"Сиңдимди атып өлтүргөн күйөөсүнө адилетсиз чечим чыкты". Нурайымдын күйөөсү 9 жылга соттолду

Сүрөттүн булагы, үй-бүлөлүк архив
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Нурайым Жакыпованын иши боюнча сот өкүмү чыкты. 23-декабрда Чүй облусунун Москва райондук соту аялын атып өлтүрүүгө шектелген Смаилбек Эркетаевди 9 жылга эркинен ажыратты. Маркумдун эжеси ага жеңил жаза берилип калганын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылып, адилеттүү чечим чыгарууга көмөктөшүүнү сурап жатат.
Чүй облусуна карашатуу Москва районунун Бала-Айылчы айылынын тургуну, 49 жаштагы Нурайым Жакыпова 1-ноябрь күнү күйөөсүнүн колунан мерт болгон. Аны жолдошу, 63 жаштагы Смаилбек Эркетаев мас абалында 16 калибрлүү, кош оозду сайсыз мылтык менен атып өлтүргөн. Сот материалдарына караганда, күйөөсү аны чачма ок менен көкүрөккө аткан. Нурайымдын денесинен 46 даана тешик түрүндөгү жаракаттар аныкталган. Ал 2,8 литр кан жоготкон.
Смаилбек Эркетаевге алгач Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттук териштирүү учурунда "өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө багытталган түз ниети тастыкталган эмес" деген бүтүм чыгарылган.
Москва райондук соту, судья Жоошбековдун төрагалыгында Смаилбек Эркектаевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") боюнча күнөөлүү деп таап, 23-декабрда тогуз жылга эркинен ажыратты. Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.
"Сот айыпталуучу С.А.Эркетаевге карата жаза чектөөдө, күнөөсүн толук моюнуна алып өкүнгөндүгүн, биринчи ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандыгын жана экинчи топтогу майып экендигин, ал эми оорлотуучу жагдай катары мас абалында оор залал келтирилгендигин эске алып, ага карата эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындоону туура деп табат", – деп белгиленген соттун өкүмүндө.
Сот ага тогуз жылдык жаза чектөөдө жаш курагы эске алынганын белгилеген.
"Дагы канча аял өлүш керек?!"

Сүрөттүн булагы, courtesy
Маркум Нурайым Жакыпованын эжеси Гүлайым Жакыпова райондук соттун өкүмүнө макул эмес. Ал иш адилет тергелбей калганын, өтө жеңил жаза берилгенин билдирүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"11-декабрда биринчи соту болгон. Биринчи соттук отурумду жабык сот деп койду. Эч ким кирбеши керек, бир эле өзүңүз катышасыз дешти. Өзүм жалгыз катыштым. Экинчисинде, 23-декабрда да өзүңүз эле катышасыз дешти. Жалгыз катышпайм, арыз жазам, эмне үчүн жабык сот болот, эмне үчүн кошуналар күбө катары чакырылбайт, туугандар келет эле дедим. Арыз жазам десем, 8-бөлмөгө барыңыз дешти. Ошол жерден бир кыз артымдан чуркап келип, "сот ачык эле болот" деди. Мен Ак-Суу (Беловодское) аылынан аталаш эжемди ээрчитип алдым эле, ошол экөөбүз эле катыштык. Токтогул районунан эч ким барган эмес. Биз Токтогулдун Кара-Күңгөй деген алыскы айылында турабыз, жердин түбү. Шаарга сотко кайра-кайра баруу үчүн акча керек экен. Сиңдимди жоготуп, стресс болуп, зорго адам болуп отурсам, анан сот деген акыйкат чечим чыгарбай койду. Жүрөгү ооруйт экен, жашы улуу экен деп эле тогуз жыл эле берип койду. Өлтүргөн кишиге жеңилдик кылып, жардам берип кое беришет экен. Мылтык менен ит аткандай атып жатса, ага жеңилдик эле да тогуз жыл деген".
Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Тилек Оторов сот отуруму башталарда алдын ала кароо отуруму өтөрүн, ага тараптар гана катыша аларын, андан кийинки сот отурумуна чектөө болбой турганын билдирди:
"Бул иште да дал ушундай жагдай болду деп билдиришти райондук соттон. Райондук соттун чечимине тараптар макул болбосо, апелляциялык даттануу менен облустук сотко кайрыла алышат".
Гүлайым Жакыпова өкүмдү даттанарын, бирок адвокаты жоктугун, арыздануунун жол-жобосун билбей жатканын айтып, өлкөдөгү укук коргоочулардан, Акыйкатчыдан юридикалык жардам сурайт.
Ал өлкө президенти Садыр Жапаровго да кайрылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүүдө.
"Эми дагы канча аял өлүш керек, кайталанып эле жатат. Мына, 23-декабрда дагы ушундай окуя болду. Андан мурда да болгон. Канча аял өлүш керек, канча бала жетим калыш керек?! Акыйкат чечим чыгарып берүүңүздөрдү суранам".
Окуянын чоо-жайы

