Катуу жер титирөөнү өз көзүбүз менен көрүп дагы деле нес болуп турабыз... Кыргызстандыктын маеги

Сүрөттүн булагы, Салтанат Төлөкова
7-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн 4300дөн ашуун киши каза болгону белгилүү болду. Түркиянын өзүндө эле 2900гө чукул киши, ал эми Сирияда 1400дөй тургун мерт кетти. Мындан сырткары миңдеген имараттар кыйрады. Учурда урандылардын алдында калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат.
Би-Би-Си Кыргыз кызматы жер титирөөнүн күчү алты балдан ашкан Адана шаарында жашаган кыргызстандык Салтанат Төлөкованы кепке тартты. Салтанат Аданага жакын жердеги Османие шаарында жер титирөөдөн улам баш калкалай турган жайы жок, көчөдө калган эки кыргызстандык айымга барып, аларды өзү жашаган аймакка алып келгенин айтып берди.
Би-Би-Си: Саламатсызбы Салатанат эже, ал-абалыңызар жакшыбы?
Салтанат Төлөкова: Саат түнкү төрттөр чамасы эле мен ойго болчумун, токтоп-токтоп үч жолу жер титиреди. Биз үч кабаттуу үйдө жашагандыктан эшикке чыга алган жокпуз. Эшикте да жамгыр нөшөрлөп жаап жаткан, айла жок үйдүн ичинде кудайлап гана отурдук.
Би-Би-Си: Сиз жашаган Адана шаарында да үйлөр ураганы айтылууда, алар сиздерге жакынбы?
Салтанат Төлөкова: Ооба биз жашаган аймактан алысырак жакта бир нече уй ураганы айтып жатышат. Бирок так билбедим. Османие деген шаарда жашаган бир тууган кыргызстандык эки кызды таанучумун. Алар жашаган тогуз кабат үйдөн жарака кетип, үйгө кире албай эшикте калышканын уктум. Эрте менен дароо эле такси кармап, майын куюп, мекендештерибизди алып келгени Османие шаарына жөнөдүм. Алар үйлөрүнөн эч нерсе алып чыкпагандыктан жанында да акчалары жок экенин айтышты.

Сүрөттүн булагы, Салтанат Төлөкова
Би-Би-Си: Кырсык болгон аймактарды өз көзүңүз менен көргөн турбайсызбы, жабыргаган аймактарды сүрөттөп бере аласызбы?
Салтанат Төлөкова: Ооба, өз көзүм менен көрдүм, шаар аябай оор абалда. Көчөдө адамдар көп. Менин тааныштарым 12 кабаттуу үйдө жашашчу экен. Алардын жанындагы көп кабат үч үй толугу менен кулап түшүптүр. Биринде 100дөй адам уранды астында калды деп жатышат. Так саны жок. Куткаруучулар жаңы эле барган экен мен мунун баарын өз көзүм менен көрдүм. 15 мүнөттөй туруп, кыздарды алып алып эле Аданага кайттык. Көчөлөрдө полиция эч кимди тургузбай, куткаруучуар менен тез жардам унааларына жол ачып жатат. Бир жагынан жамгыр жаап жатат, түнү менен жаап чыгыптыр. Азыр эми аман-эсен Аданага келдик, кыздар дагы деле нес абалда, түндөн бери сыртта жүрүп, үшүп, ачка, ооруп да калышыптыр.
Би-Би-Си: Ал кыздар жаныңыздабы, аты-жөнүн айтып, мени байланыштыра аласыбы?
Салтанат Төлөкова: Ооба, жанымда Уялкан Маматказиева.

Би-Би-Си: Уялкан эже абалыңыз жакшыбы?
Уялкан Маматказиева: Мен азыр шок абалда турам, сүйлөшө албайм го.
Би-Би-Си: Баары жакшы болот эже, эң башкысы аман-эсен экенсиздер. Көргөндөрүңүздү кыскача айтып бере аласызбы?
Уялкан Маматказиева: Биз 9-кабатта жашачубуз. Катуу жер титирөө башталганда жаныбыздагы үч там урап түштү. Дүрбөлөң түшүп эле тепкич менен сыртка чыктык.
Би-Би-Си: Саат канчалар эле?
Уялкан Маматказиева: Төрт жарымдар болчу, эл менен сыртка чыгып, жакын жердеги сейил бакка чейин жөө чуркап бардык. Унаасы барлар ар жакка, ээн талааларга кетип жатты. Биз болсо бир топ адамдар менен бирге бир маршурткага кирип, таңкы саат сегизге чейин отурдук. Сыртта жамгыр жаап жаткан. Маршуртканын ээси өзүнүн жумуштары менен кеткен соң саат сегизден баштап сыртта эле жүрдүк. Бактыга жараша Салтанат байланышып, бизди алып келди.

Сүрөттүн булагы, Салтанат Төлөкова
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Үйдө документ, керектүү буюм-тайымдарды алганга үйлгүрдүңүздөрбү?
Уялкан Маматказиева: Эч нерсебизди алганга үлгүргөн жокпуз, оюбузга да келген жок.
Би-Би-Си: Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жер титирөө болгон аймакта жашаган кыргызстандыктар менен байланышып жатабыз деди. Сиздер байланыша алдыңыздарбы?
Уялкан Маматказиева: Байланыштык деп жазыптыр, аны интернеттен окудук. Биз эч ким менен байланыша алган жокпуз.
Кошумча маалымат: Материал даярдалып жаткан учурда элчилик маек кургандар менен байланышып, кенен маалымат алып, мүмкүн болгон көмөк көрсөтүүлөөрүн убада кылганы маалым болду.
Салтанат Төлөкова: Ооба аны мен дагы окудум, жабыркагандар жок деп билдирүү таратыптыр. Мен барган шаарда үч үйдүн толугу менен урап түшкөнүн өз көзүм менен көрдүм. Ал жерде кыргыздар бар жогун эч ким айта албайт.
Би-Би-Си: Сиздер жашаган шаарда башка да кыргызстандыктар бар беле?
Уялкан Маматказиева: Бизге кошуна шаарда эки жаш кыргыз кыз бар болчу. Ал шаарда дагы жер титирөө катуу болду. Азыркы учурда ал кыздар менен байланыша албай жатабыз, эмне болушту экен?
Би-Би-Си: Сиздер жашаган Осмоние шаары жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарынан канча алыс?
Уялкан Маматказиева: Ооба, жакын эле, ортодо эки үч шаар бар, андан кийин Кахраманмараш.
Салтанат Төлөкова: Бул кыздарга азыр жардам керек, эч кандай документтери жок, кийимдери дагы суу болуптур.
Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн.












