“Панама документтери” интернетке чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty

“Панама документтеринин” тегерегиндеги чатак кулачын жайып жатат – интернетте 200 миңден ашык офшордук эсептерге тиешелүү ири маалыматтар базасы жарыяланууда.

Бул маалыматтар базасы бардык адамдар үчүн 9-майда Гринвич боюнча саат 18:00дө ачылды.

Документтерди жарыялаган Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциуму бул документтерден айрым бай жана таасирдүү адамдар офшордук компанияларды кантип колдонуп, салык менен санкциялардан качып турганын билүүгө болот дешет.

Документтер панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмага тиешелүү жана “Жон Доу” каймана ат менен белгилүү булактан алынган. Mossack Fonseca кандайдыр бир мыйзам бузууга барганын мойнуна албайт.

Өткөн аптада фирма маалыматтар базасынын жарыяланышына тыюу салуу үчүн мыйзамсыз аракеттерди токтотуу боюнча, мындайча айканда, буйрук чыгарды. Бирок Эл аралык консорциум колундагы документтерди эч нерсеге карабай жарыялай турганын бидирди.

Ал документтердин жардамы менен жүздөгөн саясатчылардын, чиновниктердин, мурунку жана азыркы мамлекет башчыларынын, белгилүү жылдыздардын жашыруун активдери табылды.

Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча жыйырмадан көп офшордук зоналарда катталган 200 миңден ашык жасалма фирмалар, фонддор, трасттык компаниялар бар.

Тандалган маалымат

Сүрөттүн булагы, EPA

“Панама документтери” айрыкча британ премьери Дэвид Кэмерондун, орус президенти Владимир Путиндин, украин президенти Петро Порошенконун, Аргентина президенти Маурисио Макринин, ошондой эле футбол жылдызы Лионель Мессинин, гонконгдук актёр жана режиссер Жекки Чандын, испаниялык режиссер Педро Альмодовардын ысымдарын чыгарды.

Чатактын айынан Исландиянын өкмөт башчысы Сигмюндюр Давид Гюннлёйгссон отставкага кетти.

Mossack Fonseca фирмасы аларга эч кандай айып коюлбаганын билдирди. Ал компьютердик программаларды бузуп, маалымат уурдоонун курмандыгы болгонун айып келатат.

Офшордук компаниялар мыйзамга каршы эмес, бирок алардын функциялары тараптардын каражат булагын жашыруу, салыктан качыруу болуп эсептелет.

Sueddeutsche Zeitung аттуу герман гезити бир жылдан ашык убакыт мурда “Жон Доудан” 2,6 чамалуу терабайт же 11,5 миллион документти алган.

Гезит журналисттердин консорциумуна аларды берген. Бул уюмдун жардамы менен документтерди териштирип чыгууга миңдеген журналисттер катышты, анын ичинде Би-Би-Си да бар. Анын жыйынтыгы апрелде жарыяланды.

Сүрөттүн булагы, Getty

Эл аралык консорциум дүйшөмбүгө болжолдонгон маалыматтардын жалпыга ачыкка чыгуу планы, мурда Wikileaks жасагандай, документтердин башаламан таштандысын түшүндүрбөйт деди.

Ал “Маалыматтар базасында конкреттүү эсептердин жана акча которууларды номерлери, электрондук каттар жана башка жазышуулар, паспорт же телефон номерлери болбойт. Коомдук кызыкчылык үчүн тандалган жана чектелген маалымат чыгарылат” деди.

“Кирешелердин теңсиздигине” каршы

Дүйшөмбүдө 300 экономист дүйнөлүк лидерлерге кат жазып, анда салыктан качууну токтотууга чакырышты. Алардын жүйөөсүндө, анткени ал бай жеке тараптардын жана жеке корпорациялардын гана кирешесин көтөрүп, дүйнөдө теңсиздиктин деңгээлин көтөрөөрүн айтышты.

Өткөн аптада “Жон Доу” 1800 сөздөн турган билдирүүнү ачыкка чыгарды, анда ал өзүнүн аракетинин себебин “кирешелердин теңсиздигине” байланыштырган.

Ал ошондой эле, эч кандай чалгын агенттиктерине же мамлекеттерге иштебегенин кошумчалады жана укук коргоо органдарына айып коюуга жардам берүү сунушун берди.