Украинадагы согуштан улам жанданган ленд-лиз - жеңиштин куралыбы же?

Алмаз Кулматов, тарыхчы

АКШ президенти Франклин Д. Рузвельт ленд-лиз мыйзамына кол коюп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Франклин Д. Рузвельт ленд-лиз мыйзамына кол коюп жатат.

Тарыхта кээ бир окуялар, көрүнүштөр башка өңүттө, кырдаалда, масштабда жана мазмунда кайталанмагы анык. Кечээки союздаш бүгүн каршылашкан тарапка айланышы ыктымал тура. Экинчи дүйнөлүк согушта АКШ менен СССР союздаш катары нацисттик Германиянын агрессиясына бирге кармашкан эле. СССРдин курамындагы РСФСР менен Украина ССРи фашизмге каршы согушса, эми минтип эки эл жаңжалдашып, кан төгүлүп туру.

Россия-Украина жаңжалында АКШ Украинага ленд-лиз программасы менен курал-жарактарды бермей болду. Марттын ортосунда президент Джо Байден Украинага 1 млрд доллар өлчөмүндө курал-жарактан жардам көрсөтөрүн жарыя кылган. Буга танкка каршы 9 миң комплекс, аба чабуулунан коргонуучу 800 система, учактар жана башка куралдар кирмекчи. Жардам бериле баштады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги уюмга мүчө мамлекеттердин сырткы иштер министрлеринин кеңешмесинде Украинага аскерий жардам күчөтүлөрүн, жакынкы апталарда украин армиясынын куралдары олуттуу жаңыртыларын билдирди.

Ошентип, жалгыз АКШ эмес Европанын бир топ өлкөсү, анын ичинде кечээ аскерий блок Варшава келишимине, СЭВ аталган экономикалык биримдикке, социалисттик лагерь деп аталган саясий-идеологиялык шериктештикке кирген Чыгыш Европа мамлекеттери Украинага аскерин жибербесе да курал-жарактарын жиберип, туш-туштан колдоп жатат.

Бир кезекте фашисттерден дал ушул өлкөлөрдү СССР бошоткон эле. Ошентип кечээки союздаштар бүгүн кас душманга айланып, бири бирине кылычын кезеп турат.

Тирилген ленд-лиз

Америка менен Европанын Украинага аскерий жардамы тарых барагында калган ленд-лизди тирилтти. Кайрадан эске салды. Агрессор Германияга каршы согушта кыйналып турган СССРге Кошмо Штаттар, Канада жана Улуу Британия союздаш катары ленд-лиз программасы менен курал-жарак, техника, жабдыктар, азык-түлүктөн жардам бергени белгилүү.

Бирок ленд-лиздин масштабы, анын Улуу Ата Мекендик согуштагы орду, жеңишке салымы боюнча пикирлер ар түрдүү, ал тургай карама-каршы. Ленд-лиз программасын жалгыз АКШ жүргүзбөстөн, Канада өкмөтү да жалпы суммасы 4,7 млрд долларлык товарды Англия менен СССРге лизингге берген. Ал тургай АКШга карата ленд-лизди өзү жардам алып жаткан Британия, Австралия, Жаңы Зеландия, Франция колдонуп, Кошмо Штаттарга жардам берген.

1942-жылы Вашингтон ушул өлкөлөр менен келишим түзгөн, ага ылайык АКШнын армиясы үчүн айрым товарлар, транспорт кызматтары жана аскер базаларынын мүмкүнчүлүктөрү ижарага же мурда алган карыздары үчүн чегерилип берилген.

Ленд-лиз программасы кайдан чыккан, кантип ишке ашкан?

Катюша" жапырт атуу системасынын жарымынан көбү "Студебеккер" машинесине орнотулган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катюша" жапырт атуу системасынын жарымынан көбү "Студебеккер" машинесине орнотулган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ленд-лиз (англис тилинен lend — карызга берүү жана lease ижарага, акысына пайдаланууга берүү). Лизинг ыкмасы да ушул сөзгө байланыштуу келип чыккан.

Ленд-лиздин тарыхы 1940-жылы май айынан тартып, Германия Батыш Европаны басып алып, Улуу Британияга кол салаар алдында башталат. Анткени 15-майда Англиянын премьер-министри Уинстон Черчилль АКШ президенти Франклин Рузвельттен 50 аскер кемесин сурап, ордуна Атлантика мухитиндеги англис аскер-деңиз базаларын пайдаланууга уруксат берүүнү сунуштайт.

