Жаңы бийликти түйшөлткөн экономика: карыз, каатчылык, кымбатчылык

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу 2020-жылдын декабрында орточо алганда, баалар 7,2 пайызга кымбаттаганы айтылды
    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Кыргыз өкмөтү өткөн жылдын сабагын эске алып, бюджеттик саясаттын жаңы концепциясын иштеп чыгарын билдирди. Ошол эле маалда элди түйшөлткөн суроого жооп кылып, пенсия, жөлөк пул, айлык акы маселесинде көйгөй жаралбай турганын ишендирүүдө. Бирок экономикалык абалды адистер өтө оор деп баалоодо.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоо Кыргызстандагы олку-солку саясий кырдаалды жаратып, добуш берүүнүн жокко чыгарылышы, президенттин отставкасы, конституциялык жана башкаруу формасы боюнча референдумдар жана мөөнөтүнөн мурун өтө турган президенттик шайлоо талкуунун негизги чордонуна айланды. Мына ушундай аягы бүтпөгөн саясий талаштардын фонунда экономикалык оор суроолор улам артка сүрүлүп калууда. Ал тапта экономика тармагы боюнча эксперттер киреше төмөндөгөнүн, мамлекеттик карыздын көлөмү өсүп, жакырчылык жана жумушсуздук күчөгөнүн айтып коңгуроо кагууда. Электр энергиясынын тартыштыгы байкала баштады.

«2020-жылы орун алган абал бизди жакынкы мезгилдеги бардык бюджеттик саясатты өзгөртүүгө түрткү берди. Концепциянын негизги маңызы Өкмөттүн бардык социалдык милдеттенмелерин - пенсия жана жөлөкпулдарды, карыздарды төлөө салык кирешелерине байланат. Биздин фискалдык органдар, экономикабыз калктын социалдык милдеттенмелерге карай муктаждыгын толугу менен канагаттандырышы керек. Мындан тышкары, биз келерки жылдын жана мезгилдердин чыгашасы өткөн жылдардын киреше деңгээлинен ашпоосу тийиштигин түшүнүүбүз керек. Натыйжада, биз бюджеттин киреше бөлүгү боюнча тийиштүү резервдерди уюштуруп жана аларды экономиканы өнүктүрүүгө багыттай алабыз», - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков.

Кирешеден чыгаша көп

Дүйнөлүк банктын 2019-жылга карата маалыматы боюнча, ички дүң өндүрүмдүн киши башына көрсөткүчү боюнча рейтингде Кыргызстан 181 өлкөнүн ичинен 151-орунда аталган. Мунун өзү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 9 эсе артта экенин көрсөтөт. Абал ошондой болуп турган чакта экономисттер 2020-жылы ички дүң өндүрүмдүн 8,1 пайызга кыскарып кеткенин коңгуроо какты. Мунун себеби товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү жана башка ишкердиктин кыскарышы, жумушсуздуктун өсүшү, калктын кирешеси азайганы, салыктын аз жыйналганынан кабар берет. Өткөн жылы кызмат көрсөтүүлөр, курулуш, импорт төмөндөп, соода менен алектенгендердин (реэкспорт) кирешеси азайган. Ички дүң өндүрүмгө карап экономиканын көлөмүн, өсүп же төмөндөгөнүн билүүгө болот. Анткени бул калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчү.

«Быйылкы жылы дагы оорчулук болот. Былтыркы жылы пандемиядан улам экономика толугу менен токтоп калды. Биздин экономикада төрт-беш эле тармак иштейт. Анын бирөөсү туризм, тейлөө тармагы былтыры толугу менен токтоп калган. Азыр деле толук иштеп кете албай турат. Анан тигүү тармагы дагы басаңдап калды. Себеби Кытай жабылып, көп кездеме келбей, Орусияда дагы кризис болгонуна байланыштуу 30 пайызга чейин кыскарганы тууралуу маалымат бар. Буга улай эле курулуш тармагы дагы кардардын капчыгына байланыштуу да. Ошондуктан курулуш дагы токтоду. Айыл чарба продукциялары жаздан баштап Орусия, Казакстанга кире албай, чыгаша болду. Экономика кыймылдабай, бюджетке акча түшпөй калды»,-дейт Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Темирбек Ажикулов.

