Таза суу тартыш боло турган мегаполистер
Кейптаун - таза суу запасы кескин азайып, кыйын кырдаалга кабылган ири шаарлардын бири болуп калды. Бирок түштүкафрикалык шаардагы суу тартыштыгына байланышкан абал көйгөйдүн бир гана мисалы дейт эксперттер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жер шарынын 70 пайыздайы суудан турганына карабастан, өзгөчө иче турган таза суу көп деле эмес. Суулардын көбү туздуу болуп, Жерде таза суу болгону үч пайыздай гана бар.
Миллиард чамалуу киши таза сууга жетпей жүрөт, дагы 2,7 миллиарды таза суу тартыш абалда жашайт.
2014-жылы 500дөй чоң шаарда жүргүзүлгөн иликтөөдө "бул шаарлардын ар бир төртүнчүсүндө шаардын бийлиги "суу стрессине" кабылган абалда" деп айтылат.
БУУ тарабынан чыгарылган эксперттик божомол боюнча 2030-жылга барып таза сууга болгон талап дагы 40 пайызга өсүшү мүмкүн. Буга бир катар факторлор таасир этет: климаттын өзгөрүшү, Жер шарындагы калктын саны өсүп баратканы.
Мына ушул өңүттөн алганда Кейптаундун мисалын көйгөйдүн бир гана мисалы болуп калмакчы.
Таза суу тартыштыгына кабылуу коркунучундагы ири шаарлар бардык континенттерде бар. Ал эми маселени чечүүгө барган сайын убакыт азайып барууда. Кейптаундагыдай абалга туштугуп калышы мүмкүн болгон 11 ири шаарлар тууралуу айтып берели.
Сан-Паулу
Бразилиянын финансылык борбору. Дүйнөдөгү калктын жыштыгы боюнча алдыда турган он шаардын бири.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сан-Паулуда таза суу тартыштыгы 2015-жылы катуу сезилди. Анда суу запасы азайып кеткен. Кризис курчуп турган учурда шаарда 20 күнгө жете турган эле таза суу калып, полиция суу толтурулган цистерналарды кайтарып калган.
Мунун себеби 2014-2017-жылдардагы Бразилиянын түштүк-чыгышындагы кургакчылык деп айтылган. Бирок БУУнун миссиясы Сан-Паулуга жана өлкө бийлигинин дарегине: пландоонун жоктугу жана керектүү инвестиция салынбаганы тууралуу сындарды айткан.
Суу кризиси 2016-жылга барып жолго салынды. Бирок өткөн жылдын башында суунун көлөмү кайра кескин төмөндөп кетип, шаардагы суу менен камсыздоонун келечегин бүдөмүк абалга калтырды.
Бангалор
Индиянын бул чоң шаары акыркы он жылдыкта ири технологиялык борборго айланып, чоң курулуштарды башынан кечирүүдө. Ошол эле учурда мындай абал суу менен камсыздоо жана канализацияга оорчулук жаратты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шаардын эскирген суу жеткирүү системасы реставрацияга муктаж. Кытай сыяктуу эле Индияда дагы суу кампаларынын көбү абанын кирдешинен булганат.
Бангалордо дагы андай болбойт деп айтуу жаңылыштык. Шаардагы көлдөрдө жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, суун 85 пайызын сугат же өндүрүшкө гана колдонсо болот деп табылган. Бир дагы көлдөн суу ичкенге же жуунганга болбойт.
Бээжин
Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, белгилүү аймактагы ар бир жашоочуга берилген суу жылына 1000 куб метрден аз болуп калганда - таза суу таңкыстыгы тууралуу айтса болот.
2014-жылы 20 млн киши жашаган Бээжиндин ар бир жашоочусу 145 кубометр таза суу алган. Кытайда Жер шарынын 20% калкы жашайт. Ал эми өлкөдөгү таза суу дүйнөлүк суу запасынын 7% гана түзөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Колумбия университетинин эсептөөсүндө, Кытайда 2000-2009-жылдар ичинде таза суунун запасы 13% кыскарды.
Бул жерде абанын булганышы боюнча факторду дагы эске алуу керек: 2015-жылдын статистикасы көрсөткөндөй, Бээжиндеги ачык суулардын 40 пайызы булганып, айыл чарбасы, өндүрүш үчүн дагы колдонууга жарабай калган.
Кытайдын бийлиги бул көйгөйдү чечүү үчүн масштабдуу долбоорлорду иштеп чыгууда.
Каир
Нил - шаардын негизги артериясы. Учурунда цивилизацияга өбөлгө болгон дарыя биздин күндөрдө оор мезгилин жашап жатат.
Дал ушул дарыядан Египет калкынын 97 пайызына суу барат. Ошол эле мезгилде айыл чарбасы жана башка керектөөлөргө пайдаланылган суунун саркындылары келип кошулат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, орточо кирешеге ээ өлкөлөрдүн ичинен Египет булганыч суулардын кесепетинен пайда болгон илдеттен каза тапкандар саны боюнча алдыңкы орундарда турат.
БУУнун маалыматына караганда, өлкөдөгү таза суу таңкыстыгы 2025-жылга барып жаралышы мүмкүн.
Жакарта
Дүйнөнүн деңиз жээктеринде жайгашкан шаарлар сыяктуу эле Индонезиянын баш калаасы дагы суу ташкындоо коркунучуна кептелди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакартада адамдык факторлордон улам кырдаал курчуду. Баш калаадагы 10 миллиондуу калктын жарымынан азы гана таза сууга жеткен. Шаарда мыйзамсыз кудук казуу бизнеси гүлдөгөн. Бул болсо жердеги суу катмарынын кургашына алып келүүдө.
Баарынан кейиштүүсү жердеги суу кыртышы тегерегине асфальт, бетон төшөлгөндүктөн кайра жаан-чачын болсо дагы толбойт экен.
Москва
Орусия дүйнөлүк суу запасынын төрттөн бирине ээ. Совет мезгилиндеги дүркүрөгөн өндүрүштүн артында көп кесепеттер калды. Бул суу кампаларынын булганышына алып келген. Өзгөчө бул Москвада байкалат. Анткени шаардагы суу системасы 70% ачык кампалардан турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Расмий көзөмөлдөө органдары Орусиядагы 35тен 60 пайызга чейинки суу запастары санитардык нормаларга жооп бербей турганын моюнуна алышат.
Стамбул
Расмий маалыматтарга караганда, түрк бийлиги 2016-жылы таза суу запасы азайган кырдаалга туш болду. Жергиликтүү эксперттер 2030-жылга барып абал начарлайт деп эскертүүдө.
Акыркы жылдары Стамбулдун калк жыш жайгашкан райондору кургакчылык өкүм сүргөн айларда суу тартыштыгын баштан кечирүүдө.

