Жердин деградациясы: топурак кунарын сактоо жана жер семирткичтерди туура колдонуу

Кыргызстан жер семирткичтерди толугу менен сырттан импорттойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда түшүмдүүлүктү арттыруу жана топурактын сапатын жакшыртуу маселеси дыйкандардын башкы түйшүгү бойдон калууда. Адистер жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жер семирткичтерди туура колдонуу керек дешет. Айыл чарба жерлеринин канча пайызы жер семирткич менен камсыздалган? Аларды колдонуудагы негизги көйгөйлөр эмнеде? Жер кыртышын жакшыртуу үчүн кандай ыкмалар керек?

Кыргызстан жер семирткичтерди толугу менен сырттан импорттойт. Алар коңшу Өзбекстан, Орусия жана Казакстандан келет.

Өлкө бул багытта башка мамлекеттерге көз каранды болгондуктан, жер семирткичтин баасы кымбаттап, дыйкандардын чыгымдарын көбөйткөн учурлар дагы болгон.

Мындай кырдаалдан улам аткезчилик күчөп, бул тармакта мамлекеттик саясатты жакшыртуу, бааларды турукташтыруу маселеси козголгон.

Көп жылдан бери пахта, дарбыз, жүгөрү, бедеден бери айдап, соңку төрт жылда интенсивдүү багбанчылыкка өткөн Саллайдин Ураимов буларды айтып берди:

"Учурда жер семирткичтерге тартыштык жок. Базар баасында сатылат. Каалаган убакта табууга мүмкүнчүлүк бар. Банк аркылуу алууга дагы шарт түзүп коюшкан. Жер семирткичтердин баасы жана жеткирүү боюнча олуттуу маселе жок".

Анткен менен көпчүлүк дыйкандар негизинен азот, фосфор жана калий сыяктуу классикалык жер семирткичтерди гана колдонуп келишет.

"Бизге органикалык жер семирткичтер дагы керек. Мал кармагандар кык даярдап, сөөлжан салып, гумус даярдайт. Бирок ал жетишсиз. Арзан баада органикалык негиздеги бар, микроэлементтерди камтыган жер семирткичтер болсо жакшы болмок",- деди дыйкан.

Тиешелүү министрлик эмне дейт?

Айдоо жер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча айдоо жерлерин камсыздоо үчүн жылына болжол менен 280 миң тонна жер семирткич талап кылынат. Бирок реалдуу суроо-талап 160 миң тоннадан ашат.

Министрлик билдиргендей, Кыргызстанды жер семирткич менен камсыз кылган он чакты компания иш алып барат жана 10 килограммы 230 сомдон сатылат.

Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Турсунбек Кубанычбеков бул жеткиликтүү баа дейт:

"Өткөн жылы жер семирткич тартыш болгон жок. Азыр кампаларда 43 миң тонна жер семирткич бар. Мындан тышкары дагы ташылып келүүдө. Өткөн жылы ушул мезгилде кампаларда 29 миң 900 тонна жер семирткич бар болчу, быйыл бул көрсөткүч 13 миң тоннага көп".

Анын айтымында, Кыргызстанга азот, фосфор жана калий камтыган минералдык жер семирткичтер ташылып келет жана алардын сапаты атайын лабораторияларда текшерилет.

"Дыйкан сатып алып жатканда ошол жерден эле сапаты боюнча маалымат кат талап кылса болот. Эгерде сатып алган соң кошумча текшерүүдөн өткөрүүнү кааласа, биздин лабораторияларга алып келип, анализ жасатууга мүмкүнчүлүгү бар. Адистер жер семирткичтин сапатын, курамында кандай элементтер бар экенин так аныктап беришет", – деди ал.

Адис Кыргызстан айыл чарбага басым жасаган өлкө болгону менен жер семирткичти өз алдынча өндүрө албаганы чоң көйгөй дейт. Анын айтымында, 2017-жылдан бери Кытай менен бул тармакта ири завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келген.

"2019-жылы эки өлкө ортосунда меморандум түзүлүп, 2023-жылы 260 миллион доллар инвестиция тартуу боюнча макулдашууга кол коюлган. 2025-жылы президенттин Кытайга болгон сапарынын алкагында бул суммага дагы 150 миллион доллар кошулуп, жалпы 410 миллион долларга инвестициялык келишим түзүлдү. Анын 150 миллион долларына Ноокат районунда жер семирткич чыгаруучу завод курула баштады. Алдын ала маалыматтарга караганда, заводдун биринчи этабы 2025-жылдын апрель айында ишке киргизилет. Жылына 200 миң тонна жер семирткич өндүрүү пландалууда, бул өлкөнү импортко болгон көз карандылыктан арылтууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт",- деди Турсунбек Кубанычбеков.

