Совет-фин "Кышкы согушу": Финляндия кантип эгемендигин сактап калган?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алмаз Кулматов, тарыхчы
XXI кылымда согуш, агрессия, аннексия темасы кайрадан актуалдашты.
Унутулуп, тарых барактарында калгансыган терминдер, түшүнүктөр (тынчтык келишими, денацификация, демилитаризация ж.б.). реанимацияланып, күн тартибине кирди.
Адамзат өз башынан 14 миңден ашуун чоң жана кичине согуштарды, анын ичинде ХХ кылымда эле 2 дүйнөлүк согушту, жаңы доордо согуш аталбаса да куралдуу жаңжалдарды башынан кечирүүдө.
Бекеринен айрым тарыхчылар адамзаттын тарыхы – согуштардын тарыхы деп айтышпаса керек. Швейцариялык окумуштуу Жан-Жак Бабель айтканына ылайык, биздин заманга чейинки 3500-жылдан 2000-жылга чейин адамзат болгону 292 жыл (жалпы суммардык мааниде) тынчтыкта жашаган экен.
Ошол согуштардын басымдуусунун түпкүрүндө материалдык, саясий, экономикалык, а тургай инсандардын меркантилдик кызыкчылыктары, инсандык кумары, падышалардын, саясатчылардын, соодагерлердин, дин ишмерлеринин жеке кусаматы жатты.
Улуттардын биримдиги идеясынын автору Кант менен акылман Гегель, Гете менен Бетховен сыяктуу улуу инсандарды дүйнөгө тартуулаган немис эли Гитлердин “таза арий расасы баарынан улук, демек дүйнөнүн эгеси болууга тийиш, а калган элдер жок кылынууга же немис элине кул сымал кызмат кылуусу абзел” деген дөөрүгөн кебине ишенди. Жүүнү бош, эрки жок, психикалык жактан алсыз адамды гипноз кандай арбаса, фашизмдин пропагандисттик албуут машинасы кыска убакытта бүтүндөй улутту дал ошондой багынтты.
Бул кечээки мисал.
“Христтин сөөгүн кайрыдиндер кордомок болду, ыйык жерди бошотолу” деген чакырык бир өлкө эмес, Европанын бир нече өлкөсүн кадимкидей делебесин козгоп, крестүүлөр жүрүшү дээрлик 600 жыл созулду (1096-1683).
А мусулман аталгандары газават, жихад, Алла өзү жактырган халифат деп ураан таштап, султандардын жолуна, сахабалардын урматына деп нечен согуш салды.
Ошентип, согуштардын көбү анын баштоочулары, демилгелчилери, шыкакчылары, идеологдору жарыялаган тигил же бул “асыл максатты” көздөйт.
Айтор, чиркөө билермандары, мисалы, англикан епискобу Джордж Герберт айткандай, тозокко карай жол жакшы ниет менен салынган (“Благими намерениями устлана дорога в ад”).

Азыркы заманда
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Насили согуш жаңы доордо конфликт, жаңжал, кагылышуу, контр “баланча” аракет сыяктуу, анын ичинде экзотикалык түркүн аталыштарга ээ болду (“Буря в пустыне”, “Лиса пустыни”, “Зимний орел”, “Союзная сила”, “Обдуманная сила” ж.б.). Согуш деп окумуштуулар, журналисттер, адистер, карапайым эл атайт. Мамлекет башчылары, расмий төбөлдөр соңку кезде согушту согуш дебей калганын байкоого болот.
Орус-украин жаңжалы да Кремль тараптан согуш эмес, “атайын операция” аталды, “согуш” деп айтууга мыйзам менен тыюу салды.
Кандай гана аталбасын, маңызы бир болгондуктан, мамлекеттер чачырап, өлкөлөр бүлүнүп, шаарлар кыйрап, кайгы-муң, курмандыктар менен коштолуп, кан төгүлүп, согушканы да, бейкүнөө адамдар да набыт болуп, эл журтун таштап туш-тушка качып, кыскасы нечен азапты али да башынан кечирүүдө.
Москванын Украинаны тез арада денацификация жана демилитаризация кылуу планы азырынча ишке ашканы жок. Ошондон улам аналитиктер менен саясатчылар бир кездеги совет-фин согушун мисал кылып, килейген кубаттуу держава кичинекей Финляндияны жеңе албаганын эске салышты.
Совет-фин согуштары
Дароо айталы, советтик жана орус тарыхнаамасында совет-фин согушу локалдуу конфликт же провокация деп эсептелинип, Улуу Ата Мекендик согуштун алкагындагы окуя катары бааланат. Экинчиден, совет-фин согушу 3 мертебе болгонун да эстен чыгарбоо керек. Финдер - эзелки эл. Бирок Финляндия Республикасы (Suomi - фин тилиндеги түпкү аталышы) 1917-жылы 6-декабрда көз карандысыздыгын жарыялаган, биринчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында пайда болгон мамлекет. Советтик режимди каалабаган фин аскерлери менен Советтик Россиянын армиясынын ортосундагы биринчи согуш 1918-1920-жылдары жүрүп, Тарту тынчтык келишими менен аяктаган.