Кемелерди Британия узак мөөнөткө ижарага (лизинг) алат жана 1940-жылы сентябрда алгачкы кемелер Британиянын жээгине келет. Мына ушундан соң бул идея Рузвельтке жагып калат да союздаштарга курал-жаракты, алар муктаж болгон оокатты лизингге берүү тажрыйбасын кеңири жайылтууну өз өкмөтүнө тапшырат.

1941-жылдын башында АКШнын Сенаты менен Конгресси ленд-лиз жөнүндө мыйзамды колдойт, мартта Рузвельт ага кол коет. Бул мыйзамга ылайык, АКШ башка мамлекеттерге курал-жарактан тартып азык-түлүккө чейин түрдүү материалдарды жана товарларды ижарага берет, согуш ишине керектүү маалыматтар менен бөлүшөт. Согуштук аракеттер учурунда жок кылынган, бүлүнгөн аскер техникасы үчүн акы алынбайт. Бирок согуш аяктаган соң алар АКШ талабына жараша артка кайтарылууга же ордуна төлөөнүүгө тийиш. Сарпталган товарлар жана материалдар үчүн аларды алган мамлекеттер төлөөгө тийиш, төлөй албаса АКШ карызды жабууга насыя берет. Бул Вашингтонго абдан пайдалуу эле. Анткени Рузвельт “биздин жигиттер башкалардын бөтөн жердеги согушуна катышпайт” деген элге берген убадасын аткарат, бирок союздаштар алдында жүзү жарык.

Экинчиден, өнөр жайды өнүктүрүүгө аскерий талаптар арбыйт, жумушчу орундары түзүлөт.

Үчүнчүдөн, Вашингтон жардам алган өлкөлөргө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европанын, Азиянын жана Латын Америкасынын Германияга жана анын каршы согушкан 40 ашык мамлекети АКШга карыз болуп чыга келет. Маселен, Улуу Британиянын карызы 4,3 млрд доллар, Кытайдын карызы 187 млн доллар, Ирандыкы – 8,5 млн доллар.

СССР жана ленд-лиз

Адегенде ленд-лиз программасы СССРге карата колдонулган эмес. Анткени Молотов-Риббентроп пактынан соң АКШ жана Батыш өлкөлөрү СССРди Германиянын союздашы катары караган. Эң кызыгы, Германия кол салган июнь айына чейин СССР өзү да Германияга ар кандай товарларды жана чийки затты берип келген. Бирок Гитлер Советтер Союзуна кол салган соң кырдаал кескин өзгөрөт да, Батыш Черчилдин тээ 1933-жылдан бери улам айтып келген фашизмге каршы бирге согушуу керек деген акылына көнүп, СССР менен союздаш мамилеге өтөт.

1941-жылы 15-августта Черчилль менен Рузвельт Сталинге кат жазып, “силерге өтө керектүү материалдарды бере баштадык, курал-жарактар жана товарлар жүктөлгөн кемелер силер тарапка жөнөй баштады”, - дейт.

(караңыз: Переписка Председателя Совета министров СССР с Президентами США и Премьер-министрами Великобритании во время Великой Отечественной войны 1941-1945 гг)

"Переписка Председателя Совета министров СССР с Президентами США и Премьер-министрами Великобритании во время Великой Отечественной войны 1941-1945 гг" жыйнагы, 1957
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Переписка Председателя Совета министров СССР с Президентами США и Премьер-министрами Великобритании во время Великой Отечественной войны 1941-1945 гг" жыйнагы, 1957

Албетте, Рузвельт үчүн америкалыктарга кечээ эле Гитлер менен келишим түзгөн Советтер Союзуна тике жардам берүү зарылдыгын түшүндүрүү кыйын эле, ошондуктан алгачкы мезгилде жардамдар Британия аркылуу, башкача айтканда Англия менен ленд-лиз тууралуу түзүлгөн келишимдин алкагында берилип турган.

2-ноябрда АКШ элчиси Штейнгардт А.Я Вышинскийге Рузвельттин Сталинге “Эскерткич каты” аталган кайрылуусун тапшырат. Бул катта “АКШ СССРге 1 млрд доллар өлчөмүндө ижарага же карызга макулдашылган материалдарды жана курал-жарактарды берет, СССР карызын согуш аяктагандан кийин беш жылдан соң төлөй баштап, он жыл ичинде кутула алат, ошол эле учурда СССР АКШга өзүндө бар товарларды жана чийки заттарды сатат, тушкөн акча Совет өкмөтүнүн эсебине которулат” деген пункттар жазылат.

