өчүп турат. Бүгүнкү күнү тиричилик бүт эле автоматташып калбадыбы, сигнализация, камера, насостор, газовый котелдер дагы бар дегендей. Мындайда жарык өчкөндө отуруп эле калып жатканбыз. Бизде суу дагы көйгөй. Аны биз насостор менен алдын ала толтуруп алабыз. Насосторду да ошол күндөн алган энергияга кошуп койгонбуз. Экономиябыз жакшы, энергияны да үзгүлтүксүз алууга жетиштик”.

Бакыт Аскарбеков, Бишкек тургуну

Сүрөттүн булагы, Social media

Бакыттын айтымында, күн жабдыктарын орнотууга кызыккандар учурда көп болуп жатат. Учурда, ал түгүл 50-100 киловаттык өндүрчү жабдууларды орнотууну каалагандар да бар. Бирок мамлекет мындай азыраак өлчөмдө өндүрүлгөн электр энергиясын сатып албагандыктан, алар чоңураак станцияларды курууга ашыгышпайт. Мисалы, айрым ишканалар кышкыга өзүнө электр энергиясын иштетип, андан кийин станциялары айлап жөн эле туруп калчу. Бирок эми кыргыз өкмөтү эми алардан электр энергиясын сатып алууга кызыкдар болуп жатат.

"Азыр биз электр энергиясын ВИЭлерден (энергиянын кайра жаралуу булактарынан) сатып алуу боюнча унификацияланган типтүү келишим даярдап жатабыз. Ал келишим менен жеке ишканаларга кепилдик берилет. Алар өндүргөн электр энергиясы сатылып алынат деген кепилдик болот. Жөн эле сатып албай инфляция, чет элдик валюта курсунун төмөндөп-жогорулашын да эске алып акча бөлүп атабыз. Мындан тышкары кубаттуулугу 67 мегаватт болгон кичи ГЭСтер салынып жатат. Андан тышкары өзүбүздүн да чоң ГЭСтерди реконструкция кылып жатабыз" ,-деди энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев.

Аткаминер кыргыз өкмөтү алдыга дымактуу максат коюп жатканын айтты. Мисалы, өкмөт жакынкы үч жылдыкта өлкөдөгү электр энергиясына болгон ички муктаждыкты жапканга жетишип, андан кийин энергиянын кайра жаралуу булактарынан алынган энергияны экспортко чыгарганга ниеттүү болууда.

Жеңилдиктер жана тоскоолдуктар

Соңку жылдары кыргыз өкмөтү кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү үчүн бир топ жакшы шарттарды түзүп жатканын Энергиянын кайра жаралуу булактары ассоциациясынан дагы билдиришти.

"Мисалы, бул үчүн министрлер кабинети импорттолгон жабдыктарды (гидротрубина, генератор, шамал жалдыктары жана күн панелдери) 5-25% бажы төлөмдөрүнөн, кошумча нарк салыгынан бошотту. Бирок ишкерлер ЕАЭБ алкагындагы бажы төлөмдөрдү төлөөгө мажбур. Мындан тышкары, алардын дагы бир башкы көйгөйү - жер маселеси бар. Бирок ал дагы эми чечүлчүдөй болуп калды.

Кундуз Кырбашева

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кундуз Кырбашева, ишкер
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Ишкерлер көбүнчө тоскоолдукту ушул жер маселесинен сезишти. Мурдагы мыйзамдар боюнча ишкер кайсы облуста курулуш ачам десе ошол айыл аймакка барып, айылдык кеңешке чыгып же акимдер менен сүйлөшчү. Ар бир жерде ар башкача да, кээ бир айыл аймакта жер маселеси эрте чечилчү, ал эми айрым жерлерде маселени коомдук талкууга коюп, инвесторлордун маселеси жылдап чечилбей калчу. Эми Жашыл энергетика фонду тузүлгөн, Энергетика министрлиги ал аркылуу жерлерге ээлик кылып, сынактын негизинде ал жерлерди ВИЭ инвесторлоруна берет”,- деди ассоциация төрайымы Кундуз Кырбашева.

