Бразилияда БУУнун климаттык саммити башталууда

аял

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    • Author, Жаңылыктар кызматы
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы

Бразилияда БУУнун жыл сайын өтүүчү климаттык конференциясы башталууда. Бул саммит өзгөчө символикалык маалга туш келди. Себеби Париж келишимине кол коюлганына туура 10 жыл болду. Ал документке ылайык, дүйнөдөгү 200гө жакын мамлекет планетанын орточо температурасынын ысышын 1,5°C чегинде кармоого жана эң көп дегенде 2°Cден ашырбоого макулдашкан. Анткени мындай көрсөткүч табигый кырсыктардын күчөшүнө, массалык түрдө жер которууга жана жакырчылыкка алып келиши мүмкүн.

Арадан он жыл өткөн соң окумуштуулар азыркы ыргак менен бул максаттарга жетүү дээрлик мүмкүн эместигин айтышууда. Ал эми БУУнун баш катчысы 1,5°C чектен ашып кетүү эми сөзсүз боло турган көрүнүшкө айланып баратканын билдирүүдө.

Дүйнө лидерлери, окумуштуулар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана экологиялык активисттер климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш боюнча чараларды талкуулоо үчүн Бразилиянын Белен шаарында чогулушууда.

Саммитке дээрлик бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү барары күтүлүүдө. Бирок Кытайдын, Австралиянын, Түркиянын жана Индонезиянын лидерлери иш-чарага катышпайт. АКШ президенти Дональд Трамп да COP30 саммитине барууну же администрациясынан бирөөнү жиберүүнү пландаган эмес. Ошол эле маалда жыйынга Демократиялык партиянын жана АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.

COP30 деген эмне?

COP30 (Conference of the Parties – "Тараптар конференциясы") – бул Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына катышкан мамлекеттердин эл аралык конференциясынын англисче аталышынын кыскартмасы. Бул аталыш 1992-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жыйында кабыл алынган. Конференцияда БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү, эксперттер, бизнес өкүлдөрү жана экологиялык активисттер климаттын өзгөрүшү жана ага каршы күрөшүү жолдорун талкуулашат.

COP30 качан жана кайда өтөт?

Климаттык конференция 2025-жылдын 10–21-ноябрында өтөт. Бирок расмий ачылыштан мурун дүйнө лидерлери 6–7-ноябрда жолугушуп, алдын ала талкууларды өткөрүштү.

Бул ирет климаттык саммит биринчи жолу Бразилияда – Амазонканын куймасында жайгашкан Белен шаарында өтөт. Бул жердин тандалышы тропикалык токойлордун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө өзгөчө маанисин баса белгилейт. Ошентсе да саммитке даярдык айрым талаштарды жаратты: делегациялар турак жайдын тартыштыгына даттанышууда, ал эми жол куруу үчүн токойдун бир бөлүгүн кыюу чечими экологдордун сынына кабылды. Мындан тышкары Бразилия нефть жана газ казып алуу боюнча лицензияларды берүүнү улантып жатат. Бул болсо өлкөнүн климаттык максаттарына карама-каршы келет деген сын-пикирлерди жаратууда.

Британ премьер-министри Кир Стармер, Бразилиянын президенти Лула да Силва жана принц Уильям конференцияга чейинки жолугушууда

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ премьер-министри Кир Стармер, Бразилиянын президенти Лула да Силва жана канзаада Уильям конференцияга чейинки жолугушууда

COP30 саммитине ким катышат, ким катышпайт?

Конференциянын алдында өткөн лидерлердин жыйынына Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен катышты. Улуу Британиянын атынан Уэльс ханзаадасы сөз сүйлөп, өлкөлөрдү "тездик менен жакындап келе жаткан климаттык коркунучтар алдында биригүүгө" чакырды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөдү. Өкмөттүн басма көз кызматы билдиргендей, Байсалов Кыргызстан чектелген ресурстарга карабастан, 1990-жылдан бери парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналарын белгиледи.

Ал эл аралык колдоо болсо, өлкө 2030-жылга чейин зыяндуу газдарды 30% чейин кыскартууга умтулуп жатканын ырастады.

Ошол эле учурда бир катар дүйнө лидерлери саммитке келген жок. Алардын арасында дүйнөдөгү атмосферага уулуу заттарды эң көп чыгарган эки мамлекеттин башчылары – Кытай президенти Си Цзиньпин жана АКШ президенти Дональд Трамп бар.

Ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытайдын да делегациялары 10-ноябрда баштала турган негизги талкууларга катышары күтүлүүдө. Бирок Ак үй жогорку даражалуу өкүлдөрдү жөнөтпөй турганын билдирген.

Бул чечим дүйнөдөгү ири экономикалар дагы бир жолу олуттуу милдеттенмелерди албай, сүйлөшүүлөр натыйжасыз өтүшү мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.