4-ноябрда Сталин Рузвельтке жазган катында терең ыраазычылыгын, бул жардам фашизм менен оор жана азаптуу согушта олуттуу колдоо экендигин билдирип, карызды төлөө мөөнөтүнө макулдугун белгилейт. АКШ Кызыл Чырым аркылуу да ноябрь айында 5 млн долларлык товарларды жана азык-түлүктү белек катары берет.

Сталиндин Рузвельтке каты, 4-ноябрь 1941
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сталиндин Рузвельтке каты, 4-ноябрь 1941

СССРге АКШ менен СССР ортосунда ленд-лиз келишими 1942-жылы 11-июнда мамкатчы Корделл Хэлл жана СССРдин АКШдагы элчиси Максим Литвинов кол койгон “СССР жана АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы агрессияга каршы согушта өз ара жардамдын принциптери тууралуу макулдашуу” деп аталат.

Америкадан СССРге тээ 1945-жылга чейин түрдүү аскер техникасы, курал-жарак, учактар, танктар, станоктор, паровоз, түстүү металл, күйүүчү май, кийим-кечек, азык-түлүк, кыскасы согушта керектүү материалдарды берип турган: 14 795 учак, 7 056 танк, 51 503 Jeep машинеси, 375 883 жук ташуучу автомобиль, 131 633 автомат, 1 981 локомотив, 8 071 трактор, 127 000 тонна ок-дары, 802 000 тонна түстүү металл, 2 670 000 тонна күйүүчү май, 4 478 000 тонна азык-түлүк, 15 417 000 бут-кийим ж.б.

Ленд-лиздин согуштагы ролу жана баасы

Ошентип ленд-лиз программасы аркылуу Экинчи дүйнөлүк согушта Совет өлкөсүнө бир кыйла товарлар, материалдар жана курал-жарактар берилген. Азыркы тапта тарыхый адабияттарда, саясат таанууда, публицистикада негизинен эки ача пикир үстөм.

Биринчилер салттуу советтик идеологиянын таасиринде. Ал эми советтик расмий тарыхнаамада ленд-лиз аркылуу келген оокаттар советтер Союзунда өндүрүлгөн товарлардын жана курал-жарактардын бир азын гана түзгөн, демек жеңишке салымы анча чоң эмес деген позиция басымдуу.

Орус тарыхчылары СССР өзү эле жеңмек, 1990-жылдардан кийин Батыштын пропагандысына ууккан тарыхчылар жана саясатчылар ленд-лизди ашыра баалап жиберди деген көз карашты жактап келишет (https://naked-science.ru/article/history/vsya-pravda-o-lend-lize).

Эгер Советтер Сорюзу ленд-лизге муктаж болбосо, анда неге жардамды алган деген суроо жаралат, буга ленд-лиздин маанисин жокко чыгаргысы келген изилдөөчүлөр Сталин кийинки согушка камданып, өлкөдө өндүрүлгөн курал-жаракты жана материалдарды кампада сактап келген деген аргументти келтирет.

Ал эми экинчи тарап, ленд-лиз болбосо жеңиш күмөн эле, ал турган жеңиш болмок эмес деген көз карашты далилдеп келишет. Тарыхчы Б.В. Соколовдун 1994-жылы жарыяланган Journal of the Slavic Military Studies басылмасында жарыяланган “Роль ленд-лиза в советских военных усилиях, 1941-1945” аттуу макаласында АКШ менен Британиянын жардамы болбосо СССРдин жеңиши арсар эле деген тыянакты бекемдегенге далалат кылат.

Жогоруда айткандай, ленд-лиз аркылуу берилген жардам азбы же көппү деген суроо тарыхчылар менен аскерий адистердин согуш аяктагандан берки бүтпөс талашы. Аскерий адамдар демекчи, даңазалуу маршал Жуков да ленд-лиздин ролун жогору баалаган экен.

Ленд-лизге берилген "Студебеккерлер"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ленд-лизге берилген "Студебеккерлер"

Эч бир жагына кошулбай, салыштыруу үчүн кургак цифраны айталы: союздаштар СССРге берген учактар Советтер Союзундагы жалпы учактардын 11,7%, чопкуттуу техниканын - 17,%, автоунаанын – 163%, мотоциклдердин – 136% локомотивдердин – 240%, күйүүчү майдын - 10%, жарылгыч заттардын - 17%, аскер флотунун – 32 %, зениттик аткычтардын - 18% түзгөн.