Сүрөттүн булагы, AFP
Шаардык резервуарлардагы суунун деңгээли 2014-жылдын башындагыга караганда бир топ азайып кеткен.
Мехико
Суу тартыштыгы - Мексика борборунда жашаган 21 млн калктын көпчүлүгү үчүн жаңылык деле эмес.
Ар бир бешинчи шаар тургуну аптасына бир нече саат гана крандан суу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми 20 пайызы суу түтүгүнөн сутканын белгилүү убактысында гана суу алса болот.

Сүрөттүн булагы, AFP
Шаар керектелген суунун 40 пайызын ыраак жердеги булактардан алып келет. Суунун кайра иштетүү боюнча кандайдыр бир олуттуу програмалары дагы жок. Эски суу түтүктөрүнөн келген суунун 40 пайызы жоготууга учурайт деген маалыматтар бар.
Лондон
Таза суу таңкыстыгы байкалган шаарлардын катарына Лондон дагы кошулуп калат деп эч ким болжобосо керек.
Иш жүзүндө Лондонго жыл боюу жааган жамгыр болжолу 600 мм (Парижден аз) болгондуктан британ баш калаасындагы колдонулган суунун 80 пайызы дарыялардан келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лондондун администрациясынын айтымында, шаар сууну көп колдонуп жатат. Ошондуктан 2025-жылы көйгөй байкала башташы мүмкүн. 2040-жылга барып олуттуу мүнөзгө өтөт.
Токио
Жапония баш калаасына "жамгыр шаары" атыккан америкалык Сиэттлдегидей эле жаан жаайт. Бирок негизинен төрт эле ай жаан-чачындуу болот.
Бул деген сууну көп жыйнап алуу керек дегендик. Айталы, кургакчылык болуп калса, жыйылган суу бир сезонго жеткидей болушу керек.

Шаар бийлиги мына ушу менен алек: Токиодогу жеке менчик жана коомдук жайларда 750дөй жамгыр суусун чогултуп, кийин пайдаланууга бере турган жайлар бар.
Токиодо 30 млн чамалуу калк жашайт. Шаардын суу менен камсыздоо системасы 70 пайыз ачык суу кампаларындагы - дарыя, көлдөрдөн көз каранды.
Жакында эле суу ситемасына салынган инвестиция көрсөткөндөй, жакынкы келечекте суунун керексиз агып кетүүсүн жоготуу болгону 3 пайызды гана түзүп калат.
Майами
Американын Флорида штаты жамгыр көп жааган беш аймактын бири. Буга карабастан штаттагы белгилүү шаарлардын бири Майамиде суу кризиси бышып жетилүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
XX кылымдагы саздарды кургатуу долбоорлору, байкалбай олтуруп кесепетин тийгизди. Шаарга келген таза суунун негизги булагы болгон жайга Атлантикалык оекандын суусу түшө баштаган.
Бул көйгөй тээ 1930-жылдары байкалганына карабастан деңиз суусу дагы деле кошулуп жатат. Анткени деңиздеги суунун деңгээли көтөрүлүп, акыркы он жылдыкта коюлган жер алдынагы тосмолорду бузууда. (AbA)
.












