"Камбар-Ата-1": Кыргызстан кантип башкарат?

Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштери 2022-жылы жайында башталган

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга даярдык иштери 2022-жылы жайында башталган.

Кыргызстан коңшулары Казакстан жана Өзбекстан менен бирге "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшканын энергетика министрлиги кабарлады. Сууга бай Кыргызстандын буга чейин Россия менен бирге ГЭС куруу аракети оңунан чыккан эмес. Эми коңшулар менен башталган аракет ишке ашар бекен?

Келишим

Сүрөттүн булагы, minenergo.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасына Кыргызстандын энергетика министри Ибраев Таалайбек, Казакстандын энергетика министри Акчулаков Болат жана Өзбекстандын энергетика министри Мирзамахмудов Журабек кол коюшту.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча жол картасына 6-январда Бишкекте кол коюлду.

"Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте «Камбар-Ата-1» ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат” - деп министр Таалай Ибраев айтканын анын басма сөз кызматы билдирди.

Бул документте ГЭС куруу боюнча үч өлкө катышкан биргелешкен ишкана түзүү каралган. Ал Кыргызстандын аймагында катталып, кыргыз тарап башкарат деп чечилгени айтылууда. Биргелешкен ишкананын 34% Кыргызстан, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33 пайыздан алат деп министрдин орун басары Мирлан Жакыпов айтканын башка маалымат булактары билдирди.

Андан сырткары, ТЭО иштеп чыгуунун шарттары, мөөнөтү, каржылоо жөнүндө пункттар бар.

Үлүштөрдү бөлүштүрүү маселесине келсек, эгерде Казакстан менен Өзбекстан биригип кетсе, Кыргызстан башкарууну колунан чыгарып жибербейби деген талкуулар башталууда.

Бүтүндөй регион үчүн маанилүү долбоор

Тоолуу Кыргызстан сууга бай өлкө, өзүнүн суу-энергетикалык потенциалынын араң он пайызын гана пайдаланып келатат. Совет доорунда Борбор Азия өлкөлөрү бирдиктүү энергетикалык системада иштеп, отун-суудан орчундуу маселе болгон эмес. Региондогу өлкөлөр эгемендик доорунда ар бири өз бетинче кетип, ар бири колундагы энергияны таза валютага сата баштады. Кыргызстан Казакстандан көмүр, Өзбекстандан газ алганга акчасы жетпей көп кыйналды.

Ошол убакта мурдагы коммунисттик лидер Турдакун Усубалиев Кыргызстандын суу-энергетикалык потенциалын чогуу куруп, чогуу пайдасын көрөлү деп коңшу өлкөлөрдүн башчыларына кайрылганда алар кулак салган эмес. Кыргызстандын тоо арасындагы бууракандап аккан дарыяларга ГЭС куруп, чогуу пайдалануу экономикалык гана эмес экологиялык жагынан регион үчүн аябай эле жакшы болмок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан кийин Россия менен сүйлөшүүлөр болуп, "Камбар-Ата-1" ГЭСин, "Жогорку Нарын" каскадындагы ГЭСтерди курууга келишим түзүлгөн. Акчасын Москва чыгарып, ГЭС курулуп бүтүп, өзүн актагычакты аны өзү башкармак. Бирок Россия бөлгөн миллиондогон акчаны ошол учурдагы президенттин уулу мойсоп койду деп Москва нааразы болуп, акыры өлкөдө бийлик алмашууга алып келди.

Атамбаевдин тушунда бул долбоорду жандантуу аракети болду, бирок орус тараптын акчасы жетпей, Кыргызстанга акыры келишимден чыгууга туура келген. "Жогорку Нарын" ГЭСин куруу боюнча россиялык "Русгидро" компаниясы менен эл аралык соттошуулар дагы эле жүрүп келатат.

Бир эле убакта "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга Өзбекстандын көзү өткөн президенти Ислам Каримов Кыргызстан суу ресурстарын каалагандай калчай албайт, эл аралык экспертиза керек деп каршы чыгып келди.