Ал тургай “Катюша” советтик реактивдүү пушкалары америкалык Studebaker автомашинасына орнотулган.Советтер Союзунун үч жолку БаатырыАлександр Покрышкин негизинен америкалык аткыч-учак Bell P-39 Airacobra менен учуп, немис учкучтарынын сазайын берген.

Советтер Союзунун үч жолку Баатыры Александр Покрышкин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Советтер Союзунун үч жолку БаатырыАлександр Покрышкин негизинен америкалык Bell P-39 Airacobra учагы менен учкан.

Биз АКШ берген ленд-лиз аркылуу берген материалдар менен техниканы гана мисал келтирдик.

Советтер Союзуна Улуу Ата Мекендик согуш убагында АКШдан башка Британия, Канада жана башка Европа мамлекеттери ленд-лиз программасы деп аталбаса да бир топ жардамын бергени маалым.

Мисалы Британия эле 7 миңге чукул учак жибергени белгилүү. АКШ союздаштарга беш жыл аралыгында 50 млрд өлчөмүндө ленд-лиз аркылуу товарларды жана материалдарды берген, анын ичинде Советтер Союзуна берген оокаттын жалпы суммасы 11 млрд доллар.

Салыштырып көрөлү, 1940-жылы СССРдин ички дүң өнүмү 417 млрд долларды түзгөн. Ошондо АКШдан ленд-лиз аркылуу келген товарлар жана курал-жарактар жалпы ИДӨнүн 2,6%на тете.

Мыкты куралданган фашисттик Германия менен айыгышкан согушта, оорук “Баардыгы фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн” деп кара жанын карч уруп турганда бул жардам азбы же көппү?

Экинчиден, ленд-лиз аркылуу жардамга Советтер Союзу муктаж болгон. Буга Иосиф Сталиндин кайрылуулары, жазышкан каттары күбө.

Айтмакчы Сталиндин Черчилль жана Рузвельт менен согуш мезгилиндеги жазышкан каттарынын көбү ленд-лиз тууралуу (караңыз: Переписка Председателя Совета министров СССР с Президентами США и Премьер-министрами Великобритании во время Великой Отечественной войны 1941-1945 гг . -М. 1957. 294 бет). Бул талашсыз факт.

Ленд-лиз алкагында СССРге берилген Airacobra учактары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ленд-лиз алкагында СССРге берилген Airacobra учактары (иллюстрация)

Ленд-лиз тууралуу мыйзам 1945-жылы августта күчүн жоготот. АКШ согуштан кийин союздаштарынын бересесин эсептейт. АКШ көбүн кечет, СССР 11 млрд доллардан 2,6 млрд долларды 30 жыл ичинде 2,3% үстөгү менен төлөөгө тийиш болгон.

Бирок Сталин Советтер Союзу ленд-лиз үчүн карызын жоокерлеринин каны менен эбак төлөгөн деп моюн толгоп, 170 млн долларын гана төлөмөкчү болот. Буга АКШ көнбөйт. 1972-жылы гана эпке келишип, 722 млн долларды 2001-жылга чейин төлөп берүү тууралуу макулдашышат.

Бирок СССР кайра баш тартып, акыры Горбачев менен Буш макулдашып, 674 млн долларды 2030-жылга чейин төлөмөк болот. СССР кулаганда Россия СССРдин болгон мүлкүн жана тыштагы оокатын да, карызын да мурастап калып, 2006-жылы ленд-лиз боюнча бересесинен кутулганын жарыялайт.

Улуу Ата Мекендик согушта Совет элинин жеңишинин негизги факторлору жана себептери белгилүү. Ошентсе да ленд-лиз программасын ролун четке кагуу бери болгондо натуура.

Экинчиден, тарыхый фактыларды максаттуу бурмалоо, же кайсы бир окуянын маанисин төмөндөтүп, башка нерсени даңазалоо, манипуляция саясий жана идеологиялык аспапка айланууда.

Айталы 2-дүйнөлүк согушта СССРдин курамындагы улуттардын эмгегин кемитип, элдердин салымын азайтып көрсөтүү аракети ачык айтылбаса да, айрым саясатчылардын кебинен жана кылган ишинен байкалып турат. Советтер Союзун түзгөн республикалардын ынтымагы жана улуттардын биримдиги, ар элдин жоокерлеринин баатырдыгы, төгүлгөн каны, ооруктагылардын кайратман эмгеги Улуу жеңиштин негизги фактору экенин жадыбыздан чыгарбоо абзел.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.