Адистин кеңеши

Топурак изилдөөчү Жусуп Ташировдун айтымында, Кыргызстандагы айдоо жерлердин 80 пайызы деградацияга учураган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Топурак изилдөөчү Жусуп Ташировдун айтымында, Кыргызстандагы айдоо жерлердин 80 пайызы деградацияга учураган.

Адис бул көйгөйдүн негизги себептери катары химиялык заттарды ашыкча колдонуу, сугат системасы жана жер айдоо ыкмалары туура эмес жүргүзүлүп жатканын айтат. Он беш жылдан бери аймактарды кыдырып, дыйкандарды окутуп жүргөн адис агротехнологиялар жана топуракты сактоо ыкмалары боюнча агартуу иштерин кеңири жүргүзүү керек дейт:

"Кырк-элүү жыл мурун шамал болгондо талаадан топурак асманга көтөрүлчү эмес. Азыр болсо күлдөй сапырып, топурактын үстүңкү катмарын алып кетип жатат. Көпчүлүк дыйкан сууну түнү менен калтырып коет. Тынбай бир сутка сугарылган жерден 20 тоннадан 40 тоннага чейин топурак агып кетет. Чопо, кум жана таш калат, жер катып, кунарын жоготот. Башкача айтканда, топуракта керектүү азыктар азайып, эң негизги макро, микро элементтер жетишсиз боло баштайт. Кыргызстанда гумустун көлөмү азайып, семиз жердин майы кетип жатат. Учурда химиялык жер семирткичтерди 2-3 эсе көп колдонуу тенденциясы байкалууда. Маселен, дарбыз менен коон үчүн 300 кг. химиялык зат жетиштүү болсо, дыйкандар аны 1,5-2 тоннага чейин кошуп жатышат. Күрүч өстүргөндө дагы көп колдонушат", – деди адис.

Ташировдун айтымында, азот камтылган химиялык заттар эки багытта иштейт. Биринчиден, өсүмдүктүн вегетациясын камсыз кылып, тез өсүүгө жана жашыл массаны көбөйтүүгө жардам берет. Бирок экинчи жагынан жердин майлуулугун азайтып, структурасын талкалайт.

Топурак изилдөөчү жердин кунарын сактоо жана семиртүү үчүн эң таза жана эффективдүү каражаттардын бири чириген кык дейт. Бирок көпчүлүк дыйкандар аны дагы туура колдонуу ыкмасын билбейт:

"Дыйкандар көп учурда кыкты топтоп, дароо эле талаага чачат. Бул чоң ката. Анткени анын курамындагы сийдик кислотасы толук чыгып, гумуска айланууга жетишпейт. Ал жерди шорго айлантат. Кыкты кеминде төрт жыл чиритип, анан гана колдонуу керек. Аны чиритпей чачуу менен талаасына оору, отоо чөп жана зыянкечтерди алып келип жатат. Целитра да, азот да топурактагы шорду көбөйтүп жиберет. РH деп коет, бул топурактын щелочтуулук деңгээлинин көрсөткүчү. Ошол нормадан жогору болуп жатат. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Эгер жер семирткичтерди жана мителерге каршы дарыларды азыркыдай пайдалануу улана берсе, 30-40 жылдан кийин айдоо жерлер кескин кыскарып кетиши мүмкүн. Азыр топуракты багууга мезгил келди".

Адистин айтымында, дыйкандар жерди айдоо ишине дагы өзгөчө маани бериши керек. Топурак канчалык терең айдалса, ошончолук анын нымдуулугу сакталат. Ошондой эле топурак касиетин жоготпошу үчүн жерди күзүндө айдоону сунуштайт.

"Учурда трактористтер жерди болгону 15-20 см. тереңдикте гана айдайт. Мунун кесепетинен соко таман болуп, суу терең сиңбей жер катыйт, кетмен өтпөй калат",- деди ал.

