Садыр Жапаров: "Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. УКМК териштирүү иштерин баштады"

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргыз президенти Садыр Жапаров БШКнын электрондук системасындагы каталыкты УКМК териштирип баштаганын билдирди. Президент бул митингге шылтоо издеген кандайдыр бир күчтөрдүн кылган иши болушу мүмкүн деди. Ал ортодо БШК шайлоо участкаларындагы добуштардын кол менен саналып жатканын гана билдирүүдө. Бул иш аяктагандан кийин гана шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылат.

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, President.kg

Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына БШКнын сервериндеги кеткен каталык боюнча УКМк текшерүү ишин баштаганын жазды. Президент бул каталык БШКнын адисинин шалаакылыгы деп айтууда.

“Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингке чыкканга шылтоо жасап берем”, - деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет",-деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле акыркы жыйынтык кол санак бүткөндө гана чыгарын эскертип, кызыкдар тараптарды кол санакка активдүү катышууга чакырды.

БШКнын расмий сайтынан алынган маалымат боюнча шейшембиде кечки саат бешке карата шайлоо участкаларындагы добуштардын 27% гана кол менен эсептелип чыкты. Калганын эсептеп чыгыш үчүн канча убакыт керек, эмне үчүн добуштарды саноого ушунча көп убакыт кетет деген суроолор чыгууда.

Биз ушундай суроону БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматовго жолдодук.

“Биз 3 миллион 700 миң бюллетень чыгарсак, кайсынысы кайсы партияга берилди, кайсы талапкерге берилди, жарактуусу канча, эч ким иштетпей жокко чыгарылганы канча, бузулуп калгандарын, баарын эсептеп чыккандан кийин гана системага кириши керек. Азыр жер-жерлердеги участкалык шайлоо комиссиялары, облустук шайлоо комиссиялары адис эмес, ошон үчүн киргизүүдө проблемалар болуп атат. Ошон үчүн жай жүрүп жатат. Азыр жер-жерлерде системага киргизүү этабындагы иштер жүрүп жатат”, - деди Би-Би-Сиге Абдыжапар Бегматов.

БШК жана башка мамлекеттик органдардын башчылары шайлоо участкаларындагы добуштардын баары тең кол менен эсептелип чыккандан кийин гана шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылат деп билдиришүүдө. Мыйзам боюнча ага чейин электрондук урналардан түшкөн добуштардын эсеби алдын ала маалымат гана маанисинде болот.

Шайлоо участкаларындагы добуштарды кол менен саноо партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана көз каранды эмес байкоочулардын катышуусу жана көзөмөлү астында жүрүшү керек. Бирок так ушул эреже кандай аткарылып жатканын айтуу кыйын.

Шайлоого көз каранды эмес байкоо жүргүзүп жаткан “Жалпы иш” коомдук фондусунун эксперти Арслан Өмүрзаков алардын байкоочулары 300 гана шайлоо участогунда бар экенин билдирди.

Добуштарды кол менен саноо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуштарды кол менен саноо жай жүрүп жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле убакта шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан партиялар добуштарды кол менен саноо процесси партиялардын көзөмөлү астында эмес, жабык жүрүп аткан учурларды белгилеп, демек ага да ишеним жок деп жатышат.

Биз мурда билдиргендей, беш партия, анын ичинде "Ата Мекен", "Азаттык", "Улуттар биримдиги", "Реформа", "Социал-демократтар" шайлоодо добуштар уурдалды деп билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

28-ноябрда добуш берүү бүткөндөн кийин БШКнын сайтында автоматташкан эсептөө урналарынын маалыматтары үзгүлтүккө учурап, жаңыргандан кийин партиялардын добуштары таң каларлыктай азайып кетти. Анын ичинде "Ата Мекендики" 71 миңден 41 миңге, "Бүтүн Кыргызстандыкы" 119 миңден 79 миңге түшүп калды.

БШК муну техникалык мүчүлүштүк, механикалык инцидент деп атады. Коопсуздук кеңешинин катчысы БШКнын сайтына хакердик чабуул болду деп айтты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз кезегинде эч кандай хакердик чабуул болгон эместигин, болгону бир таблицада программалык ката кеткенин айтууда.

Ал эми шайлоого нааразы болгон партиялар бул бийлик атайы алдын ала даярданган пландуу операция деп жатышат. 

БШК митинг
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоо жыйынтыгына нааразы жарандар жана саясатчылар дүйшөмбүдө БШКнын алдына чогулуп, өздөрүнүн талаптарын билдиришти