Таза суу: арышы арбыбаган аракет, чечилбеген суу көйгөйү
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүү боюнча чечимге кол койду. Агенттик мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдетин аткарат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Суу маселесине президенти Сооронбай Жээнбеков Панфилов районунун эли менен жолугушуусунда дагы токтолгон эле. Шайлоого аттанып жатып элге берген убадасын эске салган Жээнбеков, 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот деп чогулгандарды ынандырды.
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси эми гана көтөрүлүп жаткан жок. Мурдагы президенттердин башкаруусу учурунда дагы бир канча долбоорлор башталып, аягына чыкпай калган болчу.
Жаңы конуштар көйгөйү
Бир караган кишиге алыскы райондордун айылындай көрүнгөн бул жер Бишкекке эң жакын жайгашкан Маевка айылынын жаңы конушу. Конуштун тургундары таза сууга эмдигиче жете элек. Калипа Султанова конушта он беш жылдан бери жашайт.
"Таза эмес суу ичип жатабыз. Кум, ылай аралаш суу чыгат. Коюп тундуруп алабыз. Эртең менен алган сууну түштө колдонобуз. Балдар менен кыйналып, жамгыр болобу, суук болобу сууга чыгабыз. Минтип кезекке турабыз".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Таза суу маселеси Кыргызстандын бардык аймактарында биринчи кезекте көңүл бурулуучу көйгөйлөрдүн бири. Айрыкча алыскы айыл тургундары арыктын суусун тамак-ашка колдонуп, ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан учурлар дагы жок эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкөдө 30 миңге чукул ичеги карын оорулары катталып турат.
"100 пайызга таза суу менен камсыздоо"
Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда калкты таза суу менен камсыздоо - мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири катары киргизилген. Ага ылайык, өкмөткө 2024-жылга чейин калктуу конуштарды 100 пайызга таза суу менен камсыздоо милдети коюлган.
"Бул оор маселе. Совет доорунан, эгемендик алгандан бери ишке ашпаган нерсени ишке ашырабыз деп аракеттерди баштадык. Алдыдагы 5 жылда 653 конуштун калкын таза суу менен камсыздоо пландалган. Алардын ичинен 2018-жылы 69 айылы таза суу менен камсыз болду. Бүгүнкү күнү эл аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу сууга муктаж айылдардын тизмеси түзүлүп, баардыгы болуп 27 млрд сомдук финансылык булактар аныкталды. 75 пайыз каражат табылды, 25 пайызы кийинки жылдын соңуна чейин табылат. Бул чоң маселе, бирок аны аткарабыз",- деди президент Жээнбеков.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Расмийлердин айтымында, ичүүчү суу көйгөйү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында курч турат. Учурда өлкөнүн 91,2 пайыз таза суу менен камсыз болду деп айтылып жүрөт.
"Биз 1980-1990-жылдары таза суу чыгаруу үчүн жүргүзүлгөн курулуштарды кошуп эсептеп жатабыз. Аларды айыл өкмөттөрү өздөрү оңдоп-түзөп алышы керек. Айылда таза суу болуп, бирок айрым көчөгө кире элек болсо, ага жергиликтүү бийлик жооптуу. Президент 100 пайызга камсыз кылабыз деп айтты эле деп күтүп отура берген болбойт. Биз учурда такыр суу жок 653 калктуу конуштарды аларга теңеп берүү аракетин көрүп жатабыз",- деди Би-Би-Сиге Ичүүчү жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев.
Жаз айларында "Аймактар үчүн Таза Суу" форуму өтүп, ага Европа өнүктүрүү жана кайра куруу банкынын президенти Сума Чакрабарти өзү келип катышкан эле. Анда банк менен жалпы суммасы 15 млн евро болгон эки долбоорго кол коюлган. Бериле турган акчага өлкөнүн 24 шаарын таза суу менен камсыздоо макулдашылган.
Калкты таза суу менен камсыздоо үчүн былтыр бюджеттен 250 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. Быйыл ал сумманы 500 млн сомго жеткирүү пландалып жатат. Бирок адистердин айтымында, муктаждыкты чечүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан каражаттар жетишсиз, андыктан өнөктөштөр жардам берип жатат.
"Таза суу маселеси - мектеп эмес. Бул татаал инженердик комплекс. Маселен, учурда Нарын облусунун Баетов айылынын таза суу маселесин чечүү үчүн долбоордун сметалык документтерин иштеп чыгууга 211 млн сом кетти. Ал эми бюджеттен жылдык бөлүнгөн каражат 250 млн сом болуп жатат. Бул бир гана айылдын көйгөйүн чече турган каражат",- деди Аскарбек Токтошев.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
"Таза суу чыры"
Донорлор тарабынан бөлүнүп жаткан каражаттардын бардыгы гранттык негизде эмес. Алардын бир канча пайызы насыя иретинде берилип, мамлекет төлөп берет. Дал ушундай шарт менен "Таза суу" долбоору 2001-жылы башталган. Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк 70 миллион доллар бөлгөн. Бирок көзөмөлдүн жоктугунан иш коррупциялашып, каражаттардын көбү кымырылып кеткенден кийин каржылоо токтоп, 30 миллион доллар келбей калган.
Долбоордун биринчи этабы боюнча 500дөн ашык айылга суу куурлары киргизилгени маалымдалганы менен алардын көбүндө суу чыкпай калган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков дагы "Таза суу" долбоорун аягына чыгаруу аракетин көргөн. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган "Жаны доорго кырк кадам" долбоорунун приоритеттүү багыттары катары "Таза Коом", "Таза-Суу" жана " Ирригацияны өнүктүрүү" программаларын эл аралык донорлор менен ишке ашырам деп убада кылган. Бирок азыр дагы үч жүздөн ашык айылда суу куурлары 60-70 жылдан бери оңдоло элек.












