Трамп аскерлерди Чикаго, Лос-Анджелес жана Портлендден чыгарарын айтты

АКШ

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Шаршемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп анын администрациясы Улуттук гвардияны Чикаго, Лос-Анджелес жана Портленд шаарларынан чыгарып жатканын билдирди. Бирок ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө, эгерде кылмыштуулуктун деңгээли өсө турган болсо, федералдык күчтөр "кайтып келерин" кошумчалады.

"Бул шаарларда кылмыштуулук ушул мыкты мекенчилдердин катышуусу менен ГАНА кыйла азайганына карабастан, биз Улуттук гвардияны Чикаго, Лос-Анджелес жана Портлендден чыгарып жатабыз", — деп жазды Трамп.

Бул үч шаардын жана тиешелүү штаттардын өкмөттөрүн демократтар көзөмөлдөйт. Алар Трамптын администрациясын федералдык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууда жана аскерлерди киргизүүнү актоо үчүн негизинен тынч өткөн акциялардагы айрым зомбулук учурларын атайлап көбүртүп-жабыртып жатат деп айыпташат.

Трамп Улуттук гвардиянын аскерлерин же атүгүл армия бөлүктөрүн мегаполистерге жөнөтүү кылмыштуулук менен күрөшүү, федералдык мүлктөрдү жана кызматкерлерди демонстранттардан коргоо үчүн зарыл болгонун айтты.

"Кылмыштуулук кайра өсө баштаганда, бул болгону убакыттын иши, биз, балким, таптакыр башкача жана күчтүүрөөк түрдө кайтып келебиз!", — деп кошумчалады президент.

Акыркы айларда Трамп аскерлерин Мемфис, Жаңы Орлеан жана Вашингтонго да киргизген. Президент өз билдирүүсүндө бул шаарларды атаган жок. Би-Би-Синин кабарчылары билдиргендей, федералдык борбордо аскерлер көчөлөрдө патрулдук кылууну улантууда.

Буга чейин шейшемби күнү Трамптын администрациясы Лос-Анджелеске жайгаштырылган Улуттук гвардия күчтөрүн көзөмөлдөп калуу аракетинен баш тарткан.

Өткөн аптада Жогорку сот Трамп Иллинойс штатынын өкмөтүнүн макулдугусуз Чикагодо аскерлерди колдоно албайт деген чечим чыгарган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аскерлердин жайгаштырылышына байланыштуу шаар бийликтери тарабынан берилген доолорду караган соттор биринин артынан бири президенттин администрациясы өз ыйгарым укуктарынан ашып кеткендиги тууралуу чечимдерди чыгарышты. Ошондой эле федералдык мүлктү демонстранттардан коргоо үчүн аскерлерди колдонуу зарылдыгын тастыктаган далилдерди табышкан жок.

Трамп аскерлерди адатта демократтар башкарган шаарларга июнь айында, анын иммиграцияга каршы катаал саясатына жана депортацияны күчөтүү пландарына каршы нааразылык акцияларынын фонунда киргизе баштаган. Эреже катары, Улуттук гвардия штаттардын губернаторлоруна баш ийет.

Өзүнүн президенттик ыйгарым укуктарын колдонуу менен Трамп ошондой эле Вашингтонго аскерлерди жөнөтүп, жергиликтүү полицияны өз көзөмөлүнө алган. Ал муну кылмыштуулуктун өсүшү менен түшүндүргөн, бирок статистика мунун тескерисин көрсөтүп жаткан.

Трамптын билдирүүсүнөн бир нече саат мурун Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом президенттин администрациясы аскерлерди киргизүү боюнча федералдык соттун чечимине каршылык көрсөтүүнү расмий токтотконун айтты.

"Трамптын жана анын "ыйык" кабинетинин мүчөлөрүнүн бул мойнуна алуусу — коркутуп-үркүтүүнүн бул мыйзамсыз практикасы акыры токтотулат дегенди билдирет", — деп жазды Ньюсом X тармагына.

Өткөн аптадагы маалыматка караганда, Улуттук гвардиянын 300гө жакын жоокери Чикаго аймагында күжүрмөн даярдыкта турушкан, бирок операцияларга катышкан эмес.