"Панама документтери": Офшордогу компаниялардын Кыргызстандагы изи

Ачыкка чыгып кеткен өтө көп сандагы жашыруун документтер бай жана таасирлүү адамдар офшордогу компанияларды кантип пайдаланып, кантип байлыгын жашырып, салык төлөөдөн качып келгендигин көрсөттү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ачыкка чыгып кеткен өтө көп сандагы жашыруун документтер бай жана таасирлүү адамдар офшордогу компанияларды кантип пайдаланып, кантип байлыгын жашырып, салык төлөөдөн качып келгендигин көрсөттү.

Кыргызстанда тоо кен тармагына келип жаткан чет элдик компаниялардын офшордогу каттоосун тыкыр текшерүү керек деп жатышат. Кыргыз тоо кен ассоциациясынын жетекчиси Ишенбай Чунуев тоо кен тармагын жөнгө салган мыйзамдарга ушундай талап киргизүү керектигин Би-Би-Сиге билдирди. Кыргыз тоо кенчилери мындай сунушту бай жана таасирлүү адамдардын байлыктары катылганын ашкерелеген “Панама документтери” ачыккан чыккандан кийин көтөрүп жатышат.

Андагы документтерге караганда, Азербайжан президентинин кыздарына тийиштүү Redgold Estates Azerbaijan Ltd компаниясы чынында эле 2012-жылы Кыргызстандагы алтын кендерине кызыгып келген экен. Бул маалыматты Би-Би-Сиге Мамлекеттик геология агенттигинин директорунун орун басары Уланбек Рыскулов ырастады. Анын айтымында, ошол жылы биринчи жолу кендерди сатуу боюнча аукцион өткөрүлүп, он эки объект коюлган. Анын бирөө көмүр, калганы алтын кендери болгон. Ага катышкан 48 компаниянын ичинде Redgold Estates Azerbaijan да болгон.

Redgold Estates Azerbaijan Ltd беш алтын кенинде чалгындоо жүргүзүүгө арыз берген. Алар Курган-Төбө, Туюк, Чакмак-Суу, Балыкты, Кара-Кече кендери. Булардын төртөө чачылма алтын, бирөөсү түпкүр алтын кени. Бирок ошондо жарандык активисттер КТРКда түз эфирде өтүп жаткан аукционго кирип барышып, процесс үзгүлтүккө учурап, бир жылга чейин токтоп калган. Андан кийинки аукцион, конкурстарда Redgold Estates Azerbaijan компаниясы катышкан эмес.

Кыргыздын тоо кендерин иштетүүгө келип жаткан компаниялардын офшордо кимге катталганы азыр текшерилбейт, бирок адистердин баамында, келип аткан компаниялардын тең жарымы офшордо экени анык. Анткени, алтын менен иштеген компаниялар акчасын офшор менен алып чыгары эл аралык тажрыйбада белгилүү.

"Алтын менен иштеген компаниялар офшордо болот, анткени акчаны чыгарып кеткенге жеңил. Азербайжан компаниялары жөн келишкен жок да. Кыздарына жазылган болуш керек",- дейт Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын жетекчиси Ишенбай Чунуев.

Мамлекеттик геология агенттиги кен байлыктарды иштетүүгө келип жаткан чет элдик компаниялар офшордо катталганбы же жокпу, ал мааниге ээ эмес дешет. Азыркы мыйзам боюнча инвестор компаниянын тийиштүү тажрыйбасы жана жетиштүү акчасы барбы, ошол маалымат гана биринчи кезекте маанилүү.

Бирок ошол эле учурда Тоо-кен ассоциациясындагы адистер офшор менен иштеген компаниялар каалаган учурда акчаны алып чыгып, изин жашырып кетиши мүмкүн, ошондуктан келген инвесторлордун офшорго тиешеси бар же жогун текшерип алуу керек деп жатышат.

"Биз аны токтото албайбыз. Ошондуктан лицензия алып жатканда, аукционго катышып жатканда жакшы текшериш керек. Иштеп жатып эле бирдеме болуп, акчаны алып чыгып кетип калса, бүттү, кармай албайт каласың?",-дейт аталган ассоциациянын жетекчиси Ишенбай Чунуев.

Адистердин айтымында, өлкөнүн өзүнүн ичинде бийликте отурган адамдар офшордо катталган компаниялары аркылуу Кыргызстандагы тоо кендерине коррупциялык жол менен лицензия алып, иштеп тапкан акчасын чыгарып кетүүгө да аракет кылышы мүмкүн.

Чет элдик компанияларды кой, Ишенбай Чунуевдин айтымында, мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасынан эки миңинчи жылдардын башында офшорго акчалар эки транш менен чыгарылган учурлар болгон экен. Бирок булар жөнүндө өлкөнүн укук коргоо органдарында иликтөө иштери болгон-болбогону белгисиз.