Ташкенттин жаңы башкаруучусу Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын сунушуна кулак салып, ГЭСти биргелешип курууга макул болгон. Эки жыл мурда Чолпон-Атадагы саммит убагында президент Садыр Жапаров Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери менен бир бүтүмгө келгенин кабарлаган.

"Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз, анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралган", - деген Садыр Жапаров.

Касым-Жомарт Токаев дагы ошол жыйында Казакстандын позициясын ачыктаган:

“Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айы чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет”- деген.

Эксперттер Камбар-Ата ГЭСин куруу бир гана Кыргызстандын маселеси эмес экенин, бул бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын козгогон долбоор экенин белгилешүүдө.

Анткени, суу ресурстарын пайдалануу маселеси Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин өзөгүн түзөт. Ошон үчүн региондогу өлкөлөр 1998-жылы суу-энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу жөнүндө өзүнчө макулдашууга кол коюшкан.

"Камбар-Ата" долбоору дал ошол суу пайдалануу маселесине келгенде, бир гана Өзбекстанды эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын кызыкчылыгын козгогон долбоор болуп саналат.

Даярдык иштери башталган

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарын дарыясындагы "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна биринчи этаптагы даярдык иштери иштерин президент өзү барып баштап берген.

Нарын дарыясындагы "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна биринчи этаптагы даярдык иштери өткөн жылы жайында башталган. Президент Садыр Жапаров даярдык иштерин былтыр жайында өзү барып баштап берген.

"Буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин ишке киргизип алсак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот",-деген Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, “Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот:

"Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот".

Биринчи эки жылда ГЭС курууга керектүү болгон жолдор, көпүрө, жатакана жана жумушчулар үчүн зарыл башка инфраструктураны куруу каралган.

"Буюрса биз курулуш иштерин баштап атабыз. Биз ошол жерге көпүрө курушубуз керек. Туннелди аягына чейин казышыбыз керек. Ошол курулуш иштеринин баарын өзүбүздүн күч менен баштап атабыз. Бюджетибизде 18 миллион доллар бар",-деген Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Би-Би-Сиге.

Иштин биринчи даярдык этабын бүтүрүш үчүн, төраганын айтымында, үч жарым жылдан беш жылга чейинки убакыт керек. Беш жылдан кийин ГЭСтин курулушу өзү башталат.

"Абдан кызыкдар биздин кошуналар болуп жатат. Бирок биринчи өзүбүз иреттеп, курулуш иштеринин баарын өзүбүз жасап, элге далилдейли деп атабыз. Инвесторлорду күтүп отурбай, курулуш аянтчаларынын баарын даярдап коелу деп атабыз".

Камбар-Ата

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Камбар-Ата-1" ГЭСи ушул сайга курулат

Кыргызстандагы эң ири ГЭС

"Камбар-Ата-1" курулуп бүткөндө анын өлкөнүн экономикасы үчүн мультипликативдик эффектиси болот. Кыргызстан электр энергиясын сырттан сатып албай, аны экспортко сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мигранттар үчүн жаңы иш орундар түзүлөт, анын баары бүтүндөй кластерди өнүктүрүүгө дем берет.

Долбоордун биринчи этабында 486 миллион АКШ доллары керек болот. Курулушка керектүү каражат республикалык бюджеттен да каралат, ошондой эле инвестиция да тартылат.

ГЭС

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, "Камбар-Ата -1" ГЭСин курууга 2,8 миллиард доллар каражат керек болору эсептелген.

Долбоор боюнча "Камбар-Ата-1" Кыргызстандагы эң ири ГЭС болуп курулат. 1 миң 860 мегаватт кубаттуулукта курулуп, жылына 5 миллиард киловат саат электр кубатын иштеп чыга алат. Анын төрт агрегаты болот.

Дамбанын бийиктиги 256 метр, ал эми андагы топтолгон суунун көлөмү беш миллиард кубдан көп болот.