Пандора документтери. Жөнөкөй түшүндүрмө - ким, канча, кайдан, кантип?

Пандора документтери - жашыруун байлыктарды, салыктан качууларды жана дүйнөдөгү бай жана таасирдүү айрым адамдардын акча адалдоосун ачыкка чыгарган 12 миллионго жакын документердин топтому.
117 өлкөдөгү 600дөн ашуун журналист бир нече ай бою 14 булактын файлдарын карап чыгып, бул аптада жарыяланып жаткан маалыматтарды табышты.
Маалыматтар Вашингтондогу Эл аралык иликтөөчү журналисттер консорциуму (ICIJ) тарабынан чогултулган, ал тарыхтагы эң ири глобалдык иликтөө жүргүзүү үчүн 140тан ашык медиа уюмдар менен кызматташкан.
Би-Би-Си Panorama жана The Guardian Британия боюнча иликтөөнү жетектешти.
Эмнелер белгилүү болду?
Пандора документтеринин ачыкка чыгуусу 6,4 миллион документти, үч миллионго жакын сүрөттөрдү, миллиондон ашык электрондук каттарды жана жарым миллионго жакын электрондук жадыбалдарды камтыйт.
Азыркы учурга жарыяланган окуялар:
- Тори-консерваторлордун көрүнүктүү донору Европанын эң чоң коррупциялык чууларынын бирине катышкан
- Иордания падышасы жашыруун компаниялар аркылуу Улуу Британияда жана АКШда 70 миллион фунт стерлингди кыймылсыз мүлккө жумшаган
- Азербайжандын лидеринин үй-бүлөсү Британиядагы 400 миллион фунт стерлинг мүлк келишимдерине жашыруун катышуусу
- Чехиянын премьер-министринин 12 миллион фунт стерлингге Францияда эки вилланы сатып алуу үчүн оффшордук инвестициялык компаниясын декларацияда жарыялабаганы
- Кениянын президенти Ухуру Кениаттанын үй-бүлөсү ондогон жылдар бою оффшордук компаниялардын тармагына кантип жашыруун ээлик кылып келгени
Файлдар дүйнөнүн эң күчтүү адамдарынын, анын ичинде 90 өлкөдөн 330дан ашуун саясатчылардын байлыгын жашыруу үчүн жашыруун оффшордук компанияларды колдонгонун көрсөтөт.
АКШнын Global Financial Integrity аналитикалык борборунун кызматкери Лакшми Кумар түшүндүргөндөй, бул кишилер мындай анонимдүү компаниялар аркылуу "акчаны киргизип, чыгарып жана жашырыша алышат".

"Оффшор" дегенде эмнени түшүнөбүз?
Пандора документтери көбүнчө акчага жана активдерге жашыруун ээлик кылуу максатындагы эл аралык деңгээлде иштеген компаниялардын татаал желелерин ачыктайт.
Мисалы, кимдир бирөөнүн Британияда мүлкү болушу мүмкүн, бирок ал аталган мүлккө башка өлкөлөрдө жайгашкан компаниялардын желеси аркылуу же "оффшордо" ээлик кылат.
Бул оффшордук өлкөлөр же аймактар төмөнкүдөй жерлерде жайгашат:
- компанияларды түзүү оңой
- компаниялардын ээлерин аныктоону кыйындаткан мыйзамдары бар
- корпоративдик салык аз же такыр жок
Мындай жерлер көбүнчө салык башпаанеги же купуялык юрисдикциясы деп аталат. Салык башпаанектеринин так тизмеси жок, бирок эң белгилүүлөрүнө Британиянын Кайман аралдары жана Виргин аралдары сыяктуу жерлер, ошондой эле Швейцария жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр кирет.