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2020-жылы бюджеттин тартыштыгы кескин курчуган. Салыктын кыскарышы 30 млрд. сомго чейин жетти. Бюджетти толтурууда негизги булак - салык. Салыктын азайышы өндүрүштүн көлөмү, кызмат көрсөтүү, ишкердик кыскарганынын кесепетинен улам болду. Башкача айтканда, жумуш жок болсо, киреше да жок, салык дагы түшпөйт. Ошол эле маалда киреше кыскарганына карабастан, мамлекеттик чыгымдар азайган эмес. Мамлекеттик башкарууну оптималдаштырып, чыгымдарды кыскартуу, сырткы карыздарга көз карандылыкты азайтуу сыяктуу аракеттерден майнап чыга элек.

«Өкмөттө жана министрликтерде бирин-бири кайталаган агенттик, департаменттер көп. Маселен, бюджеттин 25 пайызын мамлекеттик кызматкерлерди кармаганга эле жумшайбыз. Ошол жагынан алганда, буларды бир топ кыскартуу керек. 2021-жыл экономикалык жактан бизге оор болот. Биз мурунтан азык-оокаттарды, күйүүчү майды Орусия менен Казакстандан ташып келчү эмес белек. Азыр өздөрүндө дагы тартыштык жаралууда. Баасы өскөн сайын көрсөтүлүүчү кызматтын наркы дагы кымбаттоодо. Айлык-акыны, пенсияны көбөйткөнгө акыбал жетпейт. Өлкө кошумча жумуш орундарын түзүп, ишкана ачканга чамасы жок. Инвестициялык климат жакшы болбогондуктан ири инвесторлор келбей жатат. Жакынкы убакытта келет дегенден кетип, колдо болгон гана мүмкүнчүлүктү үнөмдүү пайдаланышыбыз керек»,- деди экономика боюнча көз карандысыз эксперт Эркин Абдыразаков.

2019-жылдын декабрына салыштырмалуу 2020-жылдын декабрында орточо алганда, баалар 7,2 пайызга кымбаттаганы айтылды. Эгерде азык-түлүк тууралуу айтсак, болжолуу 13% кымбаттаган. Кымбаттоолор биринчи кезекте шаар жериндеги кирешеси аз бүлөөлөргө чоң сокку урат.

тигүүчү аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жүз миңдеген үй-бүлөнүн тиричилиги мигранттарга байланган. 2019-жылы мигранттар которгон каражат ички дүң өндүрүмдүн 30 пайызын түзгөн. 2020-жылдын январдан сентябрга чейинки мезгилин 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда акча которуу 2,9 пайызга азайган. Кыргызстанда коронавирус курчуган 2020-жылдын июнь-сентябрь айларын 2019-жылга жылга салыштырганда, акча которуу 21,8 пайызга аз болду.

«Орусиянын өзүндө кризис болуп жатат. Ошондуктан мигранттардан жылдагыдай жардамды күтө албайбыз,-деди Э.Абдразаков. -Жаңы бийликтин алдында оор суроолор бар. Февралдын орто-ченинде айыл чарба жумуштары башталат. Дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү, муктаждыктарын жабуу деген маселе кандай болот? Өлкө ичинде чакан ишкердик менен алектенгендердин көбү банктан алган насыяларын төлөй албай кыйналууда. Ырас, жаңы келген бийлик 1, 2 млрд жардам көрсөттү. Бирок ал болгон үч миң кишиге жетти да. 700 миңден ашуун киши насыя алып, тиричилик кылып келген. Ошондуктан бул маселени чечпейт. Демек, келечекте чакан бизнести колдоо дагы оорчулук жаратууда. Муну чечүү үчүн донор институттар менен сүйлөшүп, жакшы долбоорлорду сунуштоо зарыл болуп турат. Саясаттап кетип, экономикага бурулбасак болбойт».

