Жогорку-Нарын ГЭС каскадына кезектеги инвестор табылды
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Акипресс
Британиялык жеке менчик компания Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курууга белсенип жатат.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги ал компания “MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments” экенин тактап, бул туурасында меморандумга кол коюлганын да билдирди.
Кызматташуу меморандумуна Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана британиялык компаниянын атынан директор Роберт Битхард кол койду.
Жергиликтүү журналисттер бул чет элдик компаниянын буга чейинки ишмердигине кызыгып, бирок маалымат табышпай жатат.
“Өз ара түшүнүшүү меморандуму”
Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бул меморандум кол коюлган күндөн тартып 2023-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот. Эгерде тараптар меморандумга ылайык милдеттерди аткарбаса, белгилүү мөөнөттөн кийин документ автоматтык түрдө күчүн жоготору белгиленген. Деген менен министрликтин басма сөз кызматы ал кайсыл милдеттер экенин тактаган жок.
Британиянын ачык булактарында азырынча бул компаниянын толук аталышы менен маалымат табылбады. Белгилүү болгон дагы бир жагдай - учурда кыргыз өкмөтү британиялык компания менен Кыргызстандын бул долбооруна буга чейин инвестор болгон - “РусГидрого” байланыштуу маселени сүйлөшүп жатат. Тагыраак айтканда, "РусГидро" буга чейин койгон доо боюнча сөз жүрүп жатат.
“Энергетика министри учурда Лондондо иш-сапарда жүрөт. Азыр “РусГидрого” болгон карызды төлөө боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, -деди Энергетика министрлигин басма сөз катчысы Айзада Сулайманова.
Былтыр Гонконгдо өткөн эл аралык сотто Кыргызстан “РусГидрого” жеңилип, орусиялык ишкана баштапкы этапта Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курууга салган 37,5 миллион долларын кайра кайтарууга милдеттүү деп табылган.
Атамбаевдин чечими, “РусГидронун” шарты
Орус инвесторлору башында бул долбоорду 727 миллион долларга баалап, 2012-жылы иш башталган. Келишим боюнча 2016-жылы ГЭСтин төрт агрегатынын бири ишке кирүүсү керек эле. Бирок ага чейин эле 2015-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Россия бул долбоорду ишке ашыра албасын айтып чыккан.
Бирок бул билдирүүгө Путиндин басма сөз кызматчысы Дмитрий Песков Россия Кыргызстандагы ири долбоорлорунан баш тартпайт деп четке каккан жайы бар.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошентсе да, Темир Сариев башында турган ошол учурдагы кыргыз өкмөтү документтерди даярдап, 2016-жылы январда Жогорку Кеңеш “РусГидро” менен келишимди бир тараптуу денонсациялаган. Буга макул болбогон орус инвесторлору сотко кайрылышкан.
Келишим боюнча “РусГидро” биринчи агрегатты 2016-жылы ишке ишке киргизиши керек эле, кыргыз өкмөтү бир жыл чыдаганда кайра орусиялык инвесторлордун үстүнөн сотко кайрыла алмак.
“ 2015-жылы бир тараптуу келишимден чыгуу боюнча бир тараптуу денонсация Кыргызстандын ал кездеги саясий жетекчилигинин чечими болду окшойт. Орус тарап белгиленген мөөнөттө агрегаттарды ишке киргизүүгө жетишпей жатканы билинди. Анын себептери каржылык жагы аксап жатты. Каржы бөлүү жагы Госдуманын чечими аркылуу жүрмөк. Экинчиси, ал кездеги “РусГидронун” жетекчиси иштен алынып, ал баштаган долбоорлор токтоп калды”, -деди энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев.
Расмий Бишкек анда орус инвестору менен “ажырашуусун” агреграттар өз убагында ишке кирбегендигине улам деп түшүндүргөнү менен анын башка да себептери аталып келет. Мисалы, Москва анда болочок ГЭСтердеги үлүшүн мурда айтылгандай 50% эмес, 75% көтөргүсү келгендиги айтылат. Мындай шартка кыргыз өкмөтү ынанбай, улуттук кызыкчылыкка төп келбей калат деп келишимден бир тараптуу чыкканы да каңкууланып келет.
Карыздын камтамасы
Орус тарап баштапкы этапка деп салынган 37,5 миллион акчасын толугу менен кайтарууну талап кылган менен, буга чейин кыргыз парламентинде анын негиздүүлүгү тууралуу маселе көтөрүлгөн.