Глобалдык жылуулануудан улам чыккан климаттык өзгөрүүлөр, суунун аз топтолушу жана керектөөнүн тездик менен өсүшү сыяктуу бир нече фактор азыркы абалга алып келди. Мындан сырткары тармактагы тамырлап кеткен коррупция дагы оңбогондой кесепетин тийгизгени айтылып эле жүрөт.

Министрлер кабинети бир жумада энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер тилкелерин аныктоо жана бөлүп берүү укугун белгиленген тартипте Энергетика министрлигине берет. Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Кыргызстандын энергетика министринин укуктары дагы кеңейтилет.

Кыргызстанда биринчи жолу "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамы 2008-жылы кабыл алынган. Бул - өлкөдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүнү жана колдонууну жөнгө салган алгачкы укуктук документ болгон. Мыйзам андан бери бир нече жолу өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары, 2020-жылы “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө” жобо иштелип чыккан. Ага ылайык, Энергетика министрлигинен уруксат алган компаниялар бул жаатта расмий ишмердик жүргүзө алат.

АЭС куруу демилгеси

Коомдук сайттарда кыргыз бийлигинин энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү жана мындан ары энергиянын кайра жаралуу булактарына басым жасоо аракетинин артында “Росатом” аркылуу АЭС куруу ниети жатабы деген шек саноолор да айтылып жатат.

Ал арада орусиялык “Коммерсант” басылмасы Кыргызстандагы энергетика тармагындагы абалга токтолуп, талдап жибергенге жетишти.

Басылма Кыргызстан бир нече жылдан бери электр энергиясына муктаж экенин, былтыр 17,2 млрд кВт.саат керектегенин, ал эми өлкөдө болгону 14 млрд кВт.саат электр энергиясы өндүрүлуп чыкканын жазат. 2026-жылга барып энергияга муктаждык 19 млрд кВт.саатка чыгат деп, орусиялык басылма үч жылдан кийин Кыргызстанда 5–6 млрд кВт.саат энергия тартыш болот деп болжогон.

Булардын барын айтып келип “Коммерсант” орусиялык эксперттердин оозу менен жагдайдан чыгуунун логикалык жана жолу катары АЭС курууну белгилеген.

Орусиялык "Росатом" ишканасы Кыргызстанда атомдук электростанция курууга белсенип жатканы тууралуу былтыр күзүндө белгилүү болду. Анда бул тууралуу Сочиде Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "Росатом" өкүлү Андрей Рождествин сүйлөшкөнү кабарланган.

Бирок анда экологдор бул демилгеге нааразылыгын билдирип, АЭС куруу - дүйнө жүзүндөгү алдыңкы өлкөлөр сүрөп жаткан жашыл экономика концепциясына туура келбешин айтып чыгышкан.

Кыргызстанда энергетканын өзөгүн советтер союзу маалында курулган гидроэнергетика түзөт. Анын кубаттуулугу орточо 3,6 ГВт түзөт. Өлкөдөгү ири Токтогул (1,2 ГВт), Күрпсай (800 МВт) жана Таш-Көмүр (450 МВт) ГЭСтери бар. Алардын жабдыктары эскирип бүткөнү да айтылып келет.

Кыргызстандын президентти Садыр Жапаров климат боюнча Глазго шаарында өткөн чоң жыйында жасаган баяндамасы өзүнчө кеп кылса боло турган маселе. Анда президент дал ушул энергиянын кайра жаралуу булактарына өзгөчө көңүл бурулаарын, климаттын тез өзгөрүүсүн алдын алуу боюнча чоң кадамдар жазаларын айткан жайы бар. Учурда улам бир жерде күндөн энергия алчу станциялар курулуп, ишин баштайт экен деген кабарлар чыкканы менен азырынча чоң жыйынтык боло элек.