Түркия жана Сириядагы чоң жер титирөө: каза болгондордун саны 4,8 миңден ашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндүгүндө 4800дөн ашуун адамдын өмүрүн алган эки катуу жер титирөөдөн кийин куткаруу иштери түнү бою уланды. Түркияда жети күндүк аза күтүү жарыяланды.
7,8 баллга жеткен биринчи жер титирөө 6-февралда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де болуп, очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарына жакын жердеги 17,9 км тереңдикте болгон. Андан кийин 40тан ашык афтершоктор катталды.
Андан соң саат 13:30 чамасында күчү 7,5 баллга жеткен экинчи жер титирөө болду. Анын очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараштагы Элбистан аймагында болду.
Зилзаладан 4890 киши мерт кетти. Биринчи жер титирөөдөн Түркияда 3381 адам каза болуп, 20 миңдей жаран жаракат алды болгон. Коңшу Сирияда 1,5 миңден ашуун адам каза болду.
Жер титирөөлөрдүн кесепетинен 5775 имарат урап калган.
Кызыл Жарым Айдын президенти Керем Киник гуманитардык жардам көрсөтүүнү көздөгөн элден жер титирөө болгон аймактарга унаа менен барбоого чакырды. Төшөктөрдү, жылуу кийимдерди жана бут кийимдерди кабыл алуу пункттарына алып келүү керек, андан кийин алар жабыркаган аймактарга жеткирилет.
"Унаалар жолдун 50 метрлик жарыгына кулап түшкөн. Жолдордо кар жана муз бар", — деп эскертти ал.

Би-Би-Си түрк кызматынын Диярбакырдагы кабарчысы шаарда соода борбору урап, кыйрап калганын билдирди.
Жер титирөө борбор калаа Анкарада жана Түркиянын башка аймактарында, ошондой эле бүткүл чөлкөмдө - Кипрде, Ливанда жана Сирияда сезилди.
Reuters Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянып, Алеппо провинциясында көптөгөн имараттар ураганын кабарлады. Ал эми Хамадагы жарандык кызматтагы булак ал жерде бир нече имараттар урап калганын кабарлады.
"Үйдүн дубалдарынан сүрөттөр кулап түштү, - деди Дамасктын тургуну Самер Reuters агенттигине. - Мен чочуп ойгондум. Баарыбыз кийинип, эшиктин алдында турабыз."
Күбөлөрдүн айтымында, Дамаскта, ошондой эле Ливандын Бейрут жана Триполи шаарларында адамдар үйлөрүнөн көчөгө чуркап, унааларга отурушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Синин Газа тилкесиндеги продюсери Рушди Абуалуф ал жашаган үй 45 секунддай титиреп турганын айтты.
Түркиялык сейсмологдор жер титирөө 7,4 балл болгонун кабарлашты. Алардын айтымында, бир нече мүнөттөн кийин аймакта экинчи силкинүү болгон.
Түрк Кызыл Крест комитетинин башчысы олуттуу кыйроолор жана ураган имараттар бар экенин айтып, жабыркаган аймакка жардам берүү үчүн ресурстар мобилизацияланганын билдирди. Ошондой эле ал элди жабыркаган үйлөрдөн көчүп чыгууга чакырды.
Түркия дүйнөдөгү сейсмикалык эң активдүү аймактардын биринде жайгашкан.
1999-жылы өлкөнүн түндүк-батышындагы Измит аймагында болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен 17 миңден ашуун адам каза болгон. (ЕВ)














