Эмне үчүн тажик жигиттер экстремизм жолуна түшүүдө?
Григорий Атанесян, Би-Би-Си орус кызматы

Сүрөттүн булагы, Muhammadsobir Fayzov / VK
Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүнүн жанында Махмадшой-Пойон айылында бетон менен салынган үйдү кызыл түстөгү металл дарбаза тосуп турат. Би-Би-Си кабарчысы келгенде дарбаза жабык экен.
Мухаммадсобир ушул жерде туулуп өстү. Ал март айында Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлго» 145 адам өлгөн кол салуу боюнча айыпталып кармалгандардын бири.
Прокурорлор 19 жаштагы Файзов концертке келген элге ок атып, бычак менен кол салып, кийин имаратты өрттөп жиберген топтун ичинде болгон деп жатат.
Жакында Иранда жана Стамбулда болгон чабуулдарда, ошондой эле Европада кыянат иштерди пландаган деген шек менен кармалгандардын арасында тажиктер бар экени белгилүү.

Эксперттер жаш тажик жарандары Москвадагы кол салууга жоопкерчиликти алган «Ислам мамлекети» тобунун Афганистанда жайгашкан канаты «ИМ-Хорасандын» катарына азгырылып жатканын айтууда. Эмнеге мындай болуп атат?
Файзовдун үй-бүлөсү биз келгенде ЖМК менен анча көңүлү жок сүйлөштү. Анын апасын тажик полициясына суракка чакырышкан.
Анын бир тууган байкелеринин биринин айтымында, Файзов беш баланын кенжеси, эки жыл мурда Россияга кетип, Москванын түндүк-чыгышындагы Тейково шаарында чачтарач болуп иштеп жаткан.
Ал динге берилген адам эмес эле дейт. Ал эми чоң энеси небересин футболдун фанаты болгонун айтат.
Файзов динге кызыкчу эмес дегенге мечиттин имамы Саидрахман Хабибов дагы кошулат, бирок кээде анын байкелерине теспе сатууга жардамдашкан учурлары болгонун белгилейт.
Жергиликтүү эл бул үй-бүлөнү жакшы билет: Файзовдун атасы мектепте орус тилинен сабак берип, апасы китепкананы жетектеген.
Мектеп директору Абдулазиз Абдулсамадов болсо Файзов математикага ынтаасын коюп, дарыгер болууну самачу эле дейт.
«Мектепти бүткөндөн кийин эле катуу өзгөрүп кетпесе, анын бул ишти кылганына ишенбей турам», — дейт.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
32 жаштагы Далерджон Мирзоев — күнөө коюлган төрт адамдын бири. Ал аялы жана төрт баласы менен Дүйшөмбүнүн жанындагы башка айылда, Галахондо жашачу. «Ал тоок өлтүрүп көргөн эмес, кумурскага да зыяны жок эле», — дей тапасы Гулракат.
Мирзоев он жылдан бери Россияда алты айдан иштеп келип жаткан, соңку жолу Новосибирскиде такси айдап иштегенин үй-бүлөсү айтып отурду.
Анын байкеси Равшанжонду дагы экстремизмге айыпташкан. Үй-бүлөсү аны 2016-жылы Россияга кеткенден бери уга электигин айтышты.
Тажикстандын бийликтери аны Сириядагы «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп согушка кирип кеткен деп билдирүүдө. Айрым маалыматтарга караганда ал 2020-жылы өлгөн.
Москвадагы теракт боюнча күнөө коюлуп жаткан калган экөө – 30 жаштагы Сайдакрам Раджабализода жана 25 жаштагы Фаридуни Шамсидин, булар дагы Дүйшөмбүнүн четинде жашап келишкен.
Раджабализода маал-маалы менен 18 жашынан бери Россияда курулушта иштеп жүргөн. Байкеси Би-Би-Сиге айткандай, ага иммиграциялык эрежелерди бузгандыгы үчүн өлкөгө киргенге беш жылга тыюу салынган экен. Ал Россияга январда гана кайтып барган.
Шамсидиндин жакын туугандары Би-Би-Си менен сүйлөшкүсү келген жок, бирок айылдагы адамдар аны мурда наабайканада иштегенин айтышты.
Жакын тууганынын айтымында, ал ак жеринен айыпталып, канча бир убакыт түрмөдө отурган дейт. Ал эми жергиликтүү жашоочулар анын жыныстык тийиштик кылганы үчүн отуруп чыккан дешти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул төрт эркек сот алдына барганда, Мирзоев менен Раджабализоданын көздөрү томуйуп көгөрүп, ал эми Шамсидиндин бети шишип кеткен эле.
Файзов майыптар арабасында эс-учун билип билбей араң отурган. Көздөрү жумулуу болчу.
Катаң сурактын видеосу Telegramга жарыяланган. Анын бириндеги кадрларда Раджабализоданын кулагын кесип, оозуна тыгып коюшканын көрүүгө болот, ал эми сүрөттөргө карап Шамсидинди электр тогу менен кыйнаган деп түшүнсө болот.
"Балдары Ирак менен Сириядагы жихадчыларга кошулуп кеткен тажик үй-бүлөлөрү: "ал жакшы бала болчу, динге берилген эмес, жаман иштен алыс жүрчү" деп көп айтышат,- дейт Техас университетинин Борбор Азия боюнча адиси доктор Эдвард Лемон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын пикиринде, экономикалык, саясий жана тарыхый факторлор чогулуп келип жаш тажиктердин экстремизм жолуна түшүүгө түртүүдө.
Жакында бир сүйлөгөн сөзүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон социалдык тармактагы «экстремисттик пропаганда» «ИМ» жана башка куралдуу топторго кошулган жаштардын көбөйүшүнө алып келип жатканын билдирди.
Чет өлкөдөгү куралдуу конфликттерге катышып миңден ашык тажик жараны өлдү, дагы миңдейи дайын дареги жок кетти деген ал.
2014-жылы «Ислам мамлекети» Сирия менен Иракта чоң аймакты ээлеп алып, массалык киши өлтүрүү, уурдоо жана баш алуу сыяктуу ырайымсыз иштери менен дүң болду.
2019-жылы «Ислам мамлекети-Корасан» азгырык жол менен жаштарды тарта баштаган. Анын аталышы — «ИМ-Хорасан» — азыркы Афганистан, Иран жана Борбор Азиянын аймагын камтыган байыркы региондун атын билдирет.

