Пандора документтери: Дүйнө лидерлеринин сырдуу байлыгы ачыкка чыкты

Путин, Алиев, Бабиш

Дүйнө лидерлеринин, саясатчылардын жана миллиардерлердин сырдуу байлыгы жана келишимдери ашкереленип, финансылык документтердин чоң бөлүгү ачыкка чыкты.

Азыркы жана мурдагы 35тей лидер, ошондой эле 300дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер “Пандора документтери” деп аталган оффшордук компанияларда аты аталган.

Алар Иорданиянын королу жашырын түрдө Британия менен АКШда 70 млн фунт стерлингге кыймылсыз мүлк империясын курганын ашкерелейт.

Ошондой эле, документтерде Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр менен жубайы Лондондо турак-жай сатып алган кезде 312 миң фунт стерлинг өлчөмүндөгү салыкты төлөбөй койгону аныкталган.

Жубайлар аталган турак-жайга ээлик кылган оффшордук компанияны сатып алышкан.

Документтер Орусиянын президенти Владимир Путиндин Монакодогу жашырын активдер менен байланышын ашкерелеп, Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиштин оффшор компаниясын декларацияда көрсөтпөгөнүн ачыкка чыгарган. Андрей Бабиш ушул аптада шайлоого катышууда. Ал Франциянын түштүгүндө 12 млн фунт стерлингге эки вилланы сатып алуу үчүн оффшордогу инвестициялык компаниясын колдонгон.

Акыркы жолу ашкерелөөчү документтер мындан жети жыл мурда чыккан болчу. Пандора документтери FinCen, Парадиз, Панама жана LuxLeaks документтеринен кийин ачыкка чыгып жаткан кагаздардын эң ирилеринин бири.

Документтерди иликтөө иштерин Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму (ICIJ) уюштуруп, ага 650дөн ашуун журналист катышкан.

BBC Panorama бөлүмү The Guardian гезитинин кызматкерлери жана башка медиа өнөктөштөр менен бирге дээрлик 12 миллион документке жеткилик алган. Ал документтер 14 финансылык кызмат компанияларына таандык. Компаниялар Британ Виргин Аралдарында, Панамада, Белизде, Кипрде, Бириккен Араб Эмираттарында, Сингапурда жана Швейцарияда иш алып барышат.

Пандора документтери
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Документтерде аты аталган айрым лидерлерге коррупция, акчаны адалдоо жана салыктан качуу боюнча күнөө коюлушу ыктымал.

Бирок эң эле чоң ачылыштардын бири — белгилүү жана бай кишилер Британияда кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн кантип компанияларды мыйзамдуу түрдө негиздегени.

95 миң оффшордук фирмалардын айрымдарынын кожоюндары аталган сатып алуу келишимдеринин артында турганын ачыкка чыккан.

Бул Британия өкмөтүнүн оффшордук мүлктөрдү каттоого алууну жөнгө салбай келатканын көрсөтүүдө. Буга чейин британ өкмөтү оффшордук мүлктөрдү каттоого алуу боюнча көп жолу убада берген эле. Мындан улам айрымдар акча адалдоо иштерин жаап жашырыш үчүн кыймылсыз мүлк сатып алып жатабы деген түкшүмөлдөргө жол ачууда.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен үй-бүлөсү буга бир мисал. Алар өз өлкөсүн талап-тоноо боюнча айыпталып келет.

Иликтөөчүлөр Алиевдер менен алардын жакын шериктери Британиядагы 400 млн фунт стерлингге бааланган кыймылсыз мүлк келишимдерин жашырын түрдө түзгөнүн таап чыгышкан.

Маалыматтардын ачыкка чыгышы Британия өкмөтү үчүн жагымсыз болушу мүмкүн. Себеби, Алиевдер Лондондогу кыймылсыз мүлктөрүнүн бирин Crown Estate компаниясына сатып, 31 млн фунт стерлинг пайда табышкан. Аталган компания королеванын кыймылсыз мүлк империясы. Ал Казына кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт жана эл үчүн накталай акча чогултат.

Документтердеги операциялардын көпчүлүгү мыйзамсыз иш-аракеттерди камтыбайт.

Бирок ICIJ уюмунун өкүлү Фергус Шил төмөнкүлөргө токтолду:

“Буга чейин мындай масштаб эч болгон эмес. Бул оффшордук компаниялар адамдарга күмөндүү нак акчаларды жашырууга же салыктан качууга жардам бере аларын көрсөтүүдө”.

“Алар өз жарандарынын эсебинен жеке өзүнүн үй-бүлөсүн байытуу үчүн ошол оффшордук эсептерди, оффшордук ишканаларды башка өлкөлөрдө жүз миллиондогон долларларга кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн колдонуп жатышат”, - деп кошумчалады Шил.

