ММК опуза: Азербайжандагы "рэкетир-журналисттер"

    • Author, Магеррам Зейналов
    • Role, Би-Би-Си, Баку

Коррупциянын деңгээли жогору, сөз эркиндиги төмөн эсептелген Азербайжанда өздөрүн журналист атаган бир ууч кишилер кадимки эле опуза менен тиричилик кылышат. Ошол эле маалда "рэкетир ММК" деп аталган кара тизмеге жөнөкөй адамдардын күнүмдүк тиричилик маселелерин чечүүгө көмөктөшкөн, колу жука басыламалар дагы кирип калган учурлар бар.

Рисунок - рука кладет деньги в карман с надпиьсю "пресса"

"Мага завуч келип, акча жыйнашыбыз керектигин айтып калды. Эмнеге деп сурадым. Баягы эле журналисттердин дагы бири келген экен",-дейт Бакудагы мектептердин биринин география мугалими.

Асиф (каармандын өтүнүчү менен ысымы өзгөртүлдү) бул мектепте 15 жылдан бери эмгектенет. Анын айтымында, мындан үч жыл мурун бир журналист келген. Ошондон тарта анда-санда келип, "ата-энелердин бири даттанганын" айтып, бул тууралуу басылмага чыгып кетпеши үчүн акча талап кылган. Албетте, мектеп мындай маалыматтардын басылмага жарыяланышын каалаган эмес.

"Менимче анын максаты макала жазуу эмес, акча алуу. Ошондуктан акча бергендин ордуна полицияга чакыралы дегемин",-дейт Асиф. Бирок, мектеп директору дагы, мугалимдер дагы коркуп коюшту. Мугалимдер опузалаган журналистке 10 манаттан (6 доллар) чогултушат.

Бирок Асиф өзүн мектептеги "ак каргамын" деп атады. Анткени мындай акча топтомойго катышпайт. Ошондон улам анын сааттарын кыскартып, сабактарынын жадыбалын эң ыңгайсыз учурга коюп салышкан.

Ресторанда менеджер болуп иштеген Ахмед ар кандай иш-чараларды өткөрүп жүрөт. Эки жыл мурун ошондой салтанаттардын бири өтүп жаткан учурда полиция келип басып калган. Көрсө, интернет басылмаларынын бирине бул иш-чараны баңгизат менен байланыштырган маалымат чыгып кеткен экен.

Ахмед сайттын ээсине чалып, жалган маалыматты алып салууну талап кылган. Сайттын ээси 300 манат (175 доллар) талап кылган.

"Мен аларга бул опузалоо экенин айттым. Бир айдан кийин сайт жабылып калды",-деп айтып берди Ахмед.

"Рэкетир-журналисттер" кандай иштейт?

Рисунок - официант и человек со свертком бумаги

Журналистикага жамынып алып, опуза менен каражат тапкандарды Азербайжанда "журналист-рэкетирлер" деп аташат. Алар негизинен нускасы аз басылмаларда жана жеке сайттарда иштеп, чиновниктердин жана ишкерлердин "айыбын ачкан" макалаларды жазышат.

Мындай басылмалар Азербайжандын Басма сөз кеңеши тарабынан каттоого алынып турат. Бул кеңеш коомдук уюм деп саналып, сөз эркиндигин коргоо жана кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти күчөтүү жаатында иш алып барат.

Уюм жыл сайын журналисттик этиканы жана мыйзамдарды бузган ММКлардын кара тизмесин жарыялап турат. Өткөн жылы бул тизмеге 91 басылма кирди.

Маалыматтарга караганда, жыл сайын ММКлардын үстүнөн 500дөй датттануулар болот. 2008-жылы опузалап акча талап кылгандарга каршы атайын комиссия дагы түзүлгөн.

"Бизге акча сурап кайрылышты, бербей койгондон кийин биз тууралуу жаза башташты" деген сыяктуу даттануулар саны жыл өткөн сайын көбөйүп жатат, - дейт Кеңештин катчысы Шамсаддин Алиев.

Мындай даттанууларды териштирүү үчүн тараптарды чакырышат. Көп учурда такталбаган, жалаа жабылган эле материалдар чыгып кеткени ачыкка чыгат. Айрым учурда базарда айтылган ушакты жазып жибергени да бар, деди Алиев. Көп учурда "журналист-рэкетирлердин" курмандыгы болгондор чакан жана орто бизнесмендер, жергиликтүү деңгээлдеги чиновниктер, мектептер.

Ысымын жашырган журналисттин айтып бергенине караганда, "опузалап акча талап кылуунун схемасы" жөнөкөй.

Башында басылмага "кийинки аптада мындай иликтөө чыгат" деген анонс кетет. Аны "каармандын" дарегине жеткиришет. Мындан кийин ошол киши басылманы өзү эле издеп келет.

