Руслан Казакбаев: Кыргыз эли оор учурда түрк элинин жанында болорун, көмөгүн аябай турганын билдирдик

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын Сирия менен чектеш аймагында болгон зилзала 500дөн ашуун кишинин өмүрүн алганы кабарланды - анын ичинде Түркияда кеминде 284, коңшу Сирияда 230дан ашуун. Өлүм-житимдин саны өсүүдө.
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10 шаар – Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османие, Адияман, Малатия, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килистин жабыркаганын билдирди.
Түркияда кеминде 2 323, Сирияда 639 адам жараат алды.
Би-Би-Си Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевди кепке тартып, табигый кырсыкта жапа чеккен кыргызстандыктар жокпу деп сурады.

Руслан Казакбаев: Болжол менен түнкү саат 04:30 чамасында биздин боордош Түркиянын 10 аймагында күчү 7,14 баллга жеткен жер титирөө катталды. Тилекке каршы кырсыктын кесепетинен бир топ имараттар кыйрап, түрк жарандарынын арасында жаракат алгандар жана каза болгондор бар. Тез аранын ичинде жардам берүүчү Түркиянын “Ават” деген уюму бардык иштерди координация кылып жатат. Биз дагы Кыргызстанга маалыматтарды бергенбиз. Элчиликте 24 саат бою түз байланыша турган телефондорубуз бар. Бул маалымат келери менен түндө эле Анкарадагы элчилик жана Анталия, Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктарда атайын штаб түзүлгөн. Жер титирөө алты баллдан жогору болгон шаарларда жашаган кыргыз жарандары менен байланышып жатабыз. Ушул сааттарга карата (Би-Би-Си элчи менен Бишкек убактысы боюнча 13:30да байланышкан) кыргыз жарандарынын ичинен жабыркагандар жок. Кыргыз жарандарынан маалымат, кабар алуу иштери дагы да уланат. Кеңеш сурап кайрылып жаткандар болууда.

Сүрөттүн булагы, MFA.GOV.KG
Би-Би-Си: Куткаруу, кырсыктын кесепетин жоюу иштери тынымсыз жүрүп жатса керек?
Руслан Казакбаев: Түркиянын ар кайсы мекемелери тарабынан куткаруу иштери жүрүп жатат. Бардык иштер түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын жеке көзөмөлүндө. Түркиянын бардык бийлик бутагы учурда жабыр тарткан шаарларда иштеп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Биз дагы Кыргызстанга маалыматтарды бергенбиз. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, президент жана өкмөт жыйын өткөрүп, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруу тобун даярдап жатканы бегилүү болду. Биздин куткаруучулар буюрса бүгүн-эртең Түркияга келип калат деген ойдобуз. Андан башка түрк элине дагы кандай жардамдар көрсөтүлөрү каралып жатат. Элчилик Түркиянын президенттик аппараты жана Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз байланышта болуп жатабыз. Аларга көнүл айтып, кыргыз эли, кыргыз бийлиги оор учурда түрк элинин жанында болорун жана болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенибизди билдирдик.












