Ооганстандагы жер титирөө: 1000ден ашуун киши каза болуп, 1500гө чукулу жаракат алды

Сүрөттүн булагы, AFGHANISTAN INFORMATION SERVICE
Ооганстандагы 6,1 баллдык жер титирөөдөн кеминде 1000 адам каза болуп, 1500гө чукул киши жарадар болду. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тактоо иштеринин жыйынтыгында каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп билдиришти.
“Айрым айылдар алыскы тоолуу аймактарда жайгашкан, ошондуктан бардыгын аныктоо үчүн убакыт керек”, - деди журналисттерге ооган Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Салахуддин Аюби.
Америкалык сейсмологдордун маалыматы боюнча, жер титирөө болжол менен 51 чакырым тереңдикте болгон жана анын очогу Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарынан 44 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Каза болгондордун көпчүлүгү өлкөнүн чыгышындагы Пактика провинциясында.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Ал жерден тартылган кадрлар жер көчкү астында калган кыйраган үйлөрдү көрүүгө болот, куткаруучулар урандылардын астынан тирүү калгандарды табууга аракет кылып жатышат.
Жер титирөө 22-июнга караган түнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:30да, көпчүлүк тургундар уктап жаткан кезде болгон. Ал 500 километрден ашуун аралыкта, мындан сырткары Пакистан менен Индияда да сезилген.

Ооганстандын айыл аймактарында бийик имараттар дээрлик жок, жер үйлөр ашар жолу менен курулган. Алардын пайдубалы жок болгондуктан жер титирөөлөр адатта өлкөгө олуттуу зыян келтирет.
Өлкө сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкан. БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ооганстандагы жер титирөөлөр акыркы 10 жылда 7 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган.

Сүрөттүн булагы, AFGHAN GOVERNMENT NEWS AGENCY
Бийликти колуна алган Талибан кыймылы (бир топ өлкөдө мыйзам боюнча тыюу салынган уюм) эл аралык уюмдардан көмөк көрсөтүүнү суранып жатат. (ЕВ)
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:












