Шайлоо-2021: Жыйынтыктын катасы IT-адистер менен бирге иликтенет

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүгүн БШКда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын эсептөөдө кеткен ката боюнча жарандык коом менен БШК өкүлдөрү биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү. Ага партиялардын өкүлдөрү жана ММК мүчөлөрү катышты.
УКМК бүгүн добуш берүүдөн кийинки техникалык мүчүлүштүктөр боюнча териштирүүнүн алкагында, ката АЭСтен (автоматтык эсептөө системасы) эмес, сайттын өзүнөн кеткен деген маалымат таратты. Билдирүүдө шайлоого чейинки даярдык учурундагы системаны тестирлөөдө эч кандай мүчүлүштүк болбогону белгиленген.
Бүгүнкү болуп өткөн маалымат жыйында БШКнын төрайымы тестирлөөгө аз сандагы бюллетендер катталып, сервер аз сан менен иштегендиктен, эч кандай ката байкалган эмес деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg
“Биз эки шайлоо тилкесинде тестирлөө өткөргөнбүз. Бирок ал жакта аз сандар менен иштегендиктен, андай каталар көрүнбөй калат экен. Биздин техникалык адистер “аз берилиштер менен иштегенде байкалбай калчу ката” деген тыянак чыгарып жатышат”, - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
“Көз карандысыз иликтөө керек...”
Жыйында шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар БШКга ар бир партиядан IT-адис жана анын өкүлү катышкан комиссия түзүп, АЭСтин мүчүлүштүктөрүн ачык иликтөөнү сунуш кылышты.
“Бизге ошол серверге “доступ” керек. Биздин аналитиктерден куралган тобубуз бар, биз алар менен бирге серверде эмне болгонун ачык көрүп, көз карандысыз изилдөө жүргүзө алабыз. Ошондой эле биз башка партияларды кошулууга чакырабыз. Келгиле, ачык изилдөө жүргүзөбүз. Болбосо, биз азыр добуш саноо процессине кандайдыр бир кийлигишүүлөр болду деп ойлоп жатабыз ”, - деди “Ата Мекен” партиясынан талапкер Тилек Токтогазиев.

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK/TILEK TOKTOGAZIEV
Бул пикирди колдоп, “Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев дагы БШКга кайрылды. Ал изилдөөчү топко IT-адисин да кошуу керектигин баса белгиледи.
«Мен IT адиси катары сиздерге сунуш айтайын, ар бир партия өзүнүн бирден IT-адисин берсин. Биз, жумушчу топ жана адистер, УКМК болуп баарыбыз чогу изилдейли. Сиздер айтып жаткан ката кетирген адис иш учурунда эмне кылганын камерадан көрөлү, ал чын эле формуланы туура эмес жаздыбы же кандай болгон. Программалоодо ар бир кадам тууралуу тарыхча жазылат. Ошону көрөлү. Ал жакта чынында эмне болгон. УКМК менен чогу ушунун бардыгын ачык көрөлү », - деди Марлен Маматалиев.

Сүрөттүн булагы, social media
IT-коомчулуктун позициясы
Би-Би-Си бул маселе боюнча IT-адистердин пикирин билүүгө аракет кылды. Бирок акыркы кезде мамлекет менен иштешкен IT адистер күнөөлөнүп, соттолуп кетип жаткан учурлар көп болуп жаткандыктан, алар мамлекетти ишенимсиз шерик деп эсептешерин айтып, анын иштерине атын атап комментарий берүүдөн баш тартышты.
Жалпысынан азырынча талдоо жүргүзүүгө жетиштүү ачык маалымат жок болгондуктан, эмнеден улам ката кеткенин билүү мүмкүн эместигин айтуу менен гана чектелишти.
“Шайлоого даярдык жакшы болгон эмес...”
Жыйында шайлоого даярдык жеткиликтүү деңгээлде көрүлгөн эмес деген дагы маселе көтөрүлдү. Жараксыз бюллетендердин 1 миллондон ашып кетишинин себеби да ушунда деген пикирлер айтылды.
“Мен кечээ Токтогулдагы шайлоо тилкесинде болдум. Жараксыз бюллетендерди бийликчил партияларга бөлүштүрүп коюп жатышыптыр. Кээ бир шайлоо тилкелеринде жараксыз бюллетендерди ачкандан коркуп отурушат. Биз анча бюллетенди эми эмне кылабыз? Маселе бар да бул жерде. Балким биздин добуштар ошол жактадыр”, - деди “Ата Мекен” партиясынан талапкер Клара Сооронкулова.

“Шайлдабекованын БШКнын жетекчилигинде турууга моралдык укугу жок”
Экс-депутат Жылдыз Жолдошева БШКда мындай каталар мурун да болуп келгенин айтып, БШКнын төрайымын сынга алды. Анын айтуусунда, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдун шайлоону таза өткөрөбүз деген убадасына көлөкө түшүрдү жана элде ишенич жоголду. Мындан улам ал Шайлдабекованын БШКнын башчылыгында турууга моралдык укугу жок экенин баса белгиледи.
“Саясий диалог керек...”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жыйындын соңунда сунуштар кабыл алынып, жума күнгө чейин партиялар изилдөө үчүн жумушчу топко өзүлөрүнүн өкүлдөрүн бекитмей болушту.
Иш-чараны уюштурган жарандык коомдун атынан укук коргоочу Динара Ошурахунова саясий күчтөрдү диалогго чакырды. Ал ага бардык саясий партияларынын өкүлдөрүн, БШК, УКМК жана өлкө башчысын катышууга чакырды.
Ал сунушту ошол замат Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго берип, диалог уюштуруп берүүсүн өтүндү. Коопсуздук кеңешинин катчысы Иманкулов добушту эсептөөгө мыйзам боюнча 20 күн берилгенин айтып, күтө турууга чакырды жана саясий диалогго даяр экенин да кошумчалады.
28-ноябрда добуш берүү аяктаган соң, БШКнын сайтындагы автоматтык эсептөө урналарынын маалыматтары үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добуштары азайып кеткен. Алсак, “Ата мекен” партиясыныкы 71 миңден 41 миңге, "Бүтүн Кыргызстандыкы" 119 миңден 79 миңге түшүп калган.
БШКнын электрондук системасындагы катаны адис кетирген деген маалыматты аталган мекеме кечээ тараткан. Анда БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АЭСтен алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката), бирок бир нече убакыттан кийин маалыматтарды визуалдаштыруудагы формула оңдолгон деп айтылат. Ошондой эле АЭСте да, негизги системада да маалымат өзгөрүүсүз каларын жана бул өтпөй калган партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон деп белгиленет.