Рисунок - руки передают друг другу конверт

Муну менен күрөшүү татаал. Интернет ресурсун сот аркылуу гана жабууга мүмкүн. Ал үчүн жабыр тарткан кишилер арыз менен кайрылышы зарыл. Бирок мындай учур өтө сейрек. Азербайжанда көп учурда оппозициялык жана көз карандысыз ММКлар жабылып калган учурлар бар. Мындай мисалдарда прокуратура "улуттук коопсуздукка коркунуч жаратты" деген айыптоону тагат.

"Кара тизмени" түзгөн Басма сөз кеңеши коомдук уюм болгондуктан, анын колунда чара көрө турган реалдуу укуктары жок. Уюм коомдук пикир жаратууга умтулуп келүүдө.

"Гезитке чыккан болсо, анда бул чындык"

Рисунок - мужчина перед зданием

Азербайжан коррупция көрсөткүчү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 152 орунда, басма сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөдөн 166 орунда турат.

Мамлекеттик органдарга көз карандысыз көзөмөл болбогондуктан, көптөр маселе чечүү үчүн акча алып же бергенди артык көрөт.

Экинчи себеби - жакырчылык.

"Башка кесиптен ордун таба албай калган кишилер бар. Маселен, ал инженер, бирок жетиштүү маянасы жок. Анан барат дагы 50-60 манатка домен сатып алып, "журналисттик" ишмердигин баштаган", - дейт Алиев.

Дагы бир себеби бул - басылмага чыккандын баарын коомчулук чындык катары кабыл алганында.

Ошол эле учурда Азербайжанда ММКлардын иштөөсүнө фундаменталдык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу, дейт укук коргоочу Расул Жафаров. Эгерде сайттар же гезиттер жарнама алганга реалдуу мүмкүнчүлүгү болсо, опузалап акча талап кылуу деген кескин төмөндөйт эле.

"Жеке ишкерлер өлкөдөгү кырдаалы жакшы билет. Эгерде алар өздөрү тууралуу ММКдан жарнама чыгарса, маселе жаралышы мүмкүн экенин түшүнүшөт",-деп айтып берди укук коргоочу.

"Рэкетир" атыккан тизмедегилердин көбү аталышы менен көзгө урунуп турат. Айталы, "Журналист жана мыйзам", "Жарандык укук", "Эл коргоочусу", "Элдик көзөмөл".

Бирок алардын көбү "рэкетир" деп аталып калганы менен макул эмес.

"Коррупция жана мыйзам"

"Азербайжан" басма үйү Мятбуат проспектисинде жайгашкан эски имараттардын бири. Мурда бул жерде советтик басмакана болгон. Азыр эми ондогон жеке менчик гезит жана журналдар имаратты ижарага алып олтурат. Көпчүлүк эксперттер "рэкет-журналисттердин" кайнаган казаны ушул жерде деп эсептейт.

Эски иш бөлмөлөрдүн бирин ижарага алып иштегендердин бири Korrupsiya və qanun же "Коррупция жана мыйзам" басылмасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Хураман Гулиева.

Рисунок - Хураман Гулиева

Ал журналистикага 2000-жылдары келгенин, ага чейин мектеп мугалими болуп иштегенин айтып берүүдө.

Учурда басылма волонтерлор менен гана иштеп, кайрымдуу кишилерден келген каражатка эле жан багууда. Айталы, басылмага даттангандар өз эрки менен 20-30 манат беришет. Чынында эле сайттагы материалдардын көбүн окурмандардан келген даттануулар түзөт экен.

Гулиеванын айтымында, Азербайжанда чиновниктерге жана сотторго ишеним жок болгондуктан, акыйкат издеген кишилердин көбү журналисттерге кайрылат.

"Биз эч кайсыл чиновникти мактап, алардан акча албайбыз", -деди Гулиева. Анын басылмасы "кара тизмеге" 2012-жылы түшкөн.

Рисунок - коридор издательства

"Ошол мезгилде менин айрым кызматкерлерим ушундай жолго барышкан экен. Кийин билип калып, күбөлүктөрүн алып, жумуштан бошоткомун",-деди ал.

Сайтка жарнама такыр келбейт. Бирок жарнама үчун атайын орун берилгени көрсөтүлүп турат. Жарандардын даттанган материалдарынан сырткары, сайтта айрым чиновниктерди коррупция менен айыптаган макалалар турат. Айрымдары сайттын башкы бетинде бир нече жылдан бери илинип турат.

Басылмага даттануулар менен келгендер аягы тыйылбайт. Хураман Гулиеванын айтымында, кээде журналисттердин материалдары акыйкатка жеткен учурлары дагы жок эмес. (AbA)

Макала айрым кыскартуулар менен жарыяланды. Сүрөттөр Магеррам Зейналовко таандык.