Экинчи согуш (1921-1922) Карель көтөрүлүшү катары белгилүү жана 21-мартта Москвада РСФСР менен Финляндиянын ортосундагы совет-фин чек арасынын кол тийбестиги тууралуу келишимге кол коюу менен аяктайт.
Тарту келишими 1932-жылы толукталып, эки мамлекет бири бирине кол салбоо тууралуу пактыга кол коет жана бул жобону 1945-жылга чейин созот.
Ушул эки согушта, коммунизмди эңсеген финдер менен калгандары бир жаат болуп, атуулдук жаңжал далай элди азапка салган.
Ал эми үчүнчү совет-фин согушу 1939-жылы 30-ноябрда башталып, 1940-жылы 12-мартта аяктаган. Эки өлкөнүн ортосунда аймактык талаш, саясий пикир келишпестик болуп келген.
Согуш алдындагы кырдаал
Фин өкмөтү совет мамлекети кай бир мезгилде кол салбай койбойт, территориябызга көз артканын койбоду, кусаматы күч деп эсептеген. Андан тышкары, финдердин арасында коммунисттик режимге жан тарткандар арбын болсо да, фин мамлекети советтик системаны каалаган эмес, анткени большевиктик режимдин “ажайып жашоосун” жакынкы коңшу гана эмес, керт башы менен сезип, өз көзү менен көргөн.
СССРде баш калкалап жүргөн миңдеген фин коммунисттери репрессияга тушугуп, совет бийлигине ишеними кайткан. Окумуштуулардын эсеби боюнча, 20 миңден ашык фин коммунистери, жүздөгөн партия жетекчилери атылган, дагы нечен миңдеген активисттер лагерлерге айдалган.
Ал тургай Москванын кол баласы эсептелген, Отто Куусинендин баласы репрессияга кабылып, совет-фин согушунун алдында гана атасы жасалма республикага керек болгондо лагерден бошотулган.
Ал эми СССР экинчи дүйнөлүк согуштун алдында Ленинград сыяктуу ири шаарлары жана өнөр-жай, аскерий объектилери жайгашкан түндүктөгү аймактарынын коопсуздугу үчүн чек арасын ары жылдырууга же чектеш Финляндияны ары тур, бери тур айдама мамлекет кылууга умтулганы түшүнүктүү. Ал тургай ошондой да өкмөттү түзүү аракетин көргөн.
Финляндия Демократиялык Республикасы деген жасалма мамлекетти, Отто Куусинендин батир өлкөсү деген шакаба атка ээ республика жаратып, аны таанып, “Өз ара жардам жана кызматташуу тууралуу” келишим түзгөн.
Ошентип Советтер Союзу 1939-жылы 26 ноябрда фин артиллериясы чек арадагы советтик кыштакты аткылады деп айыптап (Майниль инциденти), 30-ноябрда Финляндияга кол салып, таң эрте фин шаарларына бомбалар ташталып, танкалар каптап кирет. 190 млн калкы бар, эбегейсиз зор, аскер кубаты жүз эсе арбын СССР калкы 3 жарым миллионго чукул кичинекей өлкөнү тез эле баса калышы турулуу иштей сезилген. Совет жетекчилиги, аскер башчылары да ошого бөркүндөй ишенген.
Албетте, теги швед, бир кезде орус армиясында кызмат өтөгөн Карл Маннергейм сындуу кол башчылары да жөн жаткан эмес. Маннергейм линиясы аттуу коргоо тилкесин курган, чакан армиясы даярдыктан өткөн. Бирок эки өлкөнүн аскерий күч-кубаты эселеп айырма эле.
Кышкы согуш
Финдер совет-фин согушун “Кышкы согуш” деп атайт. Бул согуш финдердин улуттук биримдигинин жеңиши жана чыныгы патриотизм актысы деп эсептешет. Түрдүү көз караштагы, кечээ эле коммунисттер жана башкалар деп бир нечеге бөлүнүп, ич ара согушуп келген эл бир туунун алдына чогулуп, бир максатка биригет. Фин жоокерлери советтик аскерлерге катуу каршылык көрсөтүп, алардын чабуулунун мизин кайтарат.
Тарыхта адилеттүү жана баскынчы согуштар деген классификация бар. Албетте, согушкан тарап өзүнүкүн туура, ишибиз ак деп эсептейт. СССР үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш фашисттик агрессияга каршы адилеттүү согуш. Фин элинин да агрессорго каршы адилеттүү, өз мекенибиз үчүн согуш деген ишеними күч болгон. Ошондуктан ар бир фин жан аябай советтик аскерлер менен кармашкан. Партизандык отрядар аскерлердин айласын алты кетирип, улам күтүүсүздөн кол салып, алардын чабуулун үзгүлтүккө учураткан.
Совет калкынын ичинде деле совет-фин согушуна терс баалагандар аз эмес болгон. НКВДнын тыңчылары “элдин арасында финдердин иши ак, биз туура эмес кылдык, эми буларды жеңиш кыйын деген сөздөр айтылууда” деп рапорт беришкен.
Аскер кубаты канчалык көп болсо да, согуштун алгачкы күндөрү эле советтик армиянын даярдыгы жок экени көрүнө баштайт. НКВД башчысы Берия Сталинге “аскерибиз даяр эмес экен, курал-жарак, кийим-кечек, азык-түлүк жетишсиз, солдаттар суукка тоңуп өлүүдө, армияны камсыздоо абдан начар” деп улам-улам маалымат берип турган. Солдаттар шинелчен, купайкечен, кышка жараксыз өтүкчөн, дээрлик көбүнүн кол кабы жок, ошол эле учурда командирлер тон кийип жүрүшкөндүктөн, насили мерген фин снайперлеринин кароолуна оңой илинген. “Командирлердин көбү кырылды, аскерлер баш-аламан аракеттенүүдө, деморализация күч алды” деп баяндайт кайрадан Берия Сталинге.
Ансыз деле 1933-1939-жылдардагы репрессиянын кесепетинен советтик армия миңдеген мыкты командирлеринен айрылган эле. Эми минтип фин жеринде аларды снайперлер жана мергенчилер чилдей терип атып турду. Айтылуу “Молотов коктейли” да алгач ушул согушта финдер тарабынан колдонулган. Советтик аскерлердин көбү өмүрү көрбөгөн буюм-тайымдар, кымбат оокаттар финдер тарабынан жардыргыч катары пайдаланылган. Совет-фин согушунда советтик армия 126 миң жоокеринен айрылып, 264 миңи жарадар болгон. Финдер 26 миң жоокерин жоготуп, 43 миңи колго түшкөн.
Совет-фин согушунда Кыргызстандан аскерге чакырылган жоокерлер да катышкан. Мен согушка катышкам, жети жыл согуштум, тээ фин кармашынан баштаганбыз” дегендер аз эмес эле. Мисалы, менин кайын атам Асанов Ишеке 1939-жылы жазында аскерге чакырылып, совет-фин согушуна катышып, 1943-жылы жарадар болгонго чейин фронтто жүргөн. Улуу Ата мекендик согуштун тарыхы бир бүтүн окуя деп эсептелингендиктен, совет-фин согушунда канча кыргызстандык катышканы, алардын таржымалы, курмандыктар өзүнчө кеп кылынбайт. Изилдениши да үстүрт, так маалыматтар аз болгондуктан бул теманы тереңдеп изилдөө милдети туру.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус тарыхнаамасында агрессия жөнүндө кеп кылынбайт, бирок согуш башталганда эле дүйнө коомчулугу агрессия деп баалап, 1939-жылы 14-декбарда СССР Улуттар Лигасынан чыгарылат. Совет-фин согушунда бир да чет мамлекет Финляндия үчүн СССР менен согуштук аракетке барган эмес. Бирок Улуу Британия, Франция жана АКШ сыяктуу айрым өлкөлөр дипломатиялык жана моралдык колдоо көрсөтүшкөн. Скандинавия өлкөлөрү курал-жарактан тымызын, акчалай жардамын көрүнө беришкен.
Акыры 3 жарым ай созулган кышкы согуш аяктап, совет-фин тынчтык келишими түзүлөт. Советтер Союзу Финляндиянын территориясынын 11% (Выборг шаары, Карелия) ажыратып алган.
Албетте, финдер территориясынын ондон биринен ажырады, бирок эркиндиген ажыраганы жок. А эң негизгиси, Финляндиянын социалдык-экономикалык өнүгүү багытын аныктоодо, ички-тышкы саясатта чечүүчү роль ойногон фин социал-демократиялык партиясынын лидери Вяйне Таннер куралдуу күчтөн мурда элдин жашоосун жакшырталы деген позицияда турган. Ал 1930-жылдын башында Карл Маннергейм менен дискуссияда “армия керек, бирок андан мурда эл кашык каны калганча коргой турган өлкө куралы, жарандарыбыз жан аябай салгылаша турган жашоо камсыздайлы” деген принципти карманган. Фин өкмөтү ушул жакшы идеяны айтып тим болбой, он жыл ичинде реалдуу ишке ашырган. Согуштун алгачкы күндөрү фин жергесин басып кирген советтик аскерлер элдин бардар турмушуна айран-таң калышкан. Фин эли жеңилип калса неден ажырап, нени жоготорун эң сонун билген. Өлкөсүнүн эркиндиги, куруп алган турмушу үчүн кармаш согушта негизги факторлордун бири болгон.
Бүгүнкү күндө Финляндия парламенттик республика, кубаттуу экономикасы бар, бакыт индекси боюнча өтө жогорку көрсөткүчтөргө ээ, жашоо деңгээли эң жогорку 5 өлкөнүн бири.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












