Өмүрбек Текебаев өзүнө кол салуу болгонун билдирди

Сүрөттүн булагы, social media
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн ага жетимиштей адам кол салганын, анын ичинен экөө уруп баштаганын, бирок жанынан өтүп бараткан адамдар токтотуп калганын билдирди.
"Бул кол салуу - саясий террордун башталышы. Башкалар коркуп калсын деп так менден башташты. Кол салгандар мени шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жатасың деп айыпташты. Алар биз эмне үчүн БШКнын жанында митинг кылып жатканыбызды сурады. Алар туруктуулук жана тынчтык керек деп коюп, өздөрү чыр-чатак салышты", -деди Өмүрбек Текебаев.
Саясий лидер милицияга арыз менен кайрылганын тактап айткан жок.
Искен Афиджанов Фейсбукка жазган маалыматка караганда, саясатчынын бүгүн "Парк-отелдин" жанынан 70-80 адамдан турган топ курчап алып, көз айнегин сындырып, телефонун алып кетишти.

Сүрөттүн булагы, Urmat Nasykulov
ИИМдин басма сөз кызматы Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерде иштеп жатканын гана билдирди.
Жекшембиде парламенттик шайлоодон кийин чыккан нааразылык басыла элек. Бир катар партиялар шайлоодо добуштар уурдалды деп БШКнын алдына митингге чыгып атышат.
Алар шайлоону жараксыз кылып кайра өткөрүүнү, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылышууда.
Митингге чыгып аткан партиялардын арасында биринчи кезекте "Ата Мекен", "Азаттык", социал-демократтар бар. Өмүрбек Текебаев БШКнын алдында 29-ноябрда болгон митингге барган болчу.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырганын анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.
"Ошондой эле, болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт. Белгилей кетсек, ар бир адам макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылганга акысы бар. ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү”, - деп билдирди президенттин басма-сөз катчысы. (КС)