"Лаборатория жетпейт"

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча айдоо жерлерин камсыздоо үчүн жылына болжол менен 280 миң тонна жер семирткич талап кылынат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Топурак изилдөөчүнүн айтымында, жер семирткичтерди жана зыянкечтерге каршы дарыларды ашыкча колдонуу көп жылдык отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө шарт түзөт. Ошондуктан дыйкандар жер кыртышынын абалын анализден өткөрүшү керек. Бирок адис Кыргызстанда мындай лабораториялар жетишсиз дейт:

"Ар бир районго жок дегенде бирден лаборатория керек. Бул маселени Министрлер кабинети чечүүгө тийиш. Экинчиден, топурак таануу боюнча адистерди даярдоо зарыл. Алар дыйкандарга туура багыт бергендей болушу керек. Ошондой эле дыйкандарды окутуу абдан маанилүү. Мындан тышкары органикалык жер семирткичтер менен камсыздоо зарыл. Анткени алар топурактын кыртышын калыбына келтирет. Бул эң арзан, эң күчтүү жана эң таасирдүү жер семирткич".

Айыл чарба министрлиги агротехнологияны үйрөтүү максатында элеттик дыйкандарды окутуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары жердин кыртышынын абалын текшерүү боюнча атайын лабораторияларда адистер кеңеш берүүгө даяр экенин кошумчалады.

"Мамлекет көңүл бурбай жатат"

Аскат Баянов соңку жылдары Кыргызстанда топурак изилдөө иштерине мамлекеттик деңгээлде жетиштүү көңүл бурулбай калганын белгиледи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Республикалык топурак-агрохимиялык станциянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпы 1 млн 270 миң гектар айдоо жери бар. Анын ичинен 850–860 миң гектары сугат жер болсо, калганы кайрак жер.

Айдоо жерлеринин 75 пайызы үлүш ээлерине, 25 пайызы гана мамлекеттик фондго таандык.

Станциянын директору Аскат Баяновдун айтымында, Кыргызстанда союз учурунан бери үч жолу топурак изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Соңку изилдөө 1993–2014-жылдар аралыгында өтүп, анын жыйынтыгында төмөнкүдөй деградация көрсөткүчтөрү аныкталган:

  • Туз баскан жерлер – 146 миң 600 гектар
  • Шор баскан жерлер – 99 миң гектар
  • Саздак жерлер – 31 миң 100 гектар
  • Таштак жерлер – 315 миң гектар
  • Шамал эрозиясына кабылган жерлер – 651 миң гектар
  • Суу эрозиясына кабылган жерлер – 682 миң гектар

Аскат Баянов соңку жылдары Кыргызстанда топурак изилдөө иштерине мамлекеттик деңгээлде жетиштүү көңүл бурулбай калганын белгиледи. Анын айтымында, советтер союзу маалында ири масштабдагы топурак изилдөө иштерин жүргүзүп келген институт жоюлуп кеткен.

Бул айыл чарба жерлеринин абалын көзөмөлдөөнү татаалдаштырып, топурактын деградациясын алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө тоскоолдук жаратууда:

"Топурак изилдөө татаал процесс. Аны атайын топурак таануучулар жана агрохимиктер жүргүзүшү керек. Бирок Кыргызстанда мындай адистер жетишсиз. Мамлекет каржылык колдоо көрсөтпөгөндүктөн изилдөө иштери токтоп калган. Учурда бизде болгону жыйырмадай гана кызматкер иштейт, 5-6 топурак таануучу, дагы 5-6 лаборант бар. Бул адистер бүтүндөй республика боюнча иш алып барууга жетишпейт. Эгер каржылоо маселеси чечилсе, штат кеңейтилсе, өлкө боюнча электрондук база түзүп, кырдаалды көзөмөлгө алуу мүмкүн болмок. Эгер абал өзгөрбөсө, Кыргызстанда кесипкөй топурак изилдөөчүлөр такыр эле калбай калышы мүмкүн. Эң жаманы 50-100 жылдан кийин өлкө азык-түлүк коопсуздугу боюнча чоң коркунучка туш болушу ыктымал".

Адистин айтымында, коңшулаш Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда бул институттар убагында сакталып калган. Учурда алар топурактын кыртышын жана кунарын текшерүү үчүн илимий-практикалык изилдөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.

Эксперттер билдиргендей, ири масштабдагы топурак изилдөө иштери 15-20 жыл сайын жаңыланып турушу керек.