НАТОдо жаңы мүчө. Финляндия уюмга расмий түрдө кирди
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шейшембиде, 4-апрелде, Финляндия НАТОнун 31-мүчөсү болоорун НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 3-апрелде билдирди.
"Биз бул жерде, НАТОнун баш кеңсесинде, алгачкы жолу Финляндиянын желегин көтөрөбүз. Бул – Финляндиянын коопсуздугу, Түндүк Европанын жана жалпы НАТОнун коопсуздугу үчүн жакшы күн болот, – деди Столтенберг. – Натыйжада, Швеция дагы алда канча коопсуз болуп калмакчы".
Жакынкы убакка чейин Түркия Финляндиянын НАТО аскердик ынтымагына киришине бөгөт коюп келген: Анкара эки Скандинавия өлкөсүнө (Швеция менен Финляндияны) өзү "террорчу уюм" деп санаган Күрдистан жумушчу партиясынын (ПКК) мүчөлөрүнө жана түрк бийлиги 2016-жылы төңкөрүш аракетин уюштурган деп айыптаган Фетхулла Гүлендин тарапкерлерине башпаанек берип жатат, деп кине коюп келген болчу.
Швеция өткөн жылдын май айында Финляндия менен бир убакта НАТОго кирүү үчүн арыз берген, бирок Түркия жогорудагыдай кинесине негизденип, Швецияга азыр дагы бөгөт коюуда.
НАТОнун ар кандай кеңейиши анын бардык мүчөлөрүнүн колдоосун талап кылат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Орусиянын баскынчылыгына каршы жооп
Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү Түндүк Атлантикалык аскердик ынтымактын соңку жаңы тарыхындагы эң маанилүү учурлардын бири болуп саналат.
Финляндия Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук өлчөмдө басып киришине жооп иретинде буга чейин карманган бейтараптык макамынан баш тартып, НАТОго кошулууну чечти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Скандинавиядагы Швеция өлкөсү дагы НАТОго кирүү үчүн арыз жолдоо аркылуу өзүнүн бейтараптык боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмесинен баш тартты.
Финляндиянын коомдук пикири Орусия Украинага басып киргенден кийин түп тамырынан бери жана кескин өзгөрдү. Өткөн жылдын жаз мезгилинин башында дээрлик бир түндүн ичинде НАТОго мүчөлүккө колдоо көрсөткөн финдердин саны мурдагы үчтөн бир болгон көрсөткүчтөн дээрлик 80%га чейин кескин өсүп чыкты.
Орусиянын Украинага басып кириши 1949-жылы советтик коркунучтан коргонуу үчүн түзүлгөн Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмуна (НАТОго) жаңы дем берди.
Ооганстандагы майнапсыз иш-аракеттен кийин, АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын доорундагы ички ыйкы-тыйкылардан улам Франциянын президенти Эммануэл Макрондун НАТОнун “мээси өлө баштады” деген ырастоолорунан соң жана Кытайдын улам көкөлөп бара жаткан дымагынын шартында Орусиянын эгемен Украинага толук өлчөмдө басып кириши ордунан жыла албай токтоп калгансыган аскердик ынтымакка кайра жан киргизгендей болду.

Деги эмнелер өзгөрүүгө тийиш?
Коомдук тажрыйбада көп деле өзгөрүү байкалбагандай туюлат: Финляндия 1994-жылы эле НАТОнун расмий өнөктөшү болуп калган болчу жана ошондон бери бул ынтымактын аскероери менен тыгыз кызматташып жатат. Финляндиянын аскерлери НАТОнун бардык техникалык жана институттук талаптарына жооп берет.
Жүзөгө ашып жаткан негизги өзгөрүү – Түндүк Атлантикалык Келишимдин бешинчи беренесинин кудуретине байланыштуу. Анда НАТОнун бир мүчө мамлекетине кол салууну бүткүл ынтымакка кол салуу катары каралат.
Дүйшөмбү күнү (3-апрелде) кечинде Столтенберг мырза мындай деп айтты: "Президент Путиндин жаскаган эң маанилүү белгилеринин бири... НАТОнун андан ары кеңейүүсүнө каршы экендиги болчу. Ал НАТОнун улам кичирейе беришин каалады. Эми болсо президент Путин өзүнүн өлкөсүнүн чек арасында НАТОнун мүчөлөрүнүн санын көбөйтүп салып жатат".
Финляндия менен Швециянын куралдуу күчү