Саммитке саясатчылар менен дипломаттардан тышкары окумуштуулар, экологиялык активисттер жана журналисттер да кошулат. Мурунку саммиттер көмүр, мунай жана газ өнөр жайына тиешеси бар катышуучулардын көптүгү үчүн сынга алынган. Экологдордун айтымында, бул казылып алынуучу отунду колдогон топтордун таасири дагы эле күчтүү экенин көрсөтөт.

COP30 эмне үчүн маанилүү?

Белендеги саммит өтө маанилүү мезгилде өтүүдө. 2015-жылдагы Париж келишими глобалдык жылуулукту 1,5 °C чегинде кармоону максат кылган, бирок азыркы климаттык пландар ал максатка дал келбей жатканы белгилүү.

БУУнун эсебине ылайык, учурда бардык зыяндуу газдардын атмосферага тарашын азайтуу милдеттенмелери аткарылган күндө да, кылымдын аягына чейин температура 2,3–2,5 °C чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул көрсөткүчтөр БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын (UNEP) жаңы баяндамасында камтылган.

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары климаттын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу акыркы он жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча 250 миллион адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгонун маалымдады.

Суу ташкыны, бороон-чапкын, кургакчылык жана ашкере ысык элдин жапырт жер которушуна жана жаңжалдарга себеп болууда. Буларга азык-түлүк жана жерлердин чөлгө айланышы, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана экосистеманын кыйроосу сыяктуу кырсыктар кошулду.

COP30 саммитине катышкан өлкөлөр зыяндуу газдардын атмосферага тарашын азайтуу боюнча жаңыланган стратегияларын сунуштоосу керек болчу, бирок октябрдын аягына карата алардын болгону үчтөн бири гана бул ишти аткарды.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 1,5 °C чектен ашуу эми сөзсүз боло турган нерсе экенин белгилеп, бирок таза энергетикага өтүү ылдамдаса, кылым аягына чейин температураны төмөндөтүү мүмкүн экенин кошумчалады.

ямайка

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Глобалдык жылуулук Ямайка аралын кыйраткан "Мелисса" сыяктуу бороон-чапкындардын көбөйүшүнө алып келет

Климаттык конференциянын негизги темалары

Бразилия саммитинде мурдагы конференцияларда кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруунун жол картасы макулдашылат деген үмүттөр бар. Көмүртек газынын тарашын азайтуу боюнча жаңы пландардан тышкары бир катар башка маселе да талкууланат.

  • Казылып алынуучу отундан баш тартуу

2023-жылы COP28де өлкөлөр биринчи жолу "казылып алынуучу отундан акырындык менен баш тартуу" зарылдыгын моюнга алышкан. Бирок кийинки саммитте бул багытта олуттуу жылыш болгон эмес.

  • Каржылоо

COP29да бай мамлекеттер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 2035-жылга чейин жыл сайын кеминде 300 миллиард доллар бөлүүнү убадалашкан, бирок бул жетишсиз. Бразилия мамлекеттик жана жеке булактар аркылуу бул сумманы 1,3 триллион долларга жеткирүү боюнча "жол картасын" сунуштоодо.

  • Кайра жаралуучу энергия

Дүйнөлүк коомчулук 2030-жылга чейин шамал жана күн энергиясынын кубатын үч эсеге көбөйтүүнү макулдашкан, бирок Эл аралык энергетикалык агенттик азыркы өсүү ылдамдыгы өтө төмөн экенин эскертүүдө.

  • Табият жана токойлор

Бразилия "Тропикалык токойлор түбөлүккө" фондуна демилге көтөрүп, Амазон токойлорун коргоо жана калыбына келтирүү үчүн 125 миллиард доллар тартууну көздөйт. Улуу Британия жеке инвестицияларды колдоого убада берип, бирок мамлекеттен каржы бөлүп берүүнү пландаган жок.

токой

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Амазонка токойлору температуранын жогорулашына каршы маанилүү буфер болуп саналат

Саммиттен олуттуу секирик күтсө болобу?

COP30 саммитинде олуттуу прогресске жетүү кыйын болот, айрыкча АКШ президенти Дональд Трамптын позициясы муну кыйла татаалдаштырат. Ал дүйнөлүк жылуулук боюнча илимий консенсусту четке кагып келет. Сентябрь айында БУУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Трамп климаттын өзгөрүшүн "дүйнөдөгү эң чоң көз боемочулук" деп атап, мунай жана газ казууну көбөйтүүнү, Париж келишиминен чыгууну жана мурунку президенттердин экологиялык демилгелерин токтотууну убада кылган. Бул эл аралык сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырды.

Саясий пикир келишпестиктерге жана прогресстин жай болушуна карабай, COP30 дүйнө өлкөлөрүнө глобалдык милдеттенмелерин ырастоо жана "жашыл энергетикага" өтүү боюнча чыныгы кадамдарды жасоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк бойдон калууда.

БУУнун маалыматы боюнча, температуранын жогорулашын 1,5 °C чегинде кармоо кыйын болуп баратканына карабастан, Париж келишими дээрлик бардык өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды күчөтүүгө түрткү берди.