"Эки күндүн биринде жок": Бишкектеги таза суу тартыштыгы

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Чычкан аке суу берчи... Мэр көйгөйдү билеби?

Европада күн кайнап жатыптыр, абанын табы 40 градустан ашыптыр дегенди байма-бай угуп, көрүп жатабыз. Бишкекте дагы аптап күчүндө. Ысык аба, куйкалаган күн. Ушундай учурда суусу жок калганыңызды ойлоп көрүңүз. Улгайгандарга, жаш балалууларга абал ого бетер оордук келтирет. Деген менен минтип бирөөлөр тамчы сууга зар болуп, чубуруп аккан түтүктүн көзүн карап олтурса, шаардын дагы бир жеринде дал ошол суу менен көк шиберин сугарып, килем, палас жууп же бассейнге чумкуп жүрөт. Көйгөйдү кантип чечүү керек? Үнөмдөппү, баарына кенен жеткидей кылып камсыздапппы же катуу көзөмөлдөппү?

Айтмакчы, шаарда сугат системасы өтө начар абалда, сугат суу келбейт. Иче турган суунун далайы сугатка коройт.

Бишкексууканал ишканасы шаардыктарды таза сууну ысырап колдонбоого чакырып жатат. Буга чейин бир нече жаңы конушта таза суу жетпей, жумалап суусу жок калып жатканын арызданышкан.

Таза суу тартыштыгы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жайдын аптаптуу күндөрүндө өзгөчө Ак-Ордо, Ак-Өргө, Көк-Жар, Ленин, Күнтуу жаңы конуштарынын ар кайсы бөлүгүндө таза суу курч маселеге айлана баштады.

“Эки күндүн биринде эле суу жок, ал эми кечкисин күндө эле суу жок десек да болот. Өткөндө үч күн күнү-түнү менен суу жок болду. Айла жок, машина менен барып шаардан тааныштардан канистрлеп суу ташып келип атабыз. Өткөндө водавоз менен кыдырып келип суу таратып кетишти”,- дейт Ак Ордо жаңы конушунун тургуну Аида Надырбекова.

Бишкексууканал ишканасы шаар боюнча жалпы 261 миң 970 абонентти тейлейт.

Ай сайын борбор калаада 13 милллион литрге, ал эми жылына 114 миллиард литрге чейин таза суу керектелет. Жай мезгилинде суу адаттан көбүрөөк керектелет.

“Май-сентябрь айлары жыл сайын эле сугат иштери башталат. Бизде андай ирригациялык система жок болгондуктан биз шаардыктарга жана жаңы конуш тургундарына огород, чарба жерлерин сугарып алууга уруксат беребиз. Бирок ал үчүн түнкү 12.00дөн таңкы 05.00гө чейин эле убакыт каралган. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатат. Рейд маалында тургундар каалаган убакта, каалаганча сууну ысырап кылып жатканын көрүп келдик”,- дейт Бишкексууканалдын басма сөз кызматкери Чынара Усупбаева.

Бишкекте жайкысын таза суу чарба иштерине көп кетет

Сүрөттүн булагы, meria.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте жайкысын таза суу чарба иштерине көп кетет
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бишкекте бир кубометр таза суунун баасы 8 сом 20 тыйынга тете. Таза сууну чарба иштери үчүн колдонууну каалаган жарандар ишканага өзүнчө 1,5 сотка үчүн беш айга кошумча 740 сомдон төлөшү керек. Бирок бул талапты баардыгы эле аткара беришпегендиктен жай айлары Бишкексууканал күн алыс рейд уюштурууга арагасыз.

“Бейкапар, айдан-ачык эле огороддорун сугарып, килемдерин таза суу менен жууп жатышат. Сууларды ашыкчасы менен топтоп, бассейндерин толтуруп алып атышат. Ал убакта башка кишилер сууга жетпей, кыйналышууда. Бишкексууканалга чалып бакырып, өкүрүп, нервтенип атышат”, -деди Чынара Усупбаева.

Бишкек жана анын жака-четиндеги жаңы конуштарды суу менен тейлөөгө тартылган суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу – 1 миң 538, 2 километрди түзөт. Бул Бишкектен Ошко чейин барып-келсе боло тургандай аралык. Бирок бул суу түтүктөрүнүн 70% эскилиги жеткен.

“Авария болуп калса 2 метрден 80 метрге чейин барып чаптап, оңдоп түзөп келебиз. Баарын толук жаңылаганга чамабыз жетпейт. Бишкексууканал өзүн өзү тейлеген ишкана болгондуктан шаардык жана казынадан бир тыйын албайбыз. Шаар болсо күн сайын өсүп жатат. Улам бир жаңы конушка суу чыгарылып жатат”, - дейт Ч.Усупбаева.

яБишкексууканалдын кызматкери рейд учурунда

Сүрөттүн булагы, meria.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкексууканалдын кызматкери рейд учурунда

Таза суу маселеси жалгыз эле Бишкек эмес, жалпы Кыргызстан үчүн мүнөздүү көйгөй.

Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы "Аймактар үчүн таза суу" форумунда калк беш жыл ичинде таза суу менен толук камсыздаларын айткан.

Иш-чарада Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлган.

Эгемендик жылдары Кыргызстан сырттан калкты таза суу менен камсыздоо багытында “Таза суу” долбоору башталган.

Бул долбоорго 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон миллиондогон каражат келген. Бирок түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай, сапатсыз курулганы, коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону кийин ачыккан чыккан.

""Таза сууга" бюджеттен да, эл аралык каржы уюмдарынан да көптөгөн акчалар бөлүндү эле. Бул долбоорлор адатта кымбат болот. Бирок алар максатына жетпеди. Мынча желиптир деп маалыматтар чыгып жатты коомчулукка, бирок алар артынан түшүп, тыкыр иликтеп таап чыккан тажрыйба болгон жок", - дейт Журналист Семетей Таласбек уулу.

Кыргызстанда ушу тапта аймактардагы айылдардын жарымы таза сууга муктаж экени маалым.