Нурайым Жакыпова быйыл 1-ноябрда өмүр менен кош айтышкан. Аны күйөөсү мылтык менен аткан учурду кошунасы көрүп калган. Кош бойлуу келин коркуп калгандыктан ооруканага жаткан.
"Катардагы эле күн болчу. Кечке маал... Ашкананын терезесинен көрүп калдым. Эжени көргөн жокмун, байкени көрдүм. Мылтык менен келе жатат деп эшикке чуркап чыктым. Эшикке чыкканда жетишпей калдым. Мээлеп туруп атып жиберди. Байке мас экен, аябай мас экен", – деген Би-Би-Сиге маркумдун кошунасы.
Айыл тургундары жубайлар ортосунда уруш-талаш дайыма болуп турганын айтып беришкен. Маркум келин күйөөсү ичип келген күндөрү кошуналарына далай ирет качып барган экен. Түгөйлөр ортосундагы мамиле начар болгонун кылмышка шектүүнүн иниси Нурлан Эркетаев да тастыктаган:
"Эми аралары жакшы эмес эле. Дайыма ызы-чуу менен түшүнбөстүк болуп турчу. Айтышып, урушуп кетишчү. Мен кичүү инисимин, мени угушмак беле, анын үстүнө өзүнчө турам".
Маркум Нурайым Жакыпова 17-ноябрда Орусияга иштегени кетүүнү пландап койгон эле.
Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Токтогул районундагы Терек-Суу айылында жерге берилген.
Маркумдун артында эки баласы калды. Улуусу 11-класста, ал атасынын туугандары менен жашап жатат. Кенжеси, 5-класстагы кызы Гүлайым Жакыпованын колунда калды.
Быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза тапты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин 47 жаштагы окутуучусу Жибек Урустемова расмий ажырашып жаткан күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Каргашалуу окуя маркумдун туулган күнүндө, апасынын көзүнчө болгон. Шектүү — 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкери, алты жыл мурун пенсияга чыккан Б.Т. аттуу жаран. Ал маркумду травматикалык тапанча менен чыкыйга атып, өмүрүн кыйган. Шектүү окуя болгон үйдөн камакка алынган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келиндин өлүмү боюнча билдирүү жасап, аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы мамлекеттин позициясы принципиалдуу экенин, аялга кол көтөргөн же курал кезеген ар бир адам жазадан кутулбай турганын айткан.
Камчыбек Ташиев аталган окуяны "бүтүндөй өлкө ичиркенүү менен кабыл алганын" белгилеп, "кылмышкерди актоого эч кандай негиз жок" экенин баса белгиледи.
"Кечээ бүтүндөй өлкө үч баланын энеси болгон аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу суук кабарды терең кайгыруу жана ичиркенүү менен кабыл алды. Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары, мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес. Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө — энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул — киши өлтүрүү", - деди Ташиев.
Андан мурдараак Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев келиндин күйөөсү жарашканы келгенин, үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыккан кандуу окуяга ичимдик гана себеп болгонун билдирген.
25-декабрда төртүнчү элдик курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратканын айткан.
"Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук катталган учурлар көбөйүүдө. Муну айтуунун өзү да оор. Бирок бул биздин коом үчүн жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы. Өлкөнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасында аялдар жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы бир жолу айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоого каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек", - деди Садыр Жапаров.
25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев Биринчи радионун эфиринде быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирди.