Иликтөө “өтө көп нерселер камтылган кутуну ачып жаткандыктан” Пандора документтери деп аталып калганын айтышты ICIJ уюмунан.

Гүлнара Каримова Пандора документтеринде

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын ысымы да Пандора документтеринде аталды. Ал көзөмөлдөгөн фирма менен алар төлөгөн акчаны АКШнын бийлик өкүлдөрү “$220 млн пара” деп билдирген.

Фирмага Гүлнара Каримова оффшордук компания аркылуу жашырын түрдө ээлик кылып турган.

“Телиа” өз компанияларынын биринин акцияларын ага 2007-жылы берип, үч жылдан кийин баалуу кагаздардын баарын $220 млн сатып алмакчы болот. Бул кадамды АКШнын бийлик өкүлдөрү “Өзбекстандагы телеком бизнесин улантуу үчүн … пара төлөө” деп атап, кылмыш деп тапкан.

“Телиа” ошол убакта өлкөдөгү өзүнүн бизнеси үчүн мобилдик байланыш тармагында иш алып баруу үчүн лицензия алууга аракет кылып жүргөн эле. Прокурорлордун айтымында, поп жылдыз жана БУУнун элчиси Каримова өзбек башкаруучуларына “таасир” эте алган.

Бул окуянын аркасынан АКШнын Юстиция министрлиги “Телиа” менен анын айрым жетекчилерине каршы иш козгогон.

Гүлнара Каримова

“Телиа” $965 млн айып пул төлөөгө макул болгондон жана антикоррупциялык мыйзамдарды бузганы үчүн жоопкерчиликти алгандан кийин териштирүүлөр сотко өтпөй эле 2017-жылы жайгарылган.

“Телианын” өкүлдөрүнө Каримова менен түзгөн келишимдери үчүн Швецияда айып тагылып, бирок өлкөнүн пара алуу боюнча мыйзамдары ал боюнча иштебей тургандыктан алар акталып чыгышкан.

Би-Би-Си көргөн “Телианын” ички кат алышуулары Мохамед Амерсинин Каримованын оффшордук компания менен байланышын көрсөтүп турат.

Мохамед Амерси “Телиа” компаниясында кеңешчи болуп 2007-жылдан 2013-жылга чейин иштеген.

Бир катта “Телианын” жетекчиси Амерсиге: “Мен күн сайын сүйлөшүүлөргө аралашкым келбейт. Балким сен эле… бүтүрөсүң” деп жазганын көрүүгө болот.

Амерси жооп кылып: “Албетте… Мен макулмун” дейт. “Өзбекстан долбоорун” “ийгиликтүү ишке ашыруу баасы” $500 миң деп дүмүрчөктө жазылган. Бул дагы “Телианын” ички документтеринин арасында орун алган.

33 млн фунт стерлингге Лондондо кыймылсыз мүлк алган өспүрүм

Алиевдин Лондондогу мүлкү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мейфердеги офис имараты утурумдук компанияга 2009-жылы сатылган

Документтерде Азербайжанды башкарып келаткан Алиевдердин үй-бүлөсү оффшордук компаниялардын жардамы менен Британияда жашырын түрдө кыймылсыз мүлк алганын көрсөткөн.

Кагаздарда аталган үй-бүлө кантип 17 кыймылсыз мүлктү сатып алганы ачыкталат. Анын ичинде президенттин 11 жаштагы уулу Гейдар Алиевдин Лондондо 33 млн фунт стерлинг турган кеңсе имараты да бар. Алиевдер Европада көптөн бери коррупция боюнча айыпталып келет.

Мейфердеги офистик имарат президент Илхам Алиевдин үй-бүлөлүк досунун утурумдук компаниясы тарабынан 2009-жылы сатылып алынган.

Ал бир айдан кийин Гейдарга өткөрүлүп берилген.

Иликтөөдө андан алыс эмес жердеги Алиевдерге таандык кеңсе имараты кантип Crown Estate компаниясына 2018-жылы 66 млн фунт стерлингге сатылганы аныкталган.

Crown Estate компаниясы сатып алып жаткан учурда мыйзамга ылайык иш алып барганын, бирок бул ишти кайра карай баштаганын билдирди.

Британия өкмөтү акча адалдоо иштери менен күрөшүп, мыйзамдарды күчөтүп жатканын айтууда. Ошондой эле, өкмөт эгерде парламенттик убакыт жетиштүү болсо, Британияда кыймылсыз мүлккө ээлик кылган оффшордук компанияларды каттоого ала турганын айтты. (EA)