Өлгөн шайлоочуну “тирилткен” Азербайжан БШКсы

Фото Ханлара Лалаева

Сүрөттүн булагы, Xanlar Lalayev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханлар каза тапкан тууганы шайлоо тизмесине кирип калганын айтып чыкты

Азербайжан тургуну шайлоо учурунда добуш бергени келип, тизмеден каза тапкан жеңесинин аты-жөнүн көрүп калган. Бирок расмийлер ага "бул аял тирүү" деп жооп беришкен.

"Добуш берүү күнү тизмеден өзүмдү карап жатып, менден кийин эле Бакуда жашаган бир тууган агам Лалаев Камалдын ысымы жазылып турганын көзүм чалды. Андан кийин эле агамдын каза тапкан мурунку аялынын аты-жөнү жүрөт. Гүлнур жарыкчылык менен кош айтышып кеткен эле".

Мындай билдирүүнү Би-Би-Синин Азербайжан кызматына берген интервьюсунда Газах шаарынын тургуну Ханлар Лалаев жасады.

9-февралда Азербайжанда кезексиз парламенттик шайлоо өткөн. Шайлоодон кийин коомдук сайттарда 107-шайлоо округундагы видео тараган эле. Анда "Өлгөн, каза тапкан ал, жүрү мен силерге мүрзөсүн көрсөтөм" деп Ханлар сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

Шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнүн бири: "Бул аял сен үчүн өлгөн, биз үчүн өлгөн эмес",-деп жооп берип жатат.

БШК жергиликтүү журналисттерге "аталган аялды бир нече булактардан тактап көрдүк, тирүү экен" деп билдирген.

"Менин төбө чачым тик турду. Биз жерге койгон аял кантип тирүү? Өлгөн кишини кантип тирүү деп айтышка болот",-деп таң калат Ханлар.

Газах шаарынан анчейин алыс эмес жердеги Даш-Салахлы айылынын тургундары Гүлнара Лалаева шайлоодон алдын каза тапканын ырасташты. Жергиликтүү бийлик болсо, ал 26-январда каза таап, кийинки күнү жерге берилгенин айткан.

Шайлоодон кийин бир катар байкоочулар жана оппозиция өкүлдөрү парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып чыгышкан эле. Төрт аймакта добуш берүү жыйынтыктары жокко чыгарылган.Азырга чейин шайлоо тыянактарын жокко чыгаруу талаптары айтылып жатат.

Парламенттеги 125 мандаттын жетимиш бирин башкаруудагы «Жаңы Азербайжан» партиясы жеңип алды. Аталган партиянын башында президент Ильхам Алиев турат. Мындан тышкары, ага жан тарткан майда партиялар жана көз карандысыз талапкерлер мандатка ээ болушту.

Шайлоого байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочулар добуш берүү жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгонун билдирип, шайлоо ачык-айкын өткөн жок деген тыянак чыгарды. Оппозиция шайлоодогу бурмалоого каршы калкты демонстрацияга чыгууга үндөгөн.

Голосование на парламентских выборах в Азербайджане. 09.02.20

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Алиев эл аралык байкоочуларды Азербайжандагы шайлоого бир жактуу баа берди деп билдирүү жасаган эле.

"Эл аралык байкоочулардын негативдүү тыянактарына көнүп деле калдык. Айрым учурда мындай уюмдардын жыйынтыгы добуш берүү баштала электе эле даярдалат. Кызыгы, мындай тыянактарды уюмдун өзү даярдабайт, башка жерде жазылып, алардын колуна өткөрүлөт. Биз мындай мисалдарды көп көрдүк".

"Азербайжандагы парламенттик шайлоодо 1300 талапкер катышканы эсте жок. Бул шайлоо атаандаштыктын негизинде өткөнүнөн кабар берет",-деп кошумчалаган президент.

"Шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолду",-деп билдирген оппозициядагы ReAL ("Республикалык альтернатива") партиясынын лидери Ильгар Мамедов.

Президент Ильхам Алиев на парламентских выборах в Азербайджане 09.02.20

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Ильхам Алиев

Буга чейин оппозициячыл саясатчы шайлоону жалпы калк үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк деп атап, бардык саясий күчтөрдү добуш берүүгө катышууга үндөгөн эле.

Шайлоо участколорунун жети пайызында мыйзам бузуулар аныкталды. Статистиканы алганда бул абдан чоң көрсөткүч. Мыйзам бузуунун арасында добуш берүүчүлөргө кысым, бюллетендер топтому менен ташталып, «карусель» ыкмасы колдонулганы сыяктуу фактылар бар.

Голосование

Сүрөттүн булагы, AFP

Жаңы кадрлар

Кезексиз шайлоонун алдында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бир нече жетекчилерди алмаштырган.

Ильхам Алиев президенттик администрация башчысы Рамиз Мехтиевди кызматтан кетирди. Ал жыйырма жылдан ашуун мөөнөттөн бери президенттин администрациясын жетектеп келген.

Ошондой эле Алиев 63 жаштагы экономист Али Асадовду премьер-министр катары, ал эми 43 жаштагы Микаил Жаббаровду Экономика министри кылып дайындады.

Айрым эксперттер кезексиз шайлоону президенттин жаңы, жаш кадрларды бийиликке алып келүү аракети катары көрүшкөн. Бирок саясат талдоочулар бул кадам деле өлкөнүн саясий же экономикадагы абалына таасир этпейт деген тыянак чыгарышкан.

"Мурдагы гвардиянын тоталдык коррупция системасын өзгөртүү деген ой менен, экономикадагы "майлуу" орундарга жаңы кадрлар келди. Мунай, алтын, курулуш бизнесин көп жылдан бери монополистер ээлейт. Эми бийлик акча табууну мурдагы кадрларды коррупция жолу эмес, монополия менен табууну көздөп турат",-деп билдирди саясат таанучу Хикмет Гажизаде.

Шайлоого жалпысы болуп 19 партиянын 272 талапкери катышты. Бирок 125 орундуу парламентке 1300 талапкер ат салышып, алардын көпчүлүгүн көз карандысыз талапкерлер түздү.

Азербайжанда ар беш жылда парламенттик шайлоо өтүп, мажоритардык система менен шайланат.

Кезектеги шайлоо ушул жылдын ноябрында өтүшү керек эле. Бирок парламентте көпчүлүктү түзгөн «Жаңы Азербайжан» партиясы парламентти таратууну демилгелеген. Андан соң президент Ильхам Алиев муну бекитип, 9-февралга шайлоо жарыялаган эле.

Шайлоого катышуунун минималдуу босогосу белгиленген эмес. Ошондуктан добуш бергендер саны кандай экенине карабай, шайлоо өттү деп эсептелет. (AbA)