Бул билдирүү менен талашуу кыйынга турат: Финляндия менен Орусиянын ортосундагы кургактыктагы чек ара 1300 чакырымдан ашык. Анын үстүнө, дал Финляндия менен чектеш райондордо Орусиянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарынын стратегиялык базалары жана Түндүк флоттун базалары топтолгон.
Буга кошумча жагдайды айтсак, бул базаларды жабдып туруу бир гана темир жол жана бир автожол аркылуу жүргүзүлөт. Алар Ладога көлүнүн түндүгүндө гана тарамдарга жиктелет. Бул логистикалык жагдай НАТОнун күчтөрүнө аскердик жабдуунун ушул көзгө басар нугун жарым миң чакырымдык аралыктагы каалаган жерден кесип салууга теориялык жактан болсо да мүмкүнчүлүк жаратат.
Москва карегине баарын батыруу менен гана алек
2022-жылдын январында расмий Москва НАТОдон чыгышты көздөй жайылуудан баш тартууну, мурдагы советтик өлкөлөрдү, анын ичинде Украинаны мүчө өлкө катары кабыл албоону, алар менен аскердик кызматташуудан баш тартууну, ошондой эле 1997-жылдагы чекке кайра кайтууну талап кылды. Ал эми 1997-жылдан кийин бул аскердик ынтымакка бир катар Борбордук жана Чыгыш Европанын жана Балтика боюнун өлкөлөрү мүчө болуп калышкан.
Орусиянын 2022-жылдын 24-февралынан тартып Украинага толук өлчөмдө басып кириши Кремл үчүн таптакыр тескери натыйжа берди. Бирок, эң таң калычтуусу, Финляндия менен Швеция НАТОго мүчө болууну каалагандыктарын расмий жарыялашкан чакта, Кремлдин алардын ниетине карата расмий мамилеси өтө жоош мүнөздө болду.
KARTA
Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн колдоо боюнча коомдук рейтингдин 2022-жылдагы көрсөткүчү

Жаңы кырдаалда В.Путин Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине Орусиянын жообу бул аскердик ынтымактын инфратүзүмүнүн кеңейишине жараша болот деп билдирүү жасап тим болгон.
Путин мырза "жок жерден эле көйгөйлөр жаралып жатат", бирок Украинадан айырмаланып, Орусиянын Швеция жана Финляндия менен "эч кандай көйгөйү жок", – деп сүйлөгөн.
Ал эми Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо: "Бизде Финляндия менен деле, Швеция менен деле эч кандай аймактык талаш-тартыштарыбыз жок, ал эми Украина ыктымал түрдө НАТОго мүчө болуп калышы мүмкүн, ошондо Орусияда аскердик ынтымакка катышкан бул мамлекет менен аймактык талаш жаралып калмак, бул жагдай болсо бүткүл континентти өтө зор тобокелдиктерге туш кылмак", – деп билдирген.
Ал эми 2018-жылдан бери Францияда байырлап келе жаткан орусиялык саясат таануучу, журналист жана публицист Татьяна Становая айым (ал 1978-жылы Москвада туулган) НАТО маселеси Путиндин империячыл туруму үчүн шылтоо гана болуп жатканын баса белгилейт.
"Путин үчүн НАТО маселеси аскердик-стратегиялык жүйөө эмес (аскердик коркунуч жалпы үчүн, анын ичинде өзүнүн ишеними үчүн деле, шылтоо катары гана, негизги жүйөө катары гана колдонулган,), бирок маңызы боюнча ар дайым геосаясий жана тарыхый маселе катары гана колдонулган. Башкача айтканда, Батыш жакта НАТО бар болсо боло берсин, бирок “биздин арабызда” болбосун. Ал эми Украина, Грузия, Молдова – булар “биздин арабызда”. Алар тарыхый жактан “биздин арабызда”, деп санаган", – дейт Становая айым. (TT)












