Жапонияда жер титирөөдөн жабыркагандардын саны өсүүдө. АКШ менен Британия жардам сунуштады

катуу жер титирөөнүн кесепетинен урап калган үй

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жапониядагы катуу жер титирөөдөн кеминде отузга жакын адам каза болуп, ондогон кишилер жарадар болду. Бийлик олуттуу кыйроолор жана көп сандаган курмандыктар болгонун айтууда. Кырсыктын масштабы куткаруучулар жабыркаган аймактарга жеткенде толугу менен белгилүү болот.

Жапон премьер-министри Фумио Кисида жабырлануучуларды куткаруу үчүн чукул аракеттер зарыл экенин баса белгилеп: “Абдан чоң зыян, анын ичинде көптөгөн курмандыктар, имараттардын кулашы жана өрттөр тастыкталды”, - деди.

Дүйшөмбү күнү Жапониянын борбордук бөлүгүндө, Исикава префектурасындагы Ното жарым аралына жакын жерде күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Көптөгөн имараттар талкаланып, он миңдеген адамдар электр жарыгысыз калышты.

Жапон өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 97 миңден ашуун кишини эвакуациялоого буйрук берилип, адамдар түндү спорт залдарында жана шашылыш эвакуациялоо борборлору катары колдонулган мектептерде өткөрүштү.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида зилзаладан эң көп жабыркаган аймактарга баруучу негизги жолдор катуу жабыркап, аскерлердин куткаруу иштерин кыйындатып жатканын айтты.

“Куткаруу кызматы кырсыктан жапа чеккен аймактарга жетүү үчүн көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат, анткени каттамдар үзүлгөн, бирок имараттарда камалып калган адамдар ал имараттар урай электе мүмкүн болушунча тезирээк куткарылышы керек”, - деди ал.

NHK телеканалы, өзгөчө дарыгерлер Исикава префектурасынын табигый кырсыктан жапа чеккен Сузу шаарындагы ооруканага жете албай жатканын билдирди.

Көптөгөн үйлөрдү өрт каптады

Сүрөттүн булагы, KYODO/REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн үйлөрдү өрт каптады

Шейшембиге караган түнү АКШ менен Британия Токиого кырсыктын кесепеттери менен күрөшүүдө өз жардамын сунушташты.

“Менин администрациям жапон расмийлери менен байланышта жана Кошмо Штаттар жапон элине зарыл болгон бардык жардамдарды көрсөтүүгө даяр. АКШ менен Жапония жакын союздаштар, биздин элдерди терең достук байланыштар бириктирет. Биз жапон калкы менен биргебиз”, - деди АКШ президенти Жо Байден билдирүүсүндө.

Британ премьер-министри Риши Сунактын кеңсеси Лондон окуялардын өнүгүшүнө көз салып турат жана Японияны колдоого даяр деп билдирди.

"Премьер-министр Фумио Кисида Улуу Британиянын досу. Япониядагы оор жер титирөөдөн жапа чеккендерге көңүл айтам." - деп жазылган Сунактын билдирүүсүндө.

Исикава префектурасындагы Шика шаарына жакын жерде талкаланган жол

Сүрөттүн булагы, JIJI PRESS/AFP

BBC

Зилзаладан кийин бийликтер Исикавада цунами коркунучун жарыялашкан, бирок кийинчерээк бардык эскертүүлөр жокко чыгарылган.

Жапониянын метеорологиялык агенттиги (ЖМА) билдиргендей, дүйшөмбү күнү эртең менентен бери Японияда ар кандай магнитудадагы 155 жер титирөө катталды, анын ичинде 7,6 баллдык негизги силкинүүлөр бар.

Көпчүлүк титирөөлөр 3 баллдан жогору болгон жана алардын күчү акырындык менен азайып баратканына карабастан, шейшемби күнү эртең менен дагы алты кыйла күчтүү жер титирөө катталды, деп билдирди ЖМА.

Ишикава префектурасында талкаланган имарат

Сүрөттүн булагы, KYODO/REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ишикава префектурасында талкаланган имарат

Адистердин айтымында, жер титирөөлөр ушул жума ичи уланышы мүмкүн.

Ливерпуль университетинин геология профессору Дэн Фолкнер Би-Би-Сиге: "Жапонияда катталышы мүмкүн болгон айрым афтершоктор (ред. негизги зилзаладан кийинки, андан жеңилирек силкинүүлөр) дале күчтүү болот жана негизги зилзаладан кийин коопту абалга келген инфраструктурага жана имараттарга таасир этиши мүмкүн" деди.