“Мынчалык болгон эмес”: Бишкектеги таза суу тартыштыгы
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Соңку жылдары Бишкекте жана Чүйдүн айрым райондорунда жаз келери менен кургакчылык жана суу тартыштыгы көйгөйү чыгууда.
Мэрия быйыл бул көрүнүштү салыштырмалуу суук аба ырайынан улам Ала-Арчадагы мөңгүлөрдүн тоң калышы менен түшүндүрүп жатат. Ошондой эле сууну ысырап колдонгон жаңы конуш тургундарына күнөө артууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Назаркул Жоошбаев - Арча-Бешик жаңы конушу түптөлгөндөн бери эле ошол жакта турат. 25 жылдан бери ушул конушта жашап, быйылкыдай суу тартыштыгын көргөн эмес:
“Бетибизди да жууй албай калдык”
“Быйыл суу жок болуп атат, буга чейин мындай болгон эмес. Суткасына 5-6 сааттан эле суу берип жатат. Акыркы үч-төрт жылда май айларында бир жума же он күн тартыш болчу суу. Андан кийин кайра калыбына келип калчу. Мына суу кечээ түнкү 12.00дө жабылган. Азыр эми мына күндүз, саат 15.00 болду, суу жок. Дааратканага кире албай атабыз. Эртең менен бетти жууп, сакал ала албай калат экенсиң. Душка түшө албайсың. Анан, албетте, тамак-аштан да кыйналасың”.
Жоошбаев Арча-Бешик жаңы конушунда эл кыйналып жатканын айтып, таза суу тартышыгына нааразы тургундардын сүрөт менен видеолорун коомдук сайттарга жарыялады.
Анын постунан улам Бишкектин башка жака-белинде жашагандар арыздана башташты. Мисалы, суу көйгөйү Ак-Ордо, Ак-Өргөө жаңы конуштарынын айрым райондорунда да бар.
Мэрия эмне дейт?
“Негизги маселе, биздин Орто-Алыш суу кампасынын ички резервуарлары Ала-Арча, Аламедин дарыяларынан толчу да. Тилекке каршы, мөңгүлөр азыраак ээрип, резервуарларды толтуруу кыйын болуп атат. Өйдө жактан суу бөлүштүрүү системасынын да бир бөлүгүн бизге бергиле деп талап коюп жатабыз. Ала-Арчада суу аз болгондуктан кээ бирде кургап да калып аткан. Себеп дегенде, кечкисин аба ырайы суук болуп, мөңгүлөрдүн эриши аз болуп аткан. Азыркы маалда суу көбүрөөк бөлүнө баштады дейт. Ички резервуарлар да толуп, жер алдындагы суулардын статистикалык деңгээли стабилдештирилди”,- деди Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев.

Сүрөттүн булагы, Akipress
Орто-Алыш суу кампасы Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн өйдө жагындагы аймакты же шаардын 40% калкын суу менен камсыздайт. Бирок калаада калктын саны өскөн сайын суу кампанын иши оорлоп жатат.
Шамыралиев шаар бийлиги калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты. Мисалы, ушу тапта Орто-Алыш суу кампасына тийиштүү абоненттердин бир бөлүгүн Түштүк-Батыш суу кампасына которуу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле борбор калаа үчүн Баш-Кара-Суу суу кампасынан кошумча жер тилкеси ачылып, жаңы кудуктар курулганы жатат. Бул Арча-Бешик, Ак-Ордо өңдүү жаңы конуштардын суу тартыштык маселесин чечет.
“Суу коромжу болбосун”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин мэриянын түзүмүндө иштеп келген Мавлян Аскарбеков кошумча суу кудуктарын куруу аракетин кубаттады, бирок суу тартыштык маселесин чечүү үчүн, ириде, жаңы конуштарда коромжу болуп жаткан сууларга көзөмөлдү күчөтүш керек дейт:
“ССР убагында шаарда 600-700 миң адамга эсептелген атайын кудуктар курулган. Андан бери ошолорду эле эксплуатациялап келе жатышат. Андан бери шаарыбызда элдин саны эки эседен көп өсүп кетти. Бирок мэрия тараптан сууну берүү, аны уюштуруу жакшы жүргөн эмес. Экинчи жагынан, бюрократиянын айынан борбордун тегерегинде жаңы конуштардын көпчүлүгүндө суу эсептегичтери бүгүнкү күнгө чейин коюлган эмес. Тех паспорттор жердин документттери керек дешип, коюлбай келет. Бул деген – ошол жаңы конушта жашап жаткан адамдар сууну каалагандай колдонуп, бир үйдө үч-төрт түтүк чыгарып алып, анын бирөөсүнөн огорд сугарып, экинчисинен унаасын жууп, үчүнчүсүнөн эшиктин алдына суу сээп өтө көп сарптаган учурлар көп”.
