Си Цзинпин менен жолугушуу. Макрондун үмүтү ишке ашабы?

By Tessa Wong & Hugh Schofield

BBC News, Сингапур, Париж

Кытайда Макрон мырзаны Улуу Элдик Залдын алдында мыкты даярдалган аскердик парад менен тосуп алышты

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда Макрон мырзаны Улуу Элдик Залдын алдында мыкты даярдалган аскердик парад менен тосуп алышты

Франциянын лидери Эммануэль Макрон кытайлык кесиптеши Си Цзиньпинди Орусиянын Украинадагы согушун токтотууга жардам берүүгө үндөдү.

"Мен сиздин Орусияны эсине келтирип, жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө бардык тараптарды көндүрө аларыңызга ишенем", - деди ал Бээжинде Си мырзага.

Си Цзинпин Кытай менен Франция дүйнөдөгү тынчтыкты сактоого "жоопкерчилик ала аларын жана жөндөмдөрү бар” экенин белгиледи.

Бирок Москва азырынча “конфликтти тынчтык жол менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү каралбайт” жана чабуулдар улана берет деп билдирди.

Кытай менен Батыштын ортосундагы мамиле бир нече жылдан бери начарлап кеткен. Андан тышкары Кытай Россиянын Украинага басып киришин тикелей айыптоодон баш тарткан. Андыктан Макрондун Кытайга болгон расмий сапарына өзгөчө көңүл бурулганы ошондон.

Эмануэль Макрон ошондой эле соода байланыштарын чыңдоого умтулууда. Ал Кытай жетекчилиги менен сүйлөшүүлөргө катышууга Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейенди чакырып, өзү менен бирге бизнес өкүлдөрүнүн чоң делегациясын ала барган.

Бейшемби күнү түштөн кийин Бээжиндеги салтанаттуу аскердик параддан соң Эмануэль Макрон Си мырза менен жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кытай менен Франциянын расмий өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү “ачык” жана “достук” маанайда өттү деп билдиришти.

Жолугушуудан кийин болуп өткөн маалымат жыйынында Си Цзиньпин Украинадагы согушка токтолуп, "Кытай тынчтык сүйлөшүүлөрүн жактайт жана жаңжалды саясий жол менен чечүүнү көздөйт" деди. Ал ошондой эле эл аралык коомчулукту болуп жаткан окуяларга карата “акыл-эс жана сабырдуулук” менен мамиле кылууга чакырды.

Өзөктүк курал тиемасы унутта калган жок...

Жолугушуу согуш уланып жаткан мезгилге туш келди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жолугушуу согуш уланып жаткан мезгилге туш келди
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле Кытай лидери бул согушта өзөктүк курал колдонулбашы керектигин дагы бир жолу кайталады. Орусия ушул аптанын башында Беларустун НАТО өлкөлөрү менен чектешкен аймагына тактикалык өзөктүк куралды жайгаштырууну пландап жатканын билдирген.

Макрон Украинада согуш уланып жаткан чакта "Европада коопсуздук жана стабилдүүлүк орнобойт" деди. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү уюмдун уставын бузганы "кабыл алынгыс" экенин айтты.

Талдоочулар белгилегендей, пресс-конференцияда Макрон жылуу маанайда сүйлөп, көп учурда Кытай лидери тарапка түз кайрылып жатты. Ал эми Си Цзинпин басма сөз өкүлдөрүнө бир топ оор басырыктуу маанайда сүйлөдү.

Кийинчерээк өзүнчө пресс-конференцияда фон дер Лейен айым эгер Кытай Орусияга курал берсе, бул эл аралык мыйзамдарга каршы келерин жана Евробиримдик менен Кытайдын ортосундагы мамилеге "олуттуу зыян келтирерин" баса белгиледи.

Ал ошондой эле Бээжин "адилеттүү тынчтыкты орнотууга көмөктөшө турган ролду ойнойт" деген үмүтүн билдирди. Фон дер Лейен украин лидери Владимир Зеленскийдин орус аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүсүн талап кылган тынчтык планын толугу менен колдой турганын кошумчалады.

