“Камбар-Ата-1”: "Кумтөрдөн" дагы көбүрөөк киреше алып келет
Элеонора Сагындык кызы, БиБиСинин Бишкектеги кабарчысы
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан менен Өзбекстандын президенттери менен сүйлөшүү жүргөнүн президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата кеңешмесинде учкай айтты.
Бул тууралуу үч мамлекеттин президенттери макулдашканы Ысык-Көлдө өткөн форумда белгилүү болду. Бирок кыргыз бийлиги ал макулдашуунун мазумунун толугу менен ачыктай элек.

Сүрөттүн булагы, Official
Борбор Азия лидерлеринин саммитинде кыргыз президенти Садыр Жапаров аймактагы орток сууларды топтоо, пайдалануу маселесин көтөрдү.
"Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз, анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралган", - деди Садыр Жапаров.
Долбоор бир гана Кыргызстандын эмес, Борбор Азиядагы мамлекеттердин аймагында дагы суу ресурстарын бири-бирине ыңгайлуу шартта пайдаланууга шарт түзөт.

Сүрөттүн булагы, Official
Садыр Жапаров Казакстан менен Өзбекстанды Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлоруна чакырып, көбүрөөк инвестиция салууга үндөп жатат.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев буга дароо форумда эле жооп кылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айы чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет”- деди Токаев.
Энергетика боюнча эксперттер Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан алдын ала макулдашып, орток пикирге келгенине оң баасын берүүдө.
Эксперт Мырзатай Султаналиев Казакстан менен Өзбекстан ГЭС курулушуна жөн гана инвестиция салып тим болбостон, аны кези келгенде башкарууга да кызыкдар болуп жатканын айтат:
“Мындай ири долбоорлор коңшулаш өлкөлөрдүн макулдугу менен жүрөт. Буга чейин Өзбекстан Каримовдун тушунда бул долбоорго кирбей, каршы болуп келген. Азыр баары макулдугун берип атат. Жөн эле макулдук бербей, долбоорго өз салымыбызды кошобуз деп жатат да. Эгерде салымын кошо турган болсо, кийин аны башкарганга да мүмкүнчүлүк алышат. Казакстан бул долбоорго башынан эле макул болуп келген”.
Эксперт "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууда кошуна өлкөлөрдүн кызыкчылыгын чечмелегенге аракет кылды.
"Токтогул суу сактагычында чогулган сууну кышкысын Кыргызстан энергия өндүрүүгө жумшап калып жатат. Жаңы ГЭС салына турган болсо, энергияны ошол жактан алып, Токтогул суу сактагычында чогулган сууну вегатация убагында коңшу өлкөлөргө көп көлөмдө суу кое бергенге чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат да",- деди Мырзатай Султаналиев.
Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп, ишке киргизүү алдыңкы он жылда ишке ашат деген амбициялуу план коюп жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
Долбоор боюнча "Камбар-Ата -1" Кыргызстандагы эң ири ГЭС болуп курулат. 1 миң 860 мегаватт кубаттуулукта курулуп, жылына 5 миллиард киловат саат электр кубатын иштеп чыга алат. Анын төрт агрегаты болот.
Дамбанын бийиктиги 256 метр, ал эми андагы топтолгон суунун көлөмү беш миллиард кубдан кем болбойт деп күтүлүүдө.
“Буга күмөн болбош керек. Долбоор сегиз-он жылга барып толук бүтүп калат. 2024-жылы негизги курулушту баштайлы деп атабыз. 2028-жылы биринги агрегатты тапшыралы деп жатабыз. 2032-жылы болсо Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун толугу менен бүтүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар деп жатабыз. Бул долбоор ишке ашса, Кумтөрдөн да көбүрөөк киреше алып келет”,- дейт Энергетика министри Доскул Бекмурзаев.
Долбоордун биринчи этабында эле 486 миллион АКШ доллары керек болот. Курулушка керектүү каражат республикалык бюджеттен да каралат, бирок ага ири инвестициялар да тартылганы жатат. Бирок кыргыз өкмөтү ири инвестицияны кайсы өлкөлөр салганы жатат, ачыктай элек.
Ал арада "Камбар-Ата -1" ГЭСин, ГЭСтер каскадын курат делген мурунку инвестор “РусГидронун” (Россия) Кыргызстанга каршы доосу боюнча арбитраждык чечим чыкты.
Гонконгдогу Эл аралык арбитраждык борбор “РусГидронун” Жогорку Нарын гидроэлектр станциялар каскадынын курулушу боюнча долбоорго байланыштуу доосун жарым-жартылай канааттандырды.
2012-жылы Кыргызстан Россия менен келишим түзүп, ага ылайык орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап инвесторлор тарабынан иш жылбай жатканын жүйөө келтирип, бул келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.
“РусГидро” компаниясы алдын ала 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы эл аралык арбитражга кайрылган эле.