Тажиктерди бул жолго түрткөн факторлордун бири исламдын катаң эрежелери болушу мүмкүн, ал Тажикстанда расмий дин болуп саналат жана тажиктердин басымдуу көпчүлүгү мусулмандар.
1992-жылы СССР таркагандан кийин өлкөдө жарандык согуш дүрт этип, Ислам кайра жаралуу партиясы башында турган оппозиция менен Рахмон баштаган өкмөттүн ортосунда кандуу кармаш жүрдү.
1997-жылы тынчтык келишимине кол коюлуп, Рахмон президент болуп калды. Бирок Ислам кайра жаралуу партиясы көп кысымга алынып, маргиналдашып кетти. 2015-жылы өкмөт аны террордук уюм деп жарыялады.
Бүгүнкү күндө исламдын саясий формаларынын баарына тыюу салынган. Мамлекеттик мечиттердин имамдары мамлекеттен эмгек акы алышат, жума күнкү намаздардын темасын өкмөт көзөмөлдөп турат.
Хиджаб расмий түрдө мыйзамсыз деп жарыяланган, андан мурда узун сакалга да тыюу салынган.

Сүрөттүн булагы, ©Tajik President’s Press Service
Ислам Тажикстанда катуу көзөмөлгө алынат, бирок президент Эмомали Рахмон Мекеге төрт жолу барып зыярат кылып келди.
Өкмөт исламга маданий альтернатива түзүүгө умтулуп, 2006-жылды «Арий цивилизациясынын жылы» деп жарыялады. Анда көчөлөр тажиктердин мусулмандарга чейинки ата-бабаларынын сүрөттөрү менен кооздолду. Президент өзү болсо фамилиясын орусчалашкан «Рахмоновдон» тажикче кыскараак Рахмонго өзгөрттү.
2015-жылы эле доктор Лемон өзүнүн макаласында динге каршы өкмөттүк репрессиялар көп жарандарды радикалдуу топтордун кучагына түртүп жатат деген бүтүмгө келген.
Анын айтымында, тажик исламчыл согушкерлердин профилин изилдегенде, маргиналдашуу, караңгылык, обочолонуунун жуурутмасы аларды Сирия менен Иракка айдап жатканын көрсөткөн.
Азыркы учурда көптөгөн жаш тажиктер мамлекет көзөмөлдөгөн ислам менен арийлердин тарыхына караганда, социалдык тармактан өзүнчө саясатташкан, радикалдуу ойлорго көбүрөөк кызыгууда.
Тажикистанда миллиондогон окурмандары бар исламчыл блоггерлер абдан курч маселерди, анын ичинде Газа тилкесиндеги окуяларды жана Хамастын согушун кызуу талкуулашат.
Алардын ичинен эң радикалдашкандары президент Рахмонду «ыйык диндин душманы» деп аташууда.

Сүрөттүн булагы, EPA
Жакырчылык дагы ушул аралашманын бир бөлүгү. «Крокус Сити Холл» боюнча кармалгандардын үй-бүлөсү алар жиберген акчанын көзүн карап оокат кылып жаткандар.
Тажикстан Борбор Азиядагы эң жакыр өлкө, жүз миңдеген тажиктер жумуш издеп Россияга кетүүдө - көп учурда мыйзамдуу эмес иштерге тартылып, оор шарттарга, кастык маанайга, эскичил адаттарга кабылгандар андан көп.
Мындай оор жүк жаштардын мойнуна түшүүдө, көп жумушчу-мигранттар дин жолуна түшүүдө, дейт доктор Лемон.
Мындай учурда алар экстремисттик тузакка оңой илинишет.
Мартта «ИМ» Telegram каналда «Хорасан үнү» пропагандисттик журналынын тажик версиясын жарыялады.
«Сиз шахид болгонго даярсызбы?» — деген кайрылуу бар анда.
Журнал президент Рахмонду «шайтан» деп атап, аны «кудайды тааныбаган режимди» орнотуп, «исламга чыккынчылык» кылганы үчүн сынга алды.
Иллюстрациянын бирөөндө Рахмон Россиянын тактекеси катары көрсөтүлөт, аны Афганистандагы, Чеченстандагы жана Сириядагы согушта бейкүнөө мусулмандардын төгүлгөн каны үчүн айыптайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Доктор Лемон жана анын кесиптештери Тажикстандагы «Ислам мамлекети» тобунун катарын толуктаган жаңы адамдардын базасын түзүп келатат.
Алардын көбү - Россиядан тузакка илинип, чет элдик базаларга жиберилген жумушчу мигранттар. Ырас, алардын арасында орто класстагы эркектер, студенттер-дарыгерлер жана мамлекеттик чиновниктер да бар.
Алар көбүнчө Афганистанга түшүүдө, Россия баштаган регионалдык коопсуздук тобу, ЖККУ бул жакта түндүктө чек арага жакын жерде экстремисттердин машыгуу лагери бар экенин айтып келатат. (МА)