Кытай өзүнүн тынчтык планын жарыялаган, аны Батыш өлкөлөрү Орусияга өтө эле жакын деп эсептеп, колдоого алган эмес. Бирок президент Зеленский ага кызыкдар экенин билдирип, Си мырза менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин айткан – Кытай лидери азырынча ачык жооп бере элек.

Бирок, Урсула Фон дер Лейендин айтымында, Си Цзинпин менен сүйлөшүү учурунда ал Зеленский менен “шарттар жана убакыт ылайыктуу болгондо” сүйлөшүүгө “даярдыгын ырастаган”.

Бейшемби күнү Орусия Кытайдын “ортомчулук кылууга абдан эффективдүү жана таасирдүү потенциалы” бар экенин моюнга алды.

"Бирок Украинадагы кырдаал татаал бойдон калууда, азырынча конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жок", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын согушту улантуудан башка "аргасы жок" деп кошумчалады ал.

Бул жолугушуудан кандай жыйынтык чыгар экен деп дүйнө көз салып турган чагы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул жолугушуудан кандай жыйынтык чыгар экен деп дүйнө көз салып турган чагы

Си Цзинпин Макрон менен фон дер Лейенди Бээжинде тосуп алды

Бейшемби күнү кечинде Кытай бийлиги Макрондун урматына салтанаттуу кечки тамак уюштурду, ал эми жума күнү Франция менен Кытайдын лидерлери түштүктөгү Гуанчжоу шаарына барышты, ал жерде дагы эки лидер жеке форматта чогуу тамактанышты.

Бул сапар Си мырзанын былтыр ноябрда Балиде өткөн G20 саммитинде АКШнын президенти Жо Байден менен жолуккандан кийинки Батыш лидери менен болгон саясий жактан эң маанилүү карым-катнаштын белгиси.

Бул иш сапары аркылуу Макрон эл аралык тынчтык орнотуучу катары өзүнүн репутациясын бекемдөөгө умтулууда – ал Украина жаңжалындагы бардык негизги тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Талдоочулар Макрон Кытай сапарынан кандайдыр бир олуттуу дипломатиялык ийгиликтер менен кайтып келери күмөн экенин билет деп ишенишет. Кытай лидери өзүнүн Орусия менен Украинага болгон мамилесин олуттуу түрдө өзгөртөөрү күмөн.

Президент Макрон, кыязы, чакан ийгиликтерге, орток пикирге жана өз ара соодадан жана сүйлөшүүлөрдөн түшкөн пайдага басым жасайт. Француз президенти анын өлкөсүнүн Батыш альянсына таандык экени жана АКШга жакындыгы Россиянын союздашы болгон Кытай менен мамилени бекемдөөгө тоскоол болбошу керек деп ишенет.

Француз лидери пресс-конференция учурунда Бээжин менен Батыштын ортосунда көптөн бери талаш-тартыш жаратып келе жаткан Кытайдын адам укуктары боюнча көйгөйлөрү жөнүндө дээрлик ооз ачкан жок. Президент Макрон бул маселе Франция үчүн маанилүү бойдон кала берерин, бирок “сын айта бергенден көрө сый көрсөткөн жакшы” деп билдирди.

Ошондой эле Макрон мырзанын иш сапарынын алкагында француз жана кытай корпорациялары жана маданий мекемелери тарабынан бир нече маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Ал бизнес жетекчилери, сүрөтчүлөр жана музей кызматкерлеринен турган делегация менен барды. Делегациянын курамына учак жасаган Airbus, люкс класстагы LVMH компаниялар тобу жана өзөктүк энергия өндүрүүчү EDF компаниясынын жогорку жетекчилери кирген.

Макрон акыркы жолу Бээжинге төрт жыл мурун барган. Анын бул жолку иш сапары Францияда пенсия реформасына байланыштуу иш таштоолор жана баш аламандыктар болуп жаткан учурга туш келди. (DO)