"Ал жерде жасалган иштер менен кеткен сумманын айырмасы үч эселенип турат. Анын баарынын далили бар. Жанагы Тарых музейиндегидей эле чыгымдар ашыра көрсөтүлгөн. Ал боюнча ишти прокуратура органдарына өткөрүп бергенбиз. Али күнгө чейин жыйынтык чыга элек",- деген эле мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов.
Жогорку Нарын каскадынын курулушун иликтеген депутаттык комиссия долбоорго кеткен чыгымдардын баасы эселеп көрсөтүлгөнүн бүтүм кылган эле. Мындан улам кыргыз өкмөтү орусиялык компаниянын акчасы кантип сарпталганын аудитке салууну да демилгелеген. Бирок анын аягы эмне менен бүткөнү жарыяланган эмес.
"РусГидро" ишканасынан кийин кыргыз бийлиги 2017-жылы чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭС куруу боюнча келишим түзгөн. Өкмөт анда, ал тургай, чехиялык ишкерлер Кыргызстандын "РусГидрого" болгон карызын төлөй турганын да жарыялаган. Бирок "Liglass Trading CZ" орусиялык компанияга Кыргызстандын карыз 37 миллион долларын көрсөтүлгөн мөөнөткө(19-сентябрь, 2017) төгө албай калып, кыргыз өкмөтү андан да кол үзгөн. Бул жерде чехиялык компаниянын буга чейин ири эч кандай долбоор ишке ашырбаганына коомдо шектенүү жаралып, терс пикирлер көптүк кылганы да роль ойногон.
Кыргыз өкмөтү буга чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына индиялык жана кытайлык инвесторлор кызыгып жатканын да айтканы бар, бирок алар эмне болду белгисиз.
Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору өзүнө төрт гидроэлектр станциясын (Акбулуң, Нарын-1,2,3) камтыйт, алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн кВтс.делет.
Импорт жана ири долбоорлор
Кыргызстан өткөн кышты оор энергетикалык каатчылык менен өткөрдү. Өздүк энергиянын кубаттуулугу жетишпей, кыргыз өкмөтү жылдагыдай эле тартыштыкты импорт менен жабууга аргасыз болду. Өлкө Түркмөнстандан 2 млрд кВт.с, ал эми Казакстандан 660 млн кВт.с импорттоду.
Буга карабай, өкмөт гидроэнергетика жаатында ири долбоорлорду баштап, Камбар-Ата-1 ГЭСи баш болгон бир нече каскаддар жана чакан ГЭСтерге басым коюп жатат.
“Бул башталган иштерди улантыш керек. Эң чоң иш бул Токтогул ГЭСтеги реконструкция жана модернизация болуп жатат. Былтыр ал жердеги агрегат ишке кирип, жаңы коюлду. Быйыл дагы экинчи гидро агрегатты алмаштырабыз деп жатышат. Мындан анын кубаттуулугу кыйла эле көтөрүлүп, 360 МегаВаттка иштеп жатат. Жогорку Нарын ГЭС, Камбар-Ата ГЭС1, Бала-Саруу, Сары-Жаз чакан ГЭСтерин салабыз деген дымактары жакшы. Ушулардын баары ишке ашса энергетика боюнча улутук коопсуздук чечилет эле” – дейт дагы бир эксперт Расул Үмбеталиев.
Кыргызстан ушу тапта энергетикадагы бардык кубаттуулуктарын кошкондогү өңдүргөн кубаттуулук колөмү 15 миллиард кВт.с, жетип жатат. Бирок аны керектөө көлөмү 3-4 миллиард кВт.с көптүк кылууда.
Өндүрүлгөн энергиянын 60% калкка, 40% өндүрүштүк жана коммерциялык ишканаларга сатылат. Калкка сатылган электр энергиясы өздүк наркынан төмөн баада сатылгандыктан, анын чыгымы мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Кыргыз бийлиги маал-маалы менен жарыкка болгон тарифтерди көтөрүүнү демилгелеп, бирок жалпы коомдук нааразылыктан чочулап тариф саясатын улам артка жылдырып келет.
Соңку макулдашуу суу ресурстарына бай, керек болсо электр энергиясын сыртка сата алат деген Кыргызстанда энергия тартыш болуп, импорт алып жаткан учурга туш келди. Тармак кеминде 30 млрд сомдук карызга баткан. Кыргыз бийлиги мындай абалдан чыгуу үчүн конкреттүү, так планы бар экенин айтып келет.
Бир жагынан Кыргызстан коңшулары Казакстан жана Өзбекстан менен бирге "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасына кол койгон мезгилде болду. Кол коюп, макулдашуу 6-январда болгон эле.