Буга чейин Бишкек мэриясы калкты ичүүчү сууну колдоонуусу боюнча рейд уюштуруп, борбордо сууну көп сарптаган 15 менчик мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылды.
Суу кымбаттады
Бишкек жана анын жака-четиндеги жаңы конуштарды суу менен тейлөөгө тартылган суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу – 1 миң 538, 2 километрди түзөт. Бул Бишкектен Ошко чейин барып-келсе боло тургандай аралык. Бирок бул суу түтүктөрүнүн 70% эскилиги жеткен. Аларды да оңдоп-түзөө каражат талап кылууда.
Шаар бийлиги сууга болгон чиеленишкен маселени чечүүнүн бир жолу катары муздак сууга тарифтерди көтөрдү.
1-июндан тартып калаада таза сууга жана канализацияга болгон тариф кымбаттады.
Эми бир куб метр таза суу:
шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго;
бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго;
башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттады.
Ал эми канализацияга болгон тариф төмөнкүдөй:
шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон, 3,45 сомго;
бюджеттик мекемелер үчүн 3 сомдон 4,5 сомго;
башка керектөөчүлөр үчүн 6 сомдон 9 сомго көтөрүлдү.
Бирок бул жергиликтүү калктын нааразылыгын туудурду. Арча-Бешик тургуну Назаркул Жоошбаев:
“Шаарда сууга баа кымбаттады деп атат. 10 сом болуптур, мындайча айтканда 2 сом кошулуптур. Анда эмнеге жаңы конушта жашагандар адам башына 40 сомдон төлөйт. Айырма аябай чоң болуп атпайбы”.
Бишкек шаарында калкты таза суу менен камсыздоочу 37 суу кампасы жана 334 кудук иштейт. Шаар бийлиги тарабынан бекитилген норма боюнча ар бир киши суткасына 170 литр суу колдонушу керек эле. Бирок учурда ал 410 литрге жетип, керектөө 2,5 эсеге жакын өсүп кеткени айтылууда.
Таза суу маселеси жалгыз эле Бишкек эмес, жалпы Кыргызстан үчүн мүнөздүү көйгөй экени маалым. Өзгөчө түштүк облустарындагы Ош, Майлы-Суу шаарларында суу тартыштыгы бар экени маалым.
Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында дагы өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлган.
Буга чейин Би-Би-Си баткендик жаш ойлоп табуучу Эрнис Айдарали уулу менен маек курган. Ал аба аркылуу суу топтоочу жабдык ойлоп тапканын айтып берген:
“Азыркы күндө дүйнө жүзүндө эң чоң көйгөйлөрдүн бири бул – суу маселеси. Климаттын өзгөрүшүнөн улам, өлкөбүздөгү тоолордогу мөңгүлөр ээрип, көптөгөн айыл жергелеринде суу тартыштыгы келип чыгууда. Эксперттердин айтымында чек-арада болгон жаңжалга суу ресурстары да себеп болду. Биз бул көйгөйлөрдү жеңилдетүү максатында аба аркылуу суу топточу жабдык ойлоп таптык. Бул жабдык абадагы суу молекуласын өзүнө топтоп, фильтр аркылуу таа сууга айлантат. Бул жабдык күндөн кубат алып иштейт. Жабдыкта электр энергиясы менен камсыздап турат. Панель күнгө карап жыла алат. Бул азырынча макети. Күнүнө 100 граммдай суу ала алабыз. Эгер муну чоң көлөмдө жасай ала турган болсок, көбүрөөк суу алса болот. 5-6 тоннадан же андан көбүрөөк. Бул жабдыкка керектелүүчү тетиктер Кыргызстанда да бар. Бат эле жасалчу нерселер. Сууну ультра-кызгылт нурлар менен тазалап, ичүүчү суу катары колдонсок болот”.
Азырынча өкмөттүн таза суу менен камсыздоонун мындай инновациялык жолун издөө боюнча аракети байкалбайт.
Эгемендик жылдары Кыргызстан сырттан калкты таза суу менен камсыздоо багытында “Таза суу” долбоору башталган.
Бул долбоорго 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон миллиондогон каражат келген. Бирок түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай, сапатсыз курулганы, коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону кийин ачыккан чыккан.