Салык башпаанегин колдонуу мыйзамсызбы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мыйзамдагы жылчыктар адамдарга акчаларын которуу же салыктан баш калкалоочу жайларды ачуу аркылуу айрым салыктардан мыйзамдуу түрдө качууга мүмкүндүк берет, бирок бул көбүнчө этикага жатпаган нерсе катары каралат. Британиянын өкмөтү салык төлөөдөн качуу "мыйзамдын баалуулуктарына эмес, сөзмө-сөз маанисине ылайык иш кылууну камтыйт" деп эсептейт.
Кылмыштуу кол салуулардан коргоо же өкмөттүн туруксуздугунан кирешелерин коргоо сыяктуу адамдардын акчаны жана мүлктү ар кайсы өлкөлөрдө сактагысы келүүсүнүн бир катар мыйзамдуу себептери бар.
Жашыруун оффшордук активдерге ээ болуу мыйзамсыз болбосо да, жашыруун компаниялардын татаал желеси аркылуу акча жана активдерди которуу кылмыштуу кирешелерди жашыруунун эң мыкты жолу болуп саналат.
Саясатчыларга салык төлөөдөн баш тартууну же мүлкүн жашырууну татаалдатуу үчүн, айрыкча Панама документтери сыяктуу мурунку ачыкка чыгуулардан кийин, кайра-кайра чакырыктар болгон.
Бирок Райл мырза Пандора документтери "оффшордук сырды токтото ала турган адамдар... андан өздөрү пайда көрүшөт. Демек, алардын аны токтотууга далалат кылбай турганын" көрсөткөнүн айтты.
Акчаны оффшорго жашыруу канчалык оңой?
Болгону, жогоруда айтылган купуялуу өлкөлөрдүн же юрисдикциялардын биринде “кабык” (же утурумдук) компания түзүү керек. Кабык компания - бул номиналдык түрдө гана иштеген, жумушчулары же кеңсеси жок компания.
Ага акча кетет. Сизге таандык кабык компанияларды түзүп жана иштетип турушу үчүн адистешкен фирмаларга акы төлөнөт. Бул фирмалар айлык алуучу директорлордун дарегин жана аттарын бере алышат, ошону менен бизнестин артында ким турганы жөнүндө эч кандай из калбайт.
Оффшордо канча акча катылган?
Бул тууралуу так айтуу мүмкүн эмес, бирок ICIJ уюмунун маалыматы боюнча, 5,6 триллион доллардан 32 триллион долларга чейин. Эл аралык валюта фонду салык башпаанектерин колдонуу дүйнө жүзүндөгү өкмөттөргө жыл сайын жоготулган салыктардан 600 миллиард доллар чыгым келтирерин билдирди.
Кумар айым бул коомдун калган бөлүгүнө зыянын тийгизерин айтты:
"Акчаны жашыруу жөндөмү сиздин жашооңузга түздөн-түз таасирин тийгизет... бул балаңыздын билим, медициналык жардам, үй алуусуна таасирин тийгизет".
Британия бул боюнча эмне кылып жатат?
Британия чет өлкөлүк анонимдүү компанияларга мүлккө ээ болууга уруксат бергени үчүн сынга алынган.
2018-жылы өкмөт Британиядагы кыймылсыз мүлктүн акыркы ээлерин жарыялоону талап кылган мыйзам долбоорун жарыялаган. Бирок дагы эле аны депутаттар карай элек.
2019-жылдагы парламенттик отчетто британ системасы "мүлктү мыйзамсыз акчаны адалдоо үчүн сатып алууну каалагандарды" тартып турары айтылган.
Анда полиция мүлктүн кимге таандык экенин көрө албагандыктан, кылмыштарды иликтөө көбүнчө "кыйынчылыктарга кабылат" деп айтылат.
Жакында өкмөт мүлк аркылуу кирешелерди адалдоо тобокелдигинин деңгээлин "ортодон" "жогоркуга" көтөрдү.
Анда мыйзамдарды катаалдаштыруу жана алардын аткарылышын камсыздоо акча адалдоочулардын түбүнө жетери жана парламент убакыт тапканда Улуу Британияда мүлккө ээлик кылган офшордук компаниялардын реестрин киргизери айтылат.