Кокодон алган карыз

графика

Ушундай кырдаалдан улам пенсия, айлык-акы убагында төлөнөбү деген кабатыр суроолор көтөрүлүп жатат. Өкмөт мамлекеттик сектордо иштегендердин айлык-акысын төлөөдө, пенсия, жөлөк пул берүүдө маселе жаралбайт деп ишендирүүдө. Бирок мунун чечүүнүн жолу баягы эле сырттан алынган насыя аркылуу ишке ашабы? Мисалы, 2020-жылы өкмөт пандемиянын кесепеттерин жоюш үчүн сырттан алынган 627 млн ашуун доллар жардамдын чоң бөлүгүн бюджеттик чыгымдарга (айлык-акы, пенсия, жөлөк пул, карыздарды төлөөгө) короткону айтылып жатат.

«Эмне колубуздан келет? Өкмөт ишкерлерге кайрылып, «силерге не кылып берели» деген суроо узатса жакшы болмок. Былтыры дагы көп сурандык текшерүүлөрдү токтоткула, ишкерлерге тийишпегиле, чек араны ачып бергиле дегенбиз. Кытай менен дагы деле чек араны ачалбай жүрөбүз. Ошондо экономика кыймылдап, кичине бюджетке салык түшүп жардам болмок. Былтыры көзгө көрүнгөн ишканаларга салык кызматы барып, алдын ала төлөп бергиле деген кайрылуулар болуптур. Бул жакшы көрүнүш эмес, ишкерлерге мындай мамиле жасалбашы керек»,-дейт Темирбек Ажикулов.

2020-жылдын октябрь соңуна барып мамлекеттик карыз ички дүң өндүрүмдүн дээрлик 68 пайызын түзгөн. Бул өлкө эгемендүүлүккө жеткен жылдар ичиндеги рекорд саналат. 2001-жылдан 2017-жылга чейин өлкө мыйзамдарында мамлекеттик карыз ички дүң өндүрүмдүн 60 пайызынан ашпашы керек деп, мыйзам аркылуу чектөө коюп келген. Бирок 2017-жылы кабыл алынган Бюджет кодексинде өкмөттүн өтүнүчү менен чектөө алып салынган.

Салыштыруу үчүн алсак, Казакстанда мамлекеттик карыз ички дүн өндүрүмдүн 20 пайызынан ашпайт. Орусияда - 15 %, Грузияда -43%, Түркмөнстан - 23%, Өзбекстан - 12%, Тажикстанда -41%.

Кыргызстандын сырткы карызы 396 млрд. сом (же 4,8 млрд АКШ доллары). Анын 86 пайыздайы эл аралык уюмдарга, мамлекеттерге, жарымы Кытайга болгон карыз. Кыргызстандын кредиторлору катары 22 каржы уюму жана бир нече өлкөнүн өкмөттөрү. Орточо алганда карызды жарандарга бөлсөк, ар бир кыргызстандыкка 743 доллардан туура келет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

2020-жылы мамлекеттик бюджеттен карызды төлөөгө 212 млн доллар которулган. Бул жылы бул сумма 252 млн доллар болот. Ал эми 2024-2029-жылдары карыздарды төлөөнүн эң жогорку чеги. Бул аралыкта Кыргызстан жыл сайын 400-450 млн долларга чейинки каражатты карыз төлөөгө жумшайт. Башкача айтканда, насыяларды төлөөгө кеткен чыгымдар мамлекеттик бюджеттин үчтөн бирине барабар болуп калат.

Карыздын өсүшү инфраструктура үчүн салына турган инвестицияларды токтотот жана мамлекет үчүн жаңы насыяларды алууга дагы оорчулук жаратат дейт экономика тармагы боюнча эксперттер. (AbA)