"Убагында колго тийеби?": кабатыр кылган пенсия менен маяна

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эл арасында өкмөт социалдык төлөмдөрдү жана айлыктарды төлөй албай калабы деген кооптонуу пайда болду. Өткөн жылдын этегинде "кызыл зонада" иштеген медкызматкерлер айлыгын талап кылып Саламаттык сактоо министрлигине келсе, мамлекеттик почтанын кызматкерлери нааразылыкка чыккан.
Орусия 30-декабрда Кыргызстанга 20 млн доллар кайтарымсыз жардам каражатын которгон. Орусиянын элчилиги бул социалдык төлөмдөр менен айлык акыларды төлөө үчүн бюджетке колдоо катары берилип жатканын билдирген.
Пенсиялар таратылууда
"Пенсиябызды дайыма айдын 10-11-күнүндө алабыз. Мына кечээ которду. Эми пенсиядан кыйынчылык болбош керек деп ойлойм. Өткөн жылы пандемия шартында деле пенсияны маселеси жок алып жаттык. Буга ыраазыбыз", - деди Бишкектеги пенсионер Кабыл Абылжанов.
Эл арасында улам жакынкы айларда мамлекет пенсияны, жөлөк пулду жана бюджеттик кызматкерлердин маянасын бере албай калат деген сөздөр айтылып келатат.
Бул төлөмдөр мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамдын корголгон беренелери болуп саналат. Мисалы, 2020-жылы салыктар жыйналбай, мамлекет көп милдеттенмелерин аткара албай калып, аталган негизги төлөмдөргө гана кудурети жетти. Жыл аягында коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык институттардан келген каражаттардын эң чоң бөлүгү бюджеттик кызматкерлердин айлыгына кеткени белгилүү болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Социалдык фонд январдын пенсиясы толугу менен которулуп жатканын билдирди. Ал үчүн Салык кызматы иштеген жарандардын декабрдагы социалдык төлөмдөрүн жыйнап берди.
"Учурдагы төлөмдөргө толугу менен каржылоо иши жүрүп жатат. Эч кандай кабатырланбашыңыздар керек. Буга чейин дагы ушундай сурооолор болуп, парламентте кандайдыр бир себептерден улам бюджетке акча түшпөй калса кандай болот деп сурашкан. Андай учурда мыйзам боюнча, социалдык төлөмдөр үчүн белгиленген каражаттын дефитин жабууга өкмөт милдеттендирилет", - деди Би-Би-Сиге Социалдык фонддун башкармалык башчысы Жеңиш Мукамбетов.
Социалдык фонд 2020-жылы пенсия үчүн 47 млрд 858 млн сомго жакын акча которгон. Өлкө боюнча 688 миң киши пенсия алат, жыл сайын саны өсүп келатат.
Мамлекеттик органдар айлык, социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча кийинки айлар тууралуу айта албай турганын, баары улам жыйналган салыкка, жалпы экономикалык абалга байланыштуу экенин айтышты.
"Ишкана, мекемелер иштебей калса, социалдык төлөмдөр топтолбой калат. Андай абалга мамлекет, өкмөт жетекчилери жол бербейт деген үмүттөбүз", - деди Жеңиш Мукамбетов.
Ал Кыргызстанда бир пенсионерди бир иштеген жаран "багып жатканын", пенсиялык системасы туруктуу өлкөлөрдө бир пенсионерге үч-төрт кишинин айлыгы туура келерин кошумчалады. Кыргызстанда орточо пенсия 6000 сомдон ашык , ал эми базалык бөлүгү 1780 сом.
Жөлөк пул жана башка төлөмдөр

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен жөлөк пулдар жана башка төлөмдөр боюнча ушул айга эч маселе жок төлөп жатканын билдиришти. Министрлик ар айдын чыгымдарын эсептеп, Каржы министрлигине жиберет.
"Майыптыгы бар балдарды караган ата-энелерге ай сайын 4900 сомдон айлык акы берилет. Майып адамдарга жөлөк пул, үй-бүлөгө көмөк төлөнөт. Ушул сыяктуу төлөмдөр көп. Алардын баары өз учурунда кетип жатат. Азыр январь айына жер-жерлерге таратылды, ай бүткөндө эмес, алдын ала берилет. Бул калктын аялуу катмары болуп жатат, алган каражаты көп деле эмес. Анан аны да токтотуп коймок беле, андай боло элек, болбойт деп ойлойбуз", - деди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 300 миңден ашык балага жөлөк пул берилет. Ал 800 сом чамасында.
Бюджеттик кызматкерлердин айлыгы
Бюджеттин эң көп чыгашалырынын бири айлыктар. Министрлик быйыл мугалимдердин айлыгы жогорулаарын, ага 486 млн сом каралып жатканын айтты. Медкызматкерлерге кенемте үчүн 500 млн сом кетет. Билим берүү тармагына 37,4 млрд, саламаттык сактоого 8 млрд, социалдык коргоого 11,7 млрд сом сарптоо пландалган.
Орусиядан келген 20 млн доллар кайтарымсыз каражатты Каржы министрлиги өткөн жылдын бюджетиндеги дефицитти жабууга коротоорун билдирди.












