"Өмүр бою камалсын": Айзиректин өлүмү боюнча иш облустук сотко жетти

Айзиректин сиңдиси Айжамал Эралиева соттолгон тараптын жакындары жазаны жумшартуу үчүн бардык аракетти көрүшү мүмкүн деген ойдо

Сүрөттүн булагы, Ayjamal Eralieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айзиректин сиңдиси Айжамал Эралиева соттолгон тараптын жакындары жазаны жумшартуу үчүн бардык аракетти көрүшү мүмкүн деген ойдо
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Синин фрилансер журналисти

Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек Эралиеванын иши боюнча 8-октябрда Ош облустук сотунда алгачкы отурум башталып, кийинки угуу 5-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлады. Буга чейин Өзгөн райондук соту маркумдун жолдошу Белекбай Абдирасуловду 18 жылга жалпы режимдеги абакка кескен. Айзиректин жакындары айыпталуучуну өмүр бою абакта калтырууну сурап жатышат.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына 20 жылдык кечеге барып келгенден кийин 26-майда күйөөсүнүн колунан ажал тапкан.

Айзиректин күйөөсү, 40 жаштагы Белекбай Абдирасуловго карата "Адам өлтүрүү", "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Мылтыкты октоп, атайлап аткан"

Өзгөн райондук соту 31-июлда Белекбай Абдирасулов жубайын кызганычтан улам, мас абалында бир найлуу, сайсыз мергенчи курал менен атайлап атып өлтүргөн деген тыянакка келген:

"[Биринчи окту] бөлмөдө салынып турган шырдакка атып, экинчи окту атайлап октоп, А. Эралиеванын өмүрүн атайлап кыюу максатында "атпа" деп оң колу менен түртүп, каршылык көрсөткөнүнө карабастан атып таштаган. Атылган экинчи ок Эралиеванын оң колунун билегин тешип өтүп, андан ары оң көкүрөгүнө тийип, оор жаракаттан улам каза болгон абалда Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген".

Айзирек Эралиеванын күйөө баласы (сиңдисинин жолдошу) Мыктыбек Абдыллаев сөөктү таануу үчүн моргго киргенин, кайнежесинин аянычтуу абалы азыркыга чейин көз алдында сакталып турганын айтат.

"Моргго кайнагам экөөбүз киргенбиз. Алаканынын жарымы – сөөмөйдөн баш бармакка чейин жок болчу. Ок жулуп кеткен окшойт. Анан акырек тушка да ок тийиптир. Колдору көгөрүп калган экен. Аткандан кийин назик аялды нары-бери көтөргөн да, балким ошондо көгөргөн болушу мүмкүн. Аткандан кийин дароо ооруканага алып барбай, кийимдерин алмаштырып, убакытты өткөрүп жиберген экен", - деп билдирди Би-Би-Сиге Абдыллаев.

Райондук сот Белекбай Абдирасуловду "адам өлтүрүү" беренеси боюнча 15 жылга, "куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренесинин 2-бөлүмү боюнча 3 жылга эркинен ажыраткан. Ал жалпысынан 18 жылга жалпы режимдеги колонияга кесилген.

Сот мындан тышкары мыйзамсыз курал сактап жүргөн деген кине менен Айзиректин күйөөсүнө 100 миң сом айып пул да чегерген.

Айзирек Эралиеванын үч уул, эки кызы улуу кайын агасынын камкордугуна өттү

Сүрөттүн булагы, Ayjamal Eralieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айзирек Эралиеванын үч уул, эки кызы улуу кайын агасынын камкордугуна өттү

"Кокустук болуп кетти"

Айзирек Эралиеванын үч уул, эки кызы улуу кайын агасынын камкордугуна өттү.

Канатбек Абдирасулов иниси келинин кокустан атып алган деп эсептейт. Ал бир тууганына оор жаза берилип калды деген пикирде:

"Иним күнөөсүн мойнуна алып жатат. Ичкиликтин айынан болду деп, башын мыкчып коюп эле отурат. Биз үчүн 18 жыл аябай оор болуп жатат. Кокустук болуп кетти. Менимче, 13-14 жыл берсе деле дурус болмок. 18 жылда жаңы төрөлгөн бала деле бойго жетип калат экен".

"Анткорлонуп жатат, өмүр бою соттолсун!"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Маркумдун жакындары райондук соттун өкүмүнө макул болбой, жазаны катаалдаштыруу өтүнүчү менен облустук сотко кайрылышкан.

Айзиректин сиңдиси Айжамал Эралиева соттолгон тараптын жакындары жазаны жумшартуу үчүн бардык аракетти көрүшү мүмкүн деген ойдо:

"Буга чейин адвокатыбыз жок эле. Эми тергөөчүлөргө, сотторго пара берип коюшабы деп кооптонуп жатабыз. Ошондуктан жаңы эле адвокат жалдадык. Ал мас болуп калып, кылмышка кокустан барганын айтууда. Андай эмес. Кылмышка алдын ала даярданган. Мылтыгын бир нече жолу октогон. Кийимдерин алмаштырган, баласына "мылтыкты кат, паластарды жыйна, суу алып кел" деген. Машинени минип, сөөктү алып кеткен. Машинени айдай алган абалда болгон. Анан сот отурумунда актер болуп, эси оогон түр көрсөтүп койду. Буга 18 жыл аз. Өмүр бою эркинен ажыратылсын деп талап кылып жатабыз".

Маркум келиндин жеңеси Миргүл Токтоназарова беш баланын жеке коопсуздугу үчүн да атасын темир тор артынан чыгарбоо керек деп эсептейт:

"Өзүнүн койнунда жаткан аялын өлтүргөн адам кийин балдарына зыян келтирбейт деп ким кепилдик берет?! Беш баласы бар. Эртеңки күнү кыздарына залакасы тийип калбасын деп жатабыз. Куда тарап беш баланын апасы жок, ажал экен, ал өлүп калды, эми атасы тезирээк эркиндикке чыкса деп айтып жатышат. Балдарынын энесин өлтүргөн адам ата катары деле милдетин аткара албайт го".

Айзиректин төркүнү да, кайын журту да ал бир сырдуу, эмгекчил, сыйга татыган адам болгонун белгилеп келишет.

Башында коомдук сайттарда бул кайгылуу окуя боюнча так эмес маалыматтар тарап, айрым блогерлер кылмышкерди актаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Натыйжада "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен Бауржан Абдумаликов жана Айбек Уланов аттуу эки блогерге кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда быйылкы жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын ушул айына салыштырганда 35,1% көп. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул мезгил аралыгында 11 328 аялга коргоо ордерлери берилген.