Садыр Жапаров Путиндин резиденциясына жасалган чабуул тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов 30-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазып, "бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо келтирет" деп белгилеген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-декабрда Украинанын дрондору орус президентинин Валдайдагы резиденциясына чабуул жасаганын айтып, Москва буга сөзсүз жооп кыларын эскерткен. Украинанын президенти Владимир Зеленский Лавровдун айткандарын "Орусиянын кезектеги калпы" деп баалаган. Анын айтымында, Кремль муну менен украин шаарларына жана өкмөттүк имараттарына жаңы кол салууларын актаганы жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер дрондор Путиндин резиденциясын бутага алган болсо, анда бул "жаман" болду деген баасын берди. Анын алдында эле Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШ президенти ал сүйлөшүү жемиштүү болгонун айтып жаткан. Трамп Путин ага Новгороддогу резиденциясына чабуул жасоо аракети болгонун билдирди деди.

Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана эки өлкө ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташат.

Расмий Бишкек Украинадагы кырдаал боюнча нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет. Өлкө мыйзамына ылайык, чет өлкөдөгү согуштарга жалданмачы катары катышкан жарандарга карата катаал жазага эскертилген. Бул согушта Украина тарапта да, Орусия тарапта да жүргөн кыргызстандыктар бар экени айтылып жүрөт.