Чийки суу тазабы же крандагы суубу? Глобалдык кыймылдын кызыктай максаты

Чийки суу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чийки сууга болгон кызыгуунун артында эмне турат жана деги эле бул чын ниет менен болуп жаткан ишпи? Бул маселени Би-Би-Си кабарчысы иликтеп көрдү.

Бул маселе 2018-жылы америкалык телекөрсөтүүдө комедиялык программада айтылган эле.

"Бул жерде суу ичип, бирок анын акысын көбүрөөк төлөгөн ким бар?-деп улантты алып баруучу. - Анда жакшы жаңылыкты айтайын. Кремний талаасында кезектеги уу-дуу кеп чийки суу жөнүндө болуп жатат. Чыпкаланбаган, дезинфекцияланбаган суу! Мына көргүлө. Мындай сууну ичүү акылдан айныгандык".

Андан кийин эле New York Times гезитинде чыккан макалада Live Water ("Ɵмүр суу") сыяктуу компаниялар бир бөтөлкө сууну $36,99 сатып жатканы мыскылданган. Бул стартап компаниялар "чыныгы сууну" ичүүнүн толгон-токой пайдасын айтып бүтө алышпай атат.

Бирок баарына эле бул күлкү болгон жок. Бул маселеге чындап дит койгондор да болду.

Findaspring.com ("Булакты тап") интернет сайтындагы маалыматка караганда, "чийки суу" өзүнчө эле бир глобалдык кыймылга айланып кеткендей. Көп адамдар табияттын таза суу ресурстарын издеп жаткандай.

Findaspring.com сайтынын колдонуучулары дүйнөнүн картасынан көп сандаган булактарды, кудуктарды таап белгилеп, тизмесин түзүп жатышат.

Why Spring Water түшүндүрүү сайтында анын автору Дэниэл Виталис өзүнчө эле бир акылдуусунган билдирүүлөр менен чыгууда.

Мисалы, "Биз жаныбарлар сыяктуу эле биологиялык жактан чийки суу ичкенге ылайыкташканбыз" деген сыяктуу билдирүүлөр болуп жатат.

Бөтөлкөдө суу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Анткен менен чийки сууну ичкенде оору-сыркоо жугуу коркунучу бар экенин элдин баары эле түшүнөт. Виталистин видеосунун аягындагы ой-пикирлерге деле бирөө так эле жазыптыр: "Кээ бир булактар булганган болушу мүмкүн. Биз көп жыл бою Огайо штатында булактан суу ичип келдик. Кийин жергиликтүү жашоочулар дөбөдө мал короо курушту... Ошондо биздин үчөөбүз ооруп калдык".

Лондондогу айлана чөйрөнүн санитардык абалын караган топтун жетекчиси, гигиенанын профессору Вэл Кертис "чийки суу кыймылынын" идеяларына олуттуу тынчсызданып жатат:

"Мен үчүн бул бир кадам артка кетүү,-дейт ал. - Коом иче турган таза сууга жетиш үчүн узак жана татаал жол басып өттү, сууну тазалап, аны коопсуз кондицияга жеткиргенди үйрөндү. Биз керек болсо хлор менен фтор кошуп, анын курамын жакшырттык, бул бактерияларды өлтүрүп, тишке жардам берет... Мунун баары далай талкууланып, канча жыл мурун эле чечилген маселе".

"Биз чын эле таш дооруна кайтып барганды каалайбызбы",-дейт Кертис.

Live Water башкы бетинде ( ал жерде Findaspring.com шилтемеси жайнайт) башкы максаты так ушул экени айтылат: бул жерде адамдар адамзат жаралган учурдан бери 99% убакыт ичинде чийки суу ичип келишкен деген жүйө жазылат.

BBC Capital Live Water жана Дэниэл Виталис менен маектешүүгө аракет кылды, бирок алардан комментарий алганга мүмкүн болгон жок.

Виталис чынында эле эмнеге үндөп жатса, ошол ишти өзү да кылып жаткандай. Анын "Инстаграм"-аккаунтунда анын булактарды издегенин көрсөткөн жайнаган сүрөт жүрөт, ал эми анын WildFed видеошоусу "чыңдалып бараткан заманбап жашоо маданиятын" пропаганда кылууда.

Анын айтымында, сонундун баары жаратылыштын өзүндө, ал эми максат - башатка, ата-бабалардын салтына кайтып келүү.

Чийки суу рыногу азыр чакан эле, бирок көп адамдар өздөрү билген булактарды, кудуктарды, өзөн сууларын Интернетте жайнатып жазып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чийки суу рыногу азыр чакан эле, бирок көп адамдар өздөрү билген булактарды, кудуктарды, өзөн сууларын Интернетте жайнатып жазып жатышат.

Кээ бир илимий маалыматтар полеолитикалык диетанын пайдасын айтып турса дагы таза суу маселесинде сак болуш керек дешет.

Биздин ата-бабалар массалык түрдө ич келте, холера, лямблий жана башка диареялык оорулардын кырылганын баса белгилеген Кертис баштапкы коомдо адамдардын орточо өмүр жашы өтө кыска болгонун белгилейт.

Ал эми чийки сууда иче-карын үчүн керектүү көп пайдалуу бактериялар бар деген пикирлерге келсек, Кертистин айтымында, бул балким туурадыр, бирок анда көп сандаган зыяндуу заттар бар экенин да унутпаш керек.

Виталистин видеосунда "крандагы суу ар кандай антибиотиктер...хлор, фтор менен булганган, алар нейротоксиндүү" деп айтылат. Кертис муну да четке кагат.

Иче турган суудагы фтор менен хлордун кандай зыяны бар экени жөнүндө биз эч нерсе билбейбиз,-дейт ал.

"Дары-дармектердин, антибиотиктердин калдык продуктулары кымындай болсо дагы адамга зыяндуу экенинин эч кандай далилдери жок. Бул жөнүндө талаш жүрүп келатканына көп болду, бирок адамдар кээ бир заттардын аз көлөмдө болсо, эч кандай зыяны болбой турганын түшүнбөй жатышат".

Гейл Тайтцел, Trends in Microbiology журналынын баш редактору: "Ар бир жолу суунун химиялык же микробдук булганышын текшерип отурмак белеңиз. Шаардагы суу түтүктөрүндөгү же бөтөлкөгө куюлган суулар текшерилген, коопсуз..." дейт.

Жакында эле болгон изилдөөлөрдө дүйнөнүн 12 өлкөсүндө бөтөлкөдөгү суунун 90% жана крандагы суунун 82% пластиктин микробөлүкчөлөрү бар экенин көрсөттү. (Эң чоң көрсөткүч АКШда - 94%).

Чийки суунун булактарын издөө өзүнчө эле бир экстремалдык иш деп койгонубуз менен, бул азыр ичип аткан суубуздун сапатына карата кооптонууга реакция болуп жаткан жокпу?

"Суунун пластмассанын микробөлүкчөлөрү менен булганганын, албетте, иликтеш керек. Бирок биз билебиз, тазаланган суу тартыш болгон райондордо балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү чоң, негизги себеби - бактериялар чакырган диареялык оорулар",-дейт Гейл Тайтцел.