Жибектин өлүмү боюнча эки милиция кызматкери кармалды

Сүрөттүн булагы, official
Күйөөсү тарабынан өлтүлгөн 47 жаштагы Жибек Урустемованын иши боюнча милициянын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу 30-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө версиясына ылайык, маркумдун колунда өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч бар экенин ырастаган "Жогорку деңгээл" категориясындагы коргоо ордери болгон. Бирок Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тилкелик инспектору аял бир нече жолу кайрылганына карабастан, эч кандай чара көргөн эмес.
УКМКнын маалыматы боюнча, Урустемова өлтүрүлгөндөн кийин Ж.Н. аттуу тилкелик инспектор өзүнүн шалаакылыгын жашыруу максатында шектүүнүн жашаган жери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөнү тууралуу актыларды мурдагы дата менен түзүп чыккан.
Бул арада Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын А.К. аттуу улук инспектору айыпталуучуга травматикалык тапанчаны сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты мыйзамсыз берип, аны колдонуу мөөнөтүн узартып келгендиги аныкталган.
"Кылмыш жасалган учурда куралды колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен. Улук инспектор тапанчаны айыпталуучудан алып коюу боюнча эч кандай чара көргөн эмес", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Бул боюнча 29-декабрда кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ленин райондук соту аларды тергөө аяктаганга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Атайын кызмат укук коргоо органдарынын бардык жооптуу кызматкерлеринин аракеттери кылдат иликтенип, тиешелүү юридикалык баа берилерин белгилейт.

Сүрөттүн булагы, courtesy
Жибек Урустемованын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөө 26-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүлүп берилген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, иштин чоо-жайын иликтөө башталган.
Кылмыш ишин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен атайын кызматтын борбордук аппараты иликтей турган болгон.
Ички иштер министрлигинин Жибек Урустемованын өлүмү боюнча берген алгачкы маалыматы коомчулукта талаш-тартыш жараткан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев Урустемова менен анын күйөөсү үйгө жакшы эле киришкенин, окуяга ичимдик себеп болгонун айткан. "Социалдык тармактарда бул билдирүү "кылмышкерди актоо" катары кабыл алынып, Бишкек ШИИББдин жетекчисинин дарегине катуу сын-пикирлер айтылган.
ИИМдин маалыматында келиндин коргоо ордери болгондугу, буга чейин да зомбулук көргөнү тууралуу маалыматтар болгон эмес.
2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин 47 жаштагы окутуучусу Жибек Урустемова ажырашып жаткан күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлдү. Каргашалуу окуя маркумдун туулган күнүндө, апасынын көзүнчө болгон. Шектүү — 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкери, алты жыл мурун пенсияга чыккан Б.Т. аттуу жаран. Ал маркумду травматикалык тапанча менен чыкыйга атып, өмүрүн кыйган. Шектүү окуя болгон үйдөн камакка алынган.
Жибек күйөөсү тарабынан көп жылдар бою системалуу түрдө зомбулук көрүп келген. Эки ай мурун катуу токмок жегенден кийин милицияга арыз жазып, коргоо ордерин алган. Окуя болгон күнү сотто ажырашуу маселеси каралып, Жибек күйөөсү менен жарашуудан так кесе баш тарткан. Бирок сот жараяны февраль айына жылдырылган. Шектүү ошол эле күнү аялды үйүнө алып барып, тапанча менен аткан.
Маркумдун сиңдиси окуя болор алдында "102" кызматына бир нече жолу чалып, эжесинин өмүрүнө коркунуч келип жатканын, күйөөсүндө курал бар экенин айтып жардам сураган. Жакындарынын пикиринде, эгер милиция кызматкерлери чакырууга эртерээк келишсе, өлүмдүн алдын алууга мүмкүн болмок деген ойдо. Шаардык милиция чакыруу саат 21:00дө түшүп, ыкчам топ 21:45те барганын билдирген.
Жибек Урустемованын артында үч баласы калды (эң кичүүлөрү 2-3-класстын окуучулары).
Жибек Урустемованын улуу баласы бийликке кайрылып, үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүнү сураган.
Ал Тредс социалдык тармагына апасы өмүр бою жөнөкөй мугалим болуп иштеп, ак эмгеги менен үй-бүлөсүн багып келгенин, ипотекага батир алышканын, анын карызы болжол менен эки миллион сомго жакын экенин, студент үчүн бул чоң каражат болуп эсептелерин жазган.
Мындан соң бийлик Жибек Урустемованын балдарын турак жай менен камсыздоого, учурдагы ипотекалык насыясын төлөп берүүгө жана маркумдун үч баласынын тең окуу акысын каржылоого, мындан тышкары, маркумдун улуу уулун ишке орноштурууга жардам көрсөтүлөрүн кабарлаган.












