Сын, текшерүү, камоо: жергиликтүү бийлик туш болгон кризис

Ташиев

Сүрөттүн булагы, regiontv.kg

Ушул жумада Токмок шаарынын мэри камалып, Чолпон-Ата шаарынын мэри өз каалоосу менен кызматтан кетти. Чүй облусунун жетекчилиги ишти жөндөй албай жатканы айтылып, кемчиликтерди жоюуга батыл киришпесе, креслосун бошотуп бериши керек экени эскертилди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чын эле иштебей жатабы, аймактардын арышы арбыбай жатканына эмне себеп?

Акындын арманы, Ташиевдин сапары

Бул жуманын эң эле "жолдуу" чиновниги президенттин Нарын облусундагы атайын өкүлү Алтынбек Эргешов болду көрүнөт.

Өткөн жумадан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы аймактарды кыдырып, жыйын учурунда мэрлердин бири кармалып, акимдер катуу эскертүү алып жатканы белгилүү.

Мындан улам Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун тагдыры кандай нукка өзгөрөт деген суроо жаралып жаткан. Ансыз да бир нече күндөн бери Теңир-Тоо өрөөнү коомчулуктун кызуу талкуусунда болчу.

Ага жергиликтүү акын Кутман Садыбакасов аймактагы көйгөйлөрдү ырга салып баяндап, Нарын облусу такыр каралбай калганын айтып, өлкө жетекчилерин маселеге назар салууга үндөгөнү себеп болгон.

25-июнда Нарын шаарына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барды.

Атайын кызматтын башчысы шаардагы борбордук көчөлөрдүн жана ипотекалык үйлөрдүн курулушун тез арада бүткөрүүнү талап кылган.

Ал акимдерге кайрылып, ишти так жана убагында аткарууга, болбосо үч күн аралыгында кызматты өткөрүп берүүгө чакырган.

Ушундай эле талапты ал Чүй облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукканда да койгон болчу.

УКМК башчысынын сапарынан кийин эле президенттин Нарын облусундагы атайын өкүлү Алтынбек Эргешов кызматынан бошотулганы, бирок эми Токмок шаарынын мэри болуп дайындалганы белгилүү болду.

Жарлыкка өлкө жетекчиси Садыр Жапаров кол койду.

Токмок шаарынын мэри жана бир нече кызматкер мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелип жатат

Сүрөттүн булагы, regiontv.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токмок шаарынын мэри жана бир нече кызматкер мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелип жатат

Кайталанган тагдыр: Токмоктун мурдагы жана кийинки мэрлери кандай жагдайда камалган?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгы менен Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Андан мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Токмок шаарынын мэри камалганын ырастаган. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, мэр Максат Нусувалиев мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелип жатат.

Аны менен кошо Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана "Ал-Кадыр-Сантехсервис" ишканасынын аткаруучу директору да камалды. Бул ишкана шаарда сейил бак куруп жаткан. Бул үчүн бюджеттен 44 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

"Ал-Кадыр-Сантехсервис" ЖЧКсына 42 миллиону өткөрүлүп берилген.

"Иш жүзүндө эс алуу жайына аталган каражаттар толук жумшалбай, бакты курууга кайдыгерлик менен мамиле жасалган", – деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Жума башында социалдык тармактарда Токмок шаарынын тургундары өлкө жетекчилигине кайрылып, калаадагы жаңы сейил бактын курулуш иштеринин сапатсыз жана жай ыргагына, спорттук мектепте капиталдык ремонт иштери бир жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй жатканына даттанышкан болчу.

24-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Токмок шаарына барган.

Социалдык тармактарда шаардын мэри жыйын учурунда кармалганы тартылган видео тараган.

Максат Нусубалиев Токмок шаарынын мэри болуп 2023-жылы май айында дайындалган.

Ал 2024-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов менен кайым айтышкандан кийин коомчулуктун назарына илинген.

Эл өкүлү Инстаграм баракчасына калаа жашоочулары ага кайрылып, спорттук мектеп толугу менен ремонттолбой жатканына нааразы болгон соң маселени талкуулоо үчүн мэр менен жолугушууга барганын жазган. Көкүлов спорттук мектептин ичинде мэр менен кайым айтышкан учур тартылган видеону да жарыялаган.

Кийинчерээк Токмоктун мэри жергиликтүү басылмаларга маек берип, Көкүловду оройлукка айыптап, аны "таракан кубалап жүрүп депутат болгон адам" деп сыпаттаган.

Токмок шаарынын андан мурдагы мэри да чуулгандуу жагдайда иштен алынган. Анда УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупциянын айынан 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдирген.

Бул иштин алкагында Урмат Самаев 2023-жылы апрелде кармалган. Атайын кызмат анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Кийинчерээк Самаев мамлекетке компенсация катары 25 миллион сом төлөп бергенден кийин тергөө абагынан бошотулган.

Быйыл январда Жогорку Сот аны толугу менен актап, "Чемпион" деген каймана аты бар аткаминер президенттин Жалал-Абад шаарындагы атайын өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган.

Токмоктогу окуяга тушташ, 24-июнда Чолпон-Ата шаарынын мэри да өз ыктыяры менен кызматтан кеткени белгилүү болду. 37 жаштагы Данияр Сатаров бул кызматты туура 11 ай гана аркалады.

Өткөн аптада УКМКнын башчысы Ысык-Көл облусунда да жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, пансионаттардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөргөн.

Ал эс алуучу жайларга алып бара турган ички жолдорду тез арада оңдоону, көрктөндүрүү иштерин колго алууну тапшырган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ыкшоолукка айыптаган.

Ташиев

Сүрөттүн булагы, regiontv.kg

"Башкарууда жалпы системанын ишине басым жасоо керек"

Бул арада жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жыйын учурунда кармап кетүү укуктук жактан канчалык негиздүү деген суроо жаралып жатат.

"Башкарууда жалпы системанын ишине басым жасашыбыз керек. Азыркы учурда бир адамдын жер-жерлерди кыдырып, ишчилерди, мамлекеттик кызматкерлерди зекигени, дал ошол жерден аларды жазага тартканы туура эмес көрүнүш. Жазага тартуунун дагы өзүнүн эрежелери бар. Бул биздин мамлекеттик башкаруудагы кемчилигибизди көрсөтүүдө. Азыр жергиликтүү бийликтин ишин аныктоо, көзөмөлдөө борбордук бийликке жүктөлгөн. Биз азыр ошонун кесепетин тартып жатабыз", – дейт жарандык активист, саясат талдоочу Айбек Теңгизбай.

Юрист Нурбек Токтакунов аймактык чиновниктерди актоодон алыс экенин, арасында иштегени да, ыкшоолонуп жүргөнү да бар экенин белгилейт. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы аягына чыкпай калгандыктан ушундай көрүнүш болуп жатканын айтат:

"Жергиликтүү бийликке укук берилиши керек эле. Жер-жерлерде жетекчилерди эл шайлаш керек болчу. Азыркы мыйзамдар боюнча аларды президент дайындап жатат. Ошондуктан жогору жактан дайыма ушундай көзөмөл болуп турат. Буга жергиликтүү башкаруу органдары өздөрү жол берген. Анын үстүнө элге "жетекчи келди, тартипти орнотуп жатат" деген пиар жагат. Ушундай иш-аракеттерди эл колдойт. Ошондуктан бул жерден укуктук негиздерди издөөнүн кажети жок".

Бийлик мындай кадамдар башкаларга сабак болсун деп жасалып жатканы менен түшүндүрүп келет. (АА)