"Бактылуулук индекси": Кыргызстандыктар эмнеге ыраазы, эмнеге нааразы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БУУнун колдоосу алдында өткөрүлгөн сурамжылоодо Финляндия төртүнчү жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөлөрдүн сап башында аталды. Социологдордун сурамжылоосуна ылайык, кыргызстандыктар өз жашоосуна анчалык деле ыраазы эмес.
Финляндиянын артынан эле европалык коңшулаш өлкөлөр - Дания, Швейцария, Исландия жана Нидерланддар турат. Алдыңкы ондукка кирген европалык эмес жалгыз өлкө - Жаңы Зеландия болду. Улуу Британия өткөн жылы 13-орунда болсо, бул жылы 17-орунга түшкөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Алдыңкы жыйырма өлкөнүн ичине күтүлгөндөй эле АКШ, Канада жана Австралия илинди.
- Финляндия
- Дания
- Швейцария
- Исландия
- Нидерланддар
- Норвегия
- Швеция
- Люксембург
- Жаңы Зеландия
- Австрия
Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы 50 мамлекеттин катарында Литва (38) менен Эстония (40), Өзбекстан (42) жана Казакстан (45) аталды. Латвия болсо 51-орунда болуп калды.
Молдова (65), Кыргызстан (67), Беларусь (75), ал эми Орусия 76-орунда.
Тажикстан, Армения, Азербайжан менен Түркмөнстан андан ары тизмени улайт. Грузия 108-орунда болуп калды. Украиндер болсо 110-орунга түштү.
Өздөрүн бактысыз санагандарды эң көбү Ооганстанда, андан ары Лесото, Ботсвана, Руанда жана Зимбабве.

Кыргызстандын көрсөткүчү мурунку жылдарга салыштырмалуу (2017-жылы 98-орунда) жакшы деп айтса болот. Жалпы рейтингди түзүүдө Гэллап институтунун талдоосу эске алынган. Алар 149 өлкөдө сурамжылоо жүргүзүп, жашоосуна канчалык канааттана турганын сураган. Рейтинг түзгөндөр адамдын эркиндиги, ички дүң өндүрүмдүн калктын жан башына үлүшүн, жашоо узактыгын, өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин эсепке алышкан.
Бул жагынан алганда Кыргызстанда өткөн жылдары абал бир топ эле оор болду. Азыр дагы өлкөнү туташ кымбатчылык каптап турган учуру. 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоо Кыргызстандагы олку-солку саясий кырдаалды жаратып, добуш берүүнүн жокко чыгарылышы, президенттин отставкасы, андан кийинки шайлоо, конституциялык жана башкаруу формасы боюнча референдумдар талкуунун негизги чордонуна айланды. Мына ушундай аягы бүтпөгөн саясий талаштардын фонунда экономикалык оор суроолор чечилбей улам артка сүрүлүп калууда. Элдин көбүн ушул жагдай көбүрөөк кабатыр кылат. Анткени азык-түлүктүн баасы асман чапчып, киреше азайды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк банктын 2019-жылга карата маалыматы боюнча, ички дүң өндүрүмдүн киши башына көрсөткүчү боюнча рейтингде Кыргызстан 181 өлкөнүн ичинен 151-орунда аталган. Мунун өзү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 9 эсе артта экенин көрсөтөт.
Абал ошондой болуп турган чакта экономисттер 2020-жылы ички дүң өндүрүмдүн 8,1 пайызга кыскарып кеткенин коңгуроо какты. Мунун себеби товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү жана башка ишкердиктин кыскарышы, жумушсуздуктун өсүшү, калктын кирешеси азайганы, салыктын аз жыйналганынан кабар берет. Өткөн жылы кызмат көрсөтүүлөр, курулуш, импорт төмөндөп, соода менен алектенгендердин (реэкспорт) кирешеси азайган. Ички дүң өндүрүмгө карап экономиканын көлөмүн, өсүп же төмөндөгөнүн билүүгө болот. Анткени бул калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчү. Бул тууралуу макала менен бул жерден таанышыңыз:Жаңы бийликти түйшөлткөн экономика: карыз, каатчылык, кымбатчылык
Рейтингди сап башындагы Финляндия болсо эң мыкты социалдык колдоолору менен көп өлкөдөн айырмаланат. Кылмыштуулук көрсөткүчү өтө төмөн жана бийликке болгон элдин ишеними жогору.
Авторлор рейтинг түзүүдө негативдүү эмоциянын көрсөткүчү жогорулаганына көңүл бурушту. Бул коронавирус пандемиясына байланыштуу болушу мүмкүн деп айтылды.
Ошол эле маалда дүйнөнүн 22 өлкөсүндө элдин жашоосуна болгон канааттануусу өскөн экен. Бул азиялык өлкөлөрдө сезилерлик өскөн.
Рейтингди түзгөндөрдүн айтымында, Финляндияда жарандардын бири-бирине болгон ишеними өтө жогору. Бул аларга пандемия маалында көп кишинин өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берди деп айтылат. 5,5 миллион калк жашаган Скандинавия өлкөсү пандемиядан Европанын башка өлкөлөрүнө караганда эң аз жоготууларга кабылды. 70 миң киши вирус жуктуруп алып, 805 бейтап каза